ВИДЕО — Жаналы НУРМАНБЕТОВ: «Эскерүү макалам Маликтин арбагына койгон гүлдестем болсун!»

ВИДЕО — Жаналы НУРМАНБЕТОВ: «Эскерүү макалам Маликтин арбагына койгон гүлдестем болсун!»

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, алтын үндүү ырчы Малик Аликеев бүгүн, 17-январда көз жумду. «Жакында операция болом, басам, таякты таштайм» деген жакшы тилектерине жетпей калды, аттиң, арман… Кайрадан социалдык түйүн жоктоого толду…

«Мөлмөлүмдү» Маликтей эч ким аткара элек» деп жазды акын, журналист, котормочу Жыргалбек Касаболот агабыз. Ак сөз! Малик агабыздын «Мөлмөлүмдү» алгачкы жолу ырдап чыкканы тууралуу тарыхты Жаналы Нурманбетов агабыз жазып чыкты. Ал «Фейсбуктагы» баракчасына төмөндөгүдөй пост калтырды:

МАЛИК БИРИНЧИ ЖОЛУ ЭЛ АРАЛАП ЧОҢ ПУБЛИКАГА КАЧАН ЧЫККАН?
… Маликти жакында эле – Токтосун Тыныбековдун 95 жылдыгына арналган чоң айтышта көрдүм эле. Жыйынтыктоо бөлүмүндө сахнада катарлаш да туруп калганбыз.
Жамы журтка «Мөлмөлүм» менен таанылып, Барпы менен Токтосундун арбагын бийик көтөрүп жүргөн Малигибиз да оо дүйнө сапар алыптыр…
Малик жөнүндө мурдараак жазган бир постумду окуган экен. «Көпчүлүк алдында биринчи ырдап чыккандагы сүрөтүм сизде барбы? Болбосо эл-журттан сураштырып көрбөйсүзбү»,- деп өтүнгөн эле. Сураштырсам, тилекке каршы, андагы сүрөттөр эч кимден табылган жок…
Кудайым Маликке бейишинен берсин… Ошол эскерүү макалам Маликтин арбагына койгон гүлдестем болсун…
——————
«Мөлмөлүм» менен эле элге дүң болуп, кайда барсаң да: «Малик деген ырчы бала чыгыптыр» деген сөздөр жайылып жатканда, 1987- жыл бекен, ошол ырдын обонун жараткан акын, төкмө, обончу, темир ооз комузчу Токтосун Тыныбековдун ысмын өзү туулуп-өскөн айылы Тегенедеги мектепке ыйгаруу салтанаты болуп, ага Фрунзеден атактуу төкмөлөр, акын- жазуучулар, филармониянын артисттери да чакырылган. Ардактуу конокторду Ош аэропортунан тосуп алгандардын арасында мен да бармын. Төлөгөн Касымбеков, Эстебес Турсуналиев, Тууганбай Абдиев менин машинама отурушту. Эстебести ээрчип бир бала жүргөн, ал Малик Аликеев экен!.
… Ошентип, Тегенеде, мектептин желкесиндеги колотто ачык асман алдында чоң салтанат башталды. Эл деген котолойт, жөөсү жөө, ат-эшекчендери толо, Тегененин жонуна машина батпай кетти!.
Төкмөлөр оо бир топко чейин Токтосунду эскерип төгүп турушту. Артисттер кезектеше чыгышып, концерт аяктап баратканда алып баруучу: «Малик Аликеев!» деп жарыя кылганда эл бир толкуп алып удургуп, тээ чет жактарда атты шалкы минип тургандар да бери темине жакындашып тыгыздалып турушту.
Малик кызарып-татарып, сүрдөп жатып ортого араң чыкты. Сүрөөн токтогончо бирде өзүн жоготуп, бирде эсине келип, тамагы буулуп туруп анан ырдай баштады.
… «Бөдөнө тумшук мамагың» деген жерин жутуп ырдады. Эл ого бетер дүркүрөтө кол чаап жатышты. Эстебес жанында отурган Төлөгөн Касымбековго кайрылып: «Чоң жыйындын алдына биринчи чыгышы» деп айтып жатты…
Эл дүркүрөтө кол чаап, овациясы көпкө чейин токтобой, Тегененин желаргысы менен толкун-толкун болуп кайларга чейин жаңырып турду…
Ал күнү Тегенеде бөлгөн үйлөрдө түнөп калдык. Эстебес, Төкөлөр башка үйдө, Тууганбай, Уркаш жана башкалар болуп биз башка бир үйдө, калгандарын да үй-үйлөргө конокко бөлүп кетишти.
Жаналы НУРМАНБЕТОВ

Токтосун Тыныбеков атындагы төш белгини досу тапшырган..

2022-жылдын 9-ноябрында Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти, төкмө акын, обончу, комузчу, кыл кыякчы Токтосун Тыныбековдун 95 жылдыгына карата арналган «Айтыш» болуп өткөн. Андагы айтышта атактуу акын Барпы Алыкуловдун «Мөлмөлүм» (обону Токтосун Тыныбековдуку) аттуу ырын Малик Аликеев агабыз ырдаган. ВИДЕО
«Айтыштын» аягында Токтосун Тыныбеков атындагы төш белги менен сыйланган. Сыйлыкты кан досу, Кыргыз эл акыны Амантай Кутманалиев тапшырган.
Кенедейинен достошкон досунан айрылган Амантай агабыз «Фейсбуктагы» баракчасына армандуу бир куплет ыр калтырды:
Ажалга даба жок деймин,
Айрылдыкпы дос деймин.
Кырк жылга жакын бир жүргөн
Кыйбаска кантип «кош» деймин?!.

Малик Аликеевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты 19-январда Талас районундагы Көпүрө-Базар айылында болот.

«Алакан» сайтынын эмгек жамааты Малик Аликеевдин дүйнөдөн өткөнүнө байланыштуу Калемкаш апага, үй-бүлөсүнө, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.