ВИДЕО — Мира МУРАТАЛИЕВА: «Кан жутуп турган бизге сот чечими катуу сокку болду. Айдоочунун жоопко тартылышын талап кылабыз!»

ВИДЕО — Мира МУРАТАЛИЕВА: «Кан жутуп турган бизге сот чечими катуу сокку болду. Айдоочунун жоопко тартылышын талап кылабыз!»
Бүгүн, 18-январда, Жогорку Соттун басма сөз борборунда Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун судьялары Айзада Исаева жана Лейла Байдаева журналисттерге ИИМ Академиясынын 24 жаштагы студенти Айза Улан кызын учура сүзүп, качып кеткен айдоочуну үй камагына чыгарган баш коргоо чарасы боюнча түшүндүрмө беришти. https://www.youtube.com/watch?v=0FCVu5fi_K0
Айзада Исаеванын айтымында, шектүүнү үй камагына чыгаруу баш коргоо чарасы жактоочу тарап сотко анын 5-даражадагы бөйрөк оорусу, өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги менен ооруганын көрсөткөн медициналык документтерди бергендигине байланыштуу тандалган. Себеп дегенде, андагы оорулар шектүүнү же айыпталуучуну камакта кармоого жол берилбей турган, өкмөттүн 2018-жылдын 20-июнундагы токтому менен бекитилген оор илдеттердин тизмесинде экен…
Бул жыйынга маркум кыздын жакындары да катышып, «Айыпталуучу жоопко тартылабы?» деген суроону узатышты эле, судья баш коргоо чарасы адамдын күнөөлүү же күнөөсүз экенине каралбай тандала тургандыгын, бөгөт чарасы тергөө маалында гана колдонулган чара экенин, сот өкүмү менен шектүү күнөөлүү деп табылса, ал адам ден соолугуна карабастан сөзсүз  жоопкерчиликке тартыларын айтты.
Бирок маркумдун жакындарынын жактоочусу Аскат Жакупбеков шектүү көрсөткөн медициналык документтер текшериле тургандыгын билдирди… Анткени ал жерде да такталышы зарыл түшүнүксүз жагдайлар толтура экен…

Мира МУРАТАЛИЕВА: «Айза милиция формасын аябай жакшы көрчү…»

Маркум Айза Улан кызынын эжеси Мира Мураталиева менен судьялардын бүгүнкү жыйынынан улам суроо салып азыноолак маек курдук.

— Мира айым, судья Айзада Исаеванын шектүүнү үй камагына эмнеге чыгарганы боюнча түшүндүрмөсү сиздерди канаттандырдыбы?

—  Жок, канааттандырган жок. Биринчиден, судья Айзада Исаева башынан эле туура эмес чечим чыгарган. Ал чечим кан жутуп отурган бизге катуу сокку болду. Жоготуу канчалык оор болуп турганын сөз менен айтып жеткире албайм… Алпештеп баккан алмончоктой кызын жоготуп Айзанын ата-энеси — байкем менен жеңем күйүткө уугуп отурушат. Ишенип-ишене албай, бир сооронуп, кайра ыйлап, сыздап отурганыбызда, изделип араң табылган шектүү кармалды деп туруп, тез эле үй камагына чыкканы таш менен башка чапкандай оор тийди… Биздин Айзабыз 24 гана жашта болчу 9-январда каргашалуу жол кырсыгынан көз жумуп, 11-январда Кочкор районундагы туулуп-өскөн жери Кызыл-Дөбө айылына жерге берилди… Бир заматта муздак жер алдында калды, алтыным…

Шектүү Нурбек Урсеитов болсо, мурдагы МАИ кызматкери экен. Башка башка, ал Айзаны учура сүзүп, анан из жашырып качып кетпей, дароо токтоп эң биринчи жардамды көрсөтүшү керек эле да. Балким, жардам тез көрсөтүлгөндө биздин кыз аман калмак?.. Кийинки унаа айдоочусу тебелеп кетмек эмес?!.. Ушуларды эле карай келгенде, шектүү Нурбек Урсеитов абдан чоң кылмыш кылганын судья неге эске алган жок дейм да… Анан да Урсеитовдун араң 3-4 күндөн кийин кармалганы күмөн жаратат…

— Күмөн?..  

— Ооба, чоң күмөн… «Ошол күнү Нурбек Урсеитов мас абалда болгонбу? Ичкени билинбей калсын деп 3-4 күн  тазаланып жүргөнбү?» деген ой жеп жатат бизди. Анткени Айзам туш келген жерден чуркап өтүп эмес, жөө адамдар өтчү кадимки зебрадан эки жагын карап, аярлап өтүп бараткан экен да… Анын жанын алган айдоочу болсо, тимеле катуу айдап өткөнү видеодо деле көрүнүп жатпайбы…

Айзам өтө сак жүргөн кыз эле, дегеле бир-бир жол эрежесин бузган эмес. Тескерисинче, “Жолду карап, шашпай өтүп жүрүңүздөр, абайлаңыздар!” деп бизге дайым эскертчү…

Ошол күнү, 9-январда, Айза кышкы эс алуудан кийин сабакка кеткен эле да… Анан эле жүрөк үшүткөн жаман кабар келип жатпайбы…

Кантейин, Айзам формасын аябай жакшы көрчү. “Качан каникул бүтөт? Формамды кийгим келип жатат” деп сабакка барганга абдан шашты эле да, алтыным десе… Ай-ай, кантем, жаркылдаган бир башкача жароокер кыз эле да…

— Коюп кеткен адам алдыңыздарга барып кечирим сурадыбы?

— Жок, биз ал кишини көргөн жокпуз. Кызыл-Дөбөгө туугандары барганда байкем менен жеңем: “Эмнеге качып кетет?! Биринчи жардамды бергенде кызыбыз тирүү калат беле? Мыйзам чегинде жооп берсин! Соттон акыйкатты талап кылабыз!” дешкен. Биз дагы, кан жутуп турган бир туугандары, ошондой чечимдебиз — айыпталуучунун мыйзам чегинде жооп беришин талап кылабыз!

Айзам деп айтып жатасыз, жакын болгон окшойт сизге?

— Мен Айзанын атасынын бир тууган карындашымын. Айза мага жакын болчу. Боорукер, кайрымдуу, жароокер кыз эле да. Кичинесинен элге, туугандарга жугумдуу, жагымдуу, жардамын аябаган камкор кыз эле… Ыктыярчы болуп да канчалаган иш-чараларга катышты дейсиң. Кочкор районундагы Кызыл-Дөбө айылында туулуп-өсүп, мектепти ошол жактан аяктап, бул жакка шаарга келип, Эл аралык Ала-Тоо университетинен билим алды. Кийин Америкада, Италияда окуду. Англис тилин мыкты билчү, таза сүйлөчү. Анан Мекенин өтө сүйчү. Кыргызстанга кайтып келип, Ички иштер министрлигинин Академиясынын Квалификацияны жогорулатуу борборунда үч айлык атайын баштапкы даярдоо курсунда окуп жаткан эле. Келечекте тергөөчү болсом деп кыялданчу. Аттиң, ал кыялына жетпей, жол кырсыгынан ажал таап отурбайбы. Америка, Италия, Кыргызстанда окуган группалаштары, курсташтары, достору кайгырып, бизге көңүл айтып, жазып жатышат… Элден айланса болот, шектүүнүн үй камагына чыгышы боюнча социалдык тармактарда нааразылыктарын жазып, акыйкатты талап кылып жазышты, дале жазып жатышат… Биз да ошол эле  нерсени — шектүүнүн мыйзам чегинде жоопко тартылышын талап кылабыз!

— Кайрат кылыңыздар. Биз да сот адилеттиги үстөмдүк кылышын тилеп, маалыматтык колдоо көрсөтүп жардам кылабыз… 

Эске сала кетсек, Айза Улан кызынын өмүрүн алган каргашалуу окуя 9-январда таңкы саат 07:10 чамасында Жибек-Жолу жана Республика көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Таң эрте сабакка бараткан кызды учура сүзүп, башка унаанын тебелеп кетишине түздөн-түз себепчи “Тойота” үлгүсүндөгү автоунаны башкарган адам ИИМдин 48 жаштагы мурдагы кызматкери болгон…
Маркумдун жакындары шектүүнү тергөө абагына камоого ушундай жетиштүү жагдайлар турса да, сот адилеттигин көз жаздымда калтырган соттун өз билемдигине, соттук башаламандыкка кайталап жол бербөө үчүн бул ишти жеке көзөмөлүнө алуу өтүнүчү менен президент Садыр Жапаровго да кайрылышты… Ал эми Жогорку Кеңештин 18-январдагы жыйынында ЖК депутаты Жаныбек Абиров да бул окуя тууралуу кеп козгоп, Свердлов райондук сотунун чечими туура эместигин айтып, Жогорку Кеңеш төрагасына жана президенттин парламенттеги өкүлүнө маселени жөн калтырбай, реакция кылууга чакырды…
«Алакан» сайтынын эмгек жамааты Айза Улан кызынын каргашалуу жол кырсыгынан каза болгонуна байланыштуу ата-энесине, бир туугандарына, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза-кайгысын тең бөлүшөт…

One thought on “ВИДЕО — Мира МУРАТАЛИЕВА: «Кан жутуп турган бизге сот чечими катуу сокку болду. Айдоочунун жоопко тартылышын талап кылабыз!»

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.