ВИДЕО — Устаты экөөнүн архивдеги айтышы… Коштошууга кимдер барган?..

ВИДЕО — Устаты экөөнүн архивдеги айтышы… Коштошууга кимдер барган?..

Эсен болуп, эстей жүр!

Бүгүн, 19-январда Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Малик Аликеев акыркы сапарга узатылды. Сөөгү туулуп-өскөн жери Талас районундагы Көпүрө-Базар айылына коюлду. 

«Жок дегенге Эстекемдин жашына жетсе болмок…»

Малик Аликеев агабыз кайсы жерге барбасын, кайсы жерде ырдабасын устаты, айтылуу төкмө акын Эстебес Турсуналиевди оозунан түшүрчү эмес. Коштошууга устатынын жубайы Райгүл Деркембаева да барыптыр. Эжебиз агабыздын жаш кеткенине кабыргасы кайышып, көзүнө жаш ала эскерип, бир куплет ыр менен аяктаптыр: «Өстү эле чынар көрктөнүп/, Өзгөчө күнгө кез келип/, Өмүрүн кеткен соолтуп/, Ажалды турам жек көрүп..

АРХИВ: Устаты экөөнүн айтышы…

Максат Кутманбеков былтыр тарткан тасмасынын башына устаты Эстебес Турсуналиев экөөнүн архивдеги айтышын кошуп, аягында жоктоо ырын бериптир. Жүрөк сыздайт…

«Элесиң калды, ырларын калды өмүрүң бүтсө Эстеке» деп өзүңүз ырдагандай, артыңызда ырларыңыз, алтын үнүнүз, жаркылдаган жүзүңүз элдин эсинде калды. Сиз тууралуу жазчу нерсе алдыда..

Элге жактыңыз, эми жерге жагыңыз! Жаткан жериңиз жайлуу болсун!

«Алакан» сайтынын эмгек жамааты Малик Аликеевдин дүйнөдөн өткөнүнө байланыштуу Калемкаш апага, үй-бүлөсүнө, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза-кайгысын тең бөлүшөт…

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.