ВИДЕО — Жеңишбек ЖУМАКАДЫР: «Болотту эми чыгаргын бийлик…»

ВИДЕО — Жеңишбек ЖУМАКАДЫР: «Болотту эми чыгаргын бийлик…»
Бүгүн, 24-январда Москва райондук сотунда, саат 15:30та төкмө акын Болот Назаровдун иши каралат. Бул тууралуу
Temirov Live командасынын журналисти Актилек Капаров «Фейсбуктагы» баракчасына жазды. Анын айтымында, прокурор тоноочулукка шектелип жаткан төкмө акынды 10 жылга кесүүнү сураган. 
Мындай маалыматты уккан төкмө акындар тынчсызданып бийликке кайрылышууда…
Болотту эми чыгаргын бийлик…
Тизгинди колго алдыңар билдик,
Тизмелеп камап салдыңар билдик.
Акыйкат айтып койгону үчүн,
Акынды мынча чандыңар бийлик.
Эмгекти күтсөк, эрмектеп баарын,
Эмне эле болуп калдыңар бийлик.
Өчсө да жарык макулбуз бийлик,
Өчпөгөн бирок атуулбуз бийлик.
Өңгөнү билбейм, эзелтен бери,
Өнөрсүз жарды жакырбыз бийлик.
Өткөнгө өчтү өчүргөн жакшы,
Өтүнүп айтып жатырбыз бийлик.
Убада берип сый алдың бийлик,
Убара тартып сыналдың бийлик.
Уурулар канча миллион жеген,
Уурудай көбүн чыгардың бийлик.
Болгондур ката,жаш болбос ким бар,
Болотту эми чыгаргын бийлик.
Кечирим сооп тандагын бийлик,
Кеч болгон жолго барбагын бийлик.
Караган Күн да тез эле батат,
Кара так болуп калбагын бийлик.
Түштөгү күлкү өңдө ый дешет,
Түшүнөрсүңөр ар жагын бийлик!
Сый күткөн жерден уу алдым бийлик,
Уу күткөн жерден сый алдым бийлик.
Бир ишиңерге кубандым бийлик,
Бир ишиңерден уялдым бийлик.
Бололу бирге сурандым бийлик,
Болотту эми чыгаргын бийлик…
Жеңишбек ЖУМАКАДЫР, Кыргыз Эл акыны

Эске сала кетсек…

Чүй облустук ички иштер башкармалыгы Болот Назаровду былтыр, 9-ноябрда “Беловодское айылынын тургунунун айгырын күч менен тартып алган” деген айып менен кармап, Бишкектеги тергөө абагына (СИЗО-1) камаган. Ошондон бери камакта.

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.