Некролог — Малик Аликеев

Некролог — Малик Аликеев
Кыргыз маданияты орду толгус жоготууга учурады. 2023-жылдын 17-январында 53 жаш курагында узакка созулган оорудан улам Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, төкмө акын жана комузчу Малик Аликеев дүйнөдөн кайтты.
Малик Аликеев Талас облусунун Талас районуна караштуу Көпүрө-Базар айылында 1969-жылы 6-июлда жарык дүйнөгө келген.
Бала кезден комуз чертип, “Курманбек”, “Жаныш-Байыш” кенже эпосторун айтып, К. Алмазбековдун “Он үч жашар баланын арманы” ырын ырдап мектепке, айылга таанылган.
1985-жылдары ССРдин эл артисти, төкмө акын Эстебес Турсуналиев Талас шаарына гастролдоп барып, жаш таланттын өнөрүн өзгөчө баалап, Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияга ээрчитип келген. Эки жылдык студияга тапшыртып, ошол эле учурда “Эл ырчысы Эстебес” тобунда эмгек жолунун башталышына себепкер болгон. Малик Аликеев аталган топто 16 жашынан баштап ишке киришип, отуз жылдан ашык эмгектенген.
Анын аткаруусундагы “Мөлмөлүм”, “Арзыкан”, “Таласым”, “Сардал кыз”, “Жалжалым” аттуу ырлары элдин жүрөгүндө түнөк тапкан.
Өзгөчө Токтосун Тыныбековдун обонуна жазылган Барпы Алыкуловдун “Мөлмөлүм” аттуу ыры Малик Аликеевдин жылдызын жандырган. Аталган ырды алгач ал 1986-жылы 17 жашында эл алдына ырдап чыккан. Ошол күндөн ушул күнгө чейин Аликеевди эл сахнадан “Мөлмөлүмсүз” коё берген эмес.
Өмүрүнүн 40 жылга чукул убактысын ыр дүйнөсүнө арнап, ортодо ден соолугуна байланыштуу тыныгуу алган эле. Андан соң кайрадан чыгармачылыкка кайтып келип, Кыргыз улуттук “Манас” театрында эмгектенип жаткан.
Кыргыз элинин булбулу Малик Аликеевдин адамдык парасаты жана чыгармачылыгы кыргыз элинин эсинде түбөлүккө сакталат.
Маркумдун бир туугандарына, жакындарына жана үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз.
С.Н. Жапаров, Н.Т. Шакиев, А.У. Жапаров, З.К. Базарбеков, С.С. Касмамбетов, Э.Ж. Байсалов, А.Дж. Джунушалиев, С.А. Раев, А.А. Максутов, У.Э. Мамбетакунов, Т.Т. Казаков, К.О. Иманалиев, А. Биймырза уулу, М.А. Бегалиев, Г. Садыбакасова ж.б.

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.