Бишкекке жаңы 20 автобус келди. Жакында дагы 100 автобус келери күтүлүүдө…

Бишкекке жаңы 20 автобус келди. Жакында дагы 100 автобус келери күтүлүүдө…

Бишкек шаарында жаңы 20 автобус келди, бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы 11-январда маалымдады.

Алардын маалыматына караганда, президент Садыр Жапаровдун буйругу менен автобустарды сатып алууга шаардык бюджеттен 2022-жылы 1 миллиард сом бөлүнгөн. Жакында дагы 100 автобус келери күтүлүүдө. Автобустардын узундугу 10,5 метр, газ кыймылдаткычы менен иштейт, 75 адамды ташууга ылайыкташкан.

Шаардагы мектептерде расмий эсеп боюнча 137 424төн ашык окуучу бар. Алардын көбү жашаган жерлерден алыс жайгашкан мектептерге барат жана дайыма тыгында жүрүүгө аргасыз.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.