Майлуу-Сууда бала бакчалар жабылып, мектептер онлайн окууга өттү

Майлуу-Сууда бала бакчалар жабылып, мектептер онлайн окууга өттү

Майлуу-Сууда 12-январдагы катуу сууктан суу түтүктөрү тоңуп, жылуулук берүү жана суу менен камсыз кылуу үзгүлтүккө учурап, шаар тургундарына суу атайын техника менен ташылып берилүүдө.

Кыш маалындагы зарыл жылуулук жана таза суу менен камсыздоо үзгүлтүккө учураганынан улам шаардагы мектептер онлайн окууга өтүп, бала бакчалар убактылуу жабылганын Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы 16-январда билдирди.

Эми мындай чечим шаардагы жылуулук жана таза суу менен камсыз кылуу иштери аяктаганга чейин күчүндө болот. Шаар бийлиги болсо, отказандардын бири 14-январдан тарта иштеп баштаганын, маал-маалы менен жылуулук  бериле баштаганын кабарлады. Ал эми таза суу элге азырынча автоунаалар менен ташылып, таратылып жатат.

Айтмакчы, Майлуу-Суу шаарында жети мектеп бар, аларда 4512 бала окуйт. Ал эми жети бала бакчада 878 бала тарбияланат…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.