ВИДЕО — Жогорку Сотто журналисттер жана блогерлер үчүн окутуу уюштурулду…

ВИДЕО — Жогорку Сотто журналисттер жана блогерлер үчүн окутуу уюштурулду…

Сот отурумдарын чагылдыруу боюнча журналисттер жана блогерлерге атайын окуу уюштурулду. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, 31-январда Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин Жогорку мектебинде «Сот процессинин ачыктыгы» темада журналисттер менен блогерлер үчүн атайын окутуу уюштурулду.

Окутууга Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков катышып, акыркы учурларда журналист, блогерлерден сот процессин чагылдыруу боюнча окууларды уюштуруп берүү өтүнүчтөрү көп болуп жаткандыгын билдирген: 

— Жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, блогерлер сот отурумдарын кандай чагылдыруу керек, эмнелерди эске алуусу зарыл, кандай ички тартиптер бар, мына ушулар туурасында Жогорку соттун алдындагы Сот адилеттигинин Жогорку мектебинде  атайын окуу уюштуруп жатабыз».

Сот тутуму маалымат берүүдөн качпайт. Биз ар дайым ачыкбыз жана кызматташууга даярбыз. Ошол эле учурда сот системасы тууралуу бир жактуу, такталбаган маалыматтарды берүүдөн алыс болушуңуздарды айтаар элем. Ар бир чечим боюнча судья  өзү жооптуу. Бирок, судьяларга басым жасап, коркутуу туура эмес деп ойлойм.

Өзүңүздөргө белгилүү болгондой акыркы учурларда резонанстуу иштер боюнча судьялар Жогорку соттун  пресс борборунда түшүндүрмө бере башташты. Бул дагы маалыматтардын туура эмес, бир жактуу берилишин алдын алып, сот тутуму ачык-айкын иштеп жаткандыгынын далили.

Сот отурумдарын чагылдыруу боюнча отставкадагы судьялар Анархан Базаралиева  менен Гүлнара Дүйшөнбекова кеңири токтолушту.

Окутуунун соңу суроо-жооп форматында өтүп,  жалпыга маалымдоо каражаттары менен өз ара байланыштарды бекемдөө, сот отурумдарын чагылдыруудагы кетирилип жаткан кемчиликтердин үстүнөн иштөө боюнча сунуш-пикирлер айтылды.

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.