Заман күрө тамырын таамай кармай билген көрөгөч, тажрыйбалуу педагог — Тамара Абылкасымова

Заман күрө тамырын таамай кармай билген көрөгөч, тажрыйбалуу педагог — Тамара Абылкасымова

КЫЗДАРЫ КЫМБАТ КЫРГЫЗДЫН

Кыргыз элинин көрөңгөлүү тарыхында үй-бүлөнүн очогун өчүрбөй, улуттун учугун улап, улуу көчтү алдыга сүрөгөн, акылдуу, ажарлуу, нарк-насилди сактап, акыл-парасаты менен калың журттун урмат-сыйына татыган көптөгөн асыл айымдарыбыз болгон. Кудайдын кулагы сүйүнсүн, учурда да дал ошон асыл энелерибиздин жолун улаган мыкты айымдардан уучубуз куру эмес. Коомубуздун бардык тармактарында мезгил менен жарышып, мамлекетибиздин, маданиятыбыздын, илим-билимдин өсүп-өнүгүшү үчүн каруусун казык, канын азык кылып келе жаткан кыйын кыздарыбыздын саны арбын. Мына ушундай асыл айымдардын бири – Абылкасымова Тамара.

Тамара Абылкасымова Нарын облусунда 1973-жылы жарык дүйнөгө келген. Ал мектепти аяктагандан кийин, И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университетке тапшырып, аталган окуу жайын артыкчылык диплому менен аяктаган. Андан соң илим жолуна аттануу максатта И.Арабаев атындагы КМПУнун аспиранурасында (1994-1998) билим алууну уланткан. Мындан тышкары аталган университеттин «Билим берүүнүн менеджменти» (2004-2006), Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясында «Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу» (2019-2021), Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин К.Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академиясында «Юриспруденция»  (2019-2021)  багыттары боюнча  магистрдик программаларды ийгликтүү аяктады.

Ал эми эмгек жолун И.Арабаев атындагы КМПИнин Кыргыз тили кафедрасынын лаборанты (1994-1995) катары баштап, кийин аталган университетте окутуучу (1995-2003-жж.), И.Арабаев атындагы КМПУнун Квалификацияны жогорулатуу жана кадрларды  кайра даярдоо институтунун ага окутуучусу (2003-2007), Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин  окутуучусу (2007-2012), Кыргыз билим берүү академиясынын Мамлекеттик тил жана лингводидактика лабораториясынын ага лаборанты (2012-2013), КР ИИМдин Э.Алиев атындагы Академиясында котормочу, окутуучу (2012- 2013) болуп эмгектенди. Мындан тышкары, ал 2011-жылдан тартып Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу  Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын алдындагы Окуу-маалымат борборунун окутуучусу, 2014-жылдан бери аталган борбордо методист, ошол эле учурда 2016-жылдын тартып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратында КР Премьер-министрин камсыздоо тобунун эксперти, бөлүм башчысы болуп иштеп, учурда эмгек жолун Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын катчылыгынын спичрайтери катары улантууда.

Башкасын айтпаганда да, Абылкасымова Тамаранын кыргыз тилинин чет элдиктерге үйрөтүү, жана мамлекеттик кызматкерлерге расмий тил катары окутуу жаатындагы зор эмгеги баса белгилөөгө арзыйт. Жигердүү агартуучунун элүүдөн ашык эмгектеринин жыйырмадан ашыгы кыргыз тилин окутууга арналган эмгектер.

Айрыкча Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер үчүн жазган эмгектери күнүбүзгө чейин кыргыз тилин мамлекеттик тил катары окутуу жаатында эл аралык тил үйрөтүү стандарттарына ылайык жазылган бирден-бир алгылыктуу окуу куралы деп айтууга болот. Аталган эмгек тилди деӊгээлдерге бөлүп окутуу принциптерине таянуу менен иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүүдө колдонулуучу тексттер, калыптар, аларга карата көнүгүүлөр коммуникативдик методдун талаптарына ылайык, жогорку чеберчилик менен түзүлгөндүгүн айтууга болот.

Замандын агымы менен тең жарышып, жаңылыктарга дайыма ачык, тил үйрөтүүдөгү алдыңкы усул-ыкмаларды дароо өздөштүргөн Тамара Абылкасымова – ошол эле учурда бир үй-бүлөнүн коломтосун өчүрбөгөн асыл жар, мээримдүү эне. Ата көргөн – ок жонот, эне көргөн – тон бычат демекчи, апасынын татыктуу тарбиясын алган төл башы Сейил Карыбекова – учурда таланттуу журналист, уулу Эмир – Россиянын  аскердик жогорку окуу жайынын келишкен курсанты. Ал эми көкүрөк күчүгү Эмир – «жандуу энциклопедия». 6 жашка чыга элегинде жаратылыш кубулуштары, тарыхый окуялар, табият жөнүндө чоңдор билбеген маалыматтарды жатка билген, 10 жашында Булгаковду окуп, чоӊдор менен теӊ ата болуп жиликтеп, талкуулаган баланы кантип гений дебейсиң. Мына ушундай балдарды Тамара Абылкасымовадай билимдүү, эмгекчил, чечкиндүү, заманбап технологиялардын көзүн таап, замандын күрө тамырын таамай кармап билген көрөгөч, тажрыйбалуу педагог эне гана тарбиялайт.

Тамара эжебиз бүгүн элүү жаштын босогосунда, өрнөктүү өмүрүндө топтогон билим-тажрыйбасы толуп-ташып турган убагы.

Атына заты жарашкан эжебиздин кутман курагын куттуктап, ден-соолук, үй-бүлөсүнө бакыт, иштерине зор ийгиликтерди каалайбыз.

Мындан ары дагы мамлекеттик кызматта күлүгүңүз чаалыкпай, калк арасында кадырыңыз кемибей, кыргыз тилинин өнүгүшү үчүн жасап жаткан иш-аракеттериңизде байрагыңыз көк тиреп көкөлөй берсин, Тамара эже!     

Рахат АСКАРОВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.