«Жакшы жар жолдошун каза болгондон кийин да тирүүдөй алып жүрөт…» (6 ВИДЕО)

«Жакшы жар жолдошун каза болгондон кийин да тирүүдөй алып жүрөт…» (6 ВИДЕО)

Жаңылсынзат ТУРГАНБАЕВА: «Жоготкон адамды эскерүү кыйын…»

3-февралда УТРКда, андан соң «Супарада» кыргыздын чыгаан жаратман уулу, белгилүү жазуучу, публицист Таабалды Эгембердиевди (Бердигул уулу) жубайы, балдары, жакындары, дос-тааныштары эскерген жакшы бир эскерүү кечеси — Түркиядан басылып чыккан «Оо, дарегим! Оо, карегим!» (485 бет), «Көчмөн жаратман» (300 бет) деген 2 китептин бет ачаары болду… Кандай өттү, эмнелер айтылып, эмнелер болду, ал тууралуу сөз төмөндө…

Жазмыш экен, алгач максым чыгарган “Шоро” компаниясын негиздеген, кийин улуттук ашканабызды дүйүм түргө (талкан, сары май, курут, сонундуктар) толтуруп, дүйнөгө тааныткан, таштак жерди гүлзарга айлантып, «Супара», «Супара-Чуңкурчак» деген кыргыз жыттанган керемет этнокомплекстерди салган, кыскасы жоктон бар кылган мээнети менен бир жаралып келип кеткен кыргыздын  жаратман чыгаан уулу, белгилүү жазуучу, публицист Таабалды Эгембердиев (Бердигул уулу) тирүү болгондо азыр 72-кышын тосуп отурмак экен. 8 жыл мурун арабыздан кеткен Таабалды агабыз… Табыке… Табыкебиз… 3-февралда УТРКда өзү жок, сүрөт көргөзмө уюштурулуп, өзү, сөзү, тамашасы, баладай таза кыял-жоруктары айтылып эскерилди… Айтмакчы, «Оо, дарегим! Оо, карегим!» деген китептин аталышын Кыргыз эл жазуучусу Кубатбек Жусубалиев таап бергенин, экинчи китепти «Көчмөн жаратман» деп Таабалды аганын өмүрлөш жубайы Жаңылсынзат Турганбаева өзү атаганын анын сөзүнөн угуп билдик…

Таабалды Эгембердиев дегенде эле эл оозуна биринчи эле “Шоро максым” келет. А бирок “Таабалды ааламы” “улуттук” деген аты улук кенчибизге кошкон салымы бир “Шоро” максым менен чектелбеген, көп тараптан чабыттап, сыя төгүлтүп жазыла берер кенен аалам. Дегеним, табиятынан ченемсиз уникалдуу адам кийген кийими, кылган иши, сөзү, жүрүм-туруму, мамилесинде да жөнөкөйлүгүнөн жазбай “акыл тегирменин”, “ой тегирменин”, “ойлоп тапкычтык тегирменин” тынымсыз иштетип өттү. Канча бир жабдык, шаймандарды карала-торала болуп өзү жасап, оңдоп-түзөп алганын далай укканбыз. Жаратмандыкты жалгыздап көрсөтпөй, өзгөчөлүү иш кылган, иш туткан кыргыз уул-кызын көрсө, чын жүрөгү менен кубанып жалпыга даңаза кылып жарыялап жазып, айтып да жүрдү… Анын алгачкы табылгасы “Шоро максым” да азыр жалгыз эмес, ысык аптапта суусасаң, тээ башында чыккандан ичи ышталган челекте сатылчу максым жанында азыр чалабы бар, аралашы бар, анан квасы бар.

Улуттук өндүрүмдүн башка тарамы да бай — талкан, сары май, кошкон май, тышы шоколад менен капталган, ичи түркүн табигый кошулмалар аралашкан нукура даам талкан сонундуктар; газдалбаган жана газдалган табигый ичүүчү булак суулары “Тянь-Шань-Легенда”, “Байтик”, “Арашан”, “Ысык-Ата”; чычырканак кошулган «Бозо Шоро», жумшак «Бозо Шоро»; англисче “snack”, кыргызчага оодарганда «жеңил татымдар» — табигый жемиш батончик таттуулар, курут ж.б. – бардыгы пайдасы мол ден соолук азыгы…

Ал эми «Супара», «Супара-Чуңкурчак» деген кыргыз жыттанган керемет этнокомплекстери болсо… Таабалды агабыз өзү ылай кармап, таш кынап, топурак таптап, жыгач төшөп, шарылдаган суу агымын буруп, миң түркүн даамды очокко бышыртып  – “улуттук” деген улуу аталышка ыктап салган бул жайлардагы таш, топурак үйлөр курулушун, дизайн, интерьер жасалгасын мындай кой, көп жерде тазалыгы, ыңгайлуулугу, шарты сактала бербеген дааратканаларын өз-өзүнчө сөз кылсаң да болгудай. Бул жайларды өзүң салып, дүйүм тамагын өзүң даярдап койгондой мактаныч менен алыскы-жакынкы тууган эле эмес, дүйнөнүн төрт бурчунан келген коноктордун оозун ачырып, тамшандырып ээрчитип бара аласың… Чындай келгенде «Көчмөн жаратман» агабыз этникалык, маданий, тарыхый, экологиялык, рекреациялык, ишкердик, ден соолукту жакшыртуу сындуу туризм түрлөрүн айкалыштырып койгон “кыргыз кереметин” жаратып кеткен да…

Эми бул айткандарыбызды далилдеген сөздөр эскерүү башы орун алган УТРКда, андан кийин сый тамак менен уланган “Супарада” айтылды. Башкы телеканалыбызда уюштурулган, улаганы аттаар менен “Шоронун” улуттук азыктары коюлуп уюштурулган сүрөт көргөзмөсү Таабалды агабыздын даңазасын кемиткен жок…

Колубузга тийген дегеле салмактуу, бараандуу, чоң сырды каткан каалгадай сырткы жасалгасы сүрдөнткөн «Оо, дарегим! Оо, карегим!», «Көчмөн жаратман» китептерин үйгө келгенде байкаштырсам, «Көчмөн жаратмандын» түзүүчүсү – “Супарада” жанымда отурган мыкты журналист, жазуучу, котормочу байкем Бахтияр Шаматов экен.

“Түзүүчү жөнүндө эки ооз сөз” демекчи, Бахтияр байке менен «Бишкек таймс» гезитинде чогуу иштегенбиз. Редакторубуз, устатыбыз Нуралы Капаров айткандай, гезиттин мотору болчу. Макалаларды мыкты жазып, котормолорду берип турчу. Жөнөкөйлүгүн ушундан билиңиз, башы УТРКда, аягы Супарада уланып — эки бөлүнүп өткөн иш-чарада бир далай эле сүйлөшкөнбүз, “мен жазгам”, “мен түзгөм” деп бир-бир айткан эмес. Атүгүл, китепти да биз менен чогуу алды… Көрсө, мыктылар төш какпайт экен, мактанбайт экен. Мындай сапатты маркум жолдошум Эрнистен да көргөм… Китепти да бат окучу… Тирүү болгондо алеки саатта окуп салмак да, оюн ортого салмак… А мен бул эки китепти 3 күндө араӊ окуп бүттүм… Кызыгуу менен окуп,  сүңгүп кирип кеткендиктен, эскерүүнү эми жазып отурам…

Китеп боюнча учкай  айтсам, «Көчмөн жаратманга» Таабалды Эгембердиев жөнүндө үй-бүлөсүнүн, замандаштарынын, манасчы-акындардын, коомдук жана саясий ишмерлердин, «Шоро» компаниясынын жана «Супаранын» эмгек жамаатынын эскерүүлөрү жана арноо ырлары кириптир. Маркум акын эжебиз Гүлсайра Момунова Таабалды аганын ишин 6 сапка эле батырып коюптур:

«Таабалды бир жарк этип жанып кетти,

Турмушка чоӊ табылга таап кетти,

Элине атуулдук бар сынактап,

Жалпы элди жарма менен багып кетти…

Максапсыз жөпжөнөкөй жүрүп эле,

Баа жеткис эл ишине жарап кетти»

Айтмакчы, Таабалды агабыздын баа жеткис иши, турмушта калтырган изи, көрөгөчтүгү, таштак жерди гүлзарга айланткан мээнеткечтиги ар кимдин эсинде ар кандай эскерүүлөр менен калган экен, бирде күлүп, бирде жашып угуп отурдук…

Апас ЖУМАГУЛОВ: «Жаӊыл жолдошу тууралуу тарыхый китеп чыгарып жакшы иш жасады»

Таабалды агабыздын өзү өтсө да, сөзүн, ишин өткөрбөй, агабыздын “жаратмандыгын” жазбай улантып жаткан жубайы Жаңылсынзат Турганбаевага ыраазылыктар айтылып, экс-премьер-министр Апас Жумагулов: «Таабалды киши баспаган таштак жерге этнокомлпекс кылып, ал жерди дүйнөгө таанытты. Мына, азыр чет өлкөдөн келген коноктор «Супарага» бармайын, Шоро ичмейинче кетпейт. Мына, ушул иштерин улантып жаткан жары Жаӊыл, жолдошу тууралуу тарыхый китеп чыгарып жакшы иш жасады. Китепте жүрөккө жеткендей жазылган эскерүүлөр бар экен. Айланайын Жаӊыл, жолдошуӊдун ишин улантып, сен дагы турмушка из калтырып жатасыӊ. Аман бол! Ушундай мыкты адамдардан үлгү алалы», — деп алкоо сөзүн айтты.

Алтынбек МАКСҮТОВ: «Көчмөн жаратман» деп туура аталыптыр»

Андан кийин сүйлөгөн Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов: «Көчмөн жаратман» деп китеп аталышы туура коюлуптур. Чынында эле Таабалды Эгембердиев жаратман инсан эле. Улуттук тамак-ашыбызды дүйнөгө таанытты. Чет өлкөдөн келген конокторду сөзсүз «Супарага» алып барабыз. Ушундай жакшы иштерди түптөп кеткен Таабалды агабыз менен, ишин улантып жаткан Жаӊылсынзат айым менен сыймыктанабыз», — десе, УКТРК жетекчиси Кайрат Иманалиев: «Жакшы жар жолдошу каза болгондон кийин да тирүүдөй алып жүрөт», — деп бекемдеди.

Кубан МАМБЕТАЛИЕВ: «Таабалды Эгембердиевдин Энциклопедияга кирбей калганы туура эмес!»

Жакшы сөздөр менен кошо ачуу чындык да айтылды. Академик, профессор Кубан Мамбеталиев жакында эле жаралган парадоксту: 9 томдук Улуттук энциклопедияга кирген улут сыймыктары арасына Таабалды Эгембердиевдин кирбей калганын айтып капаланды…

Экс-депутат Зайнидин Курманов болсо, Таабалды Эгембердиев саясий жана экономикалык эркиндикти баалаганын, өзгөчө жактырган адамдарын “жинди” атап койгонун, бир жолу өзүн да Чуӊкурчакка алып барып, таш ташытып койгонун айтып күлдүрдү…

Анэс ЗАРИФЯН: «Глаза зеркало души”

Ал эми окумуштуу, медик-акын Зарифян Анэс Гургенович УТРК залына киргенде эле көзүнө сүрөттөгү Таабалдынын жайнаган көздөрү урунганын «Көз — жан дүйнө күзгүсү» (“Глаза зеркало души”) деп мүнөздөп, атайын арнаган ырын окуп берди.

Аскар САЛЫМБЕКОВ: “Таабалды Эгембердиев — кыргыз бизнесинин атасы”

Өлкө экономикасынын бир бучкагын көтөрүп жүргөн үлкөндөрдүн бири Аскар Салымбеков Таабалды агабыздын алгачкы иш баштаганынан сөз козгоп, иниси Жумадил экөөнүн эки челек максымы менен “Дордой” базарынан орун сурап барганын айтып келип, жогоруда айтылган китептерди кызыгуу менен окуп чыкканын өз жоромолдору менен кошумчалап сүйлөп, китепти студенттерге, мектеп окуучуларына да бериш керек деген сунушу менен аяктады.

«Сагындым» ыры ыйлатып…

Эскерүү соңунда Таабалды Эгембердиевдин жубайы, балдары чыгып сүйлөштү. Балдары атасын кандай сыймык тутушаарын, кандай сыймыктанышаарын айтып, ата ишин улантып жаткан Жаӊылсынзат айымга ыраазычылыктарын билдиришти… Жаӊылсынзат болсо, “Бул эки китеп тарыхый китеп” деп, китеп тууралуу жылуу пикирлерге ыраазычылыгын билдирип, айтылган сөздөрдөн канат бүткөнсүп асманга учуп калдым деген кубанычына аралаш “Табыкем өзү болсо не? Биздин баш Табыкемдин башына жетпейт да” деген өксүк, жоктоо сөзүн айтып жүрөктү зырп эттирди…

Иш-чара анын негизги өзөк-маңызын туюндургандай сөзү, обону Муратбек Бегалиевге таандык “Сагындым” деген обондуу ыр менен жыйынтыкталды.

Байкоосуздан сага кабылдым,
Кайдан жүрүп, неге табылдың?
Элестериң бура бастырбай
Ээлеп алдың баарын жанымдын.

Аа-ай, бирге жүргөн күн
Оо-ой, кайра кайрылгын,
Көргүм келип, абдан сагындым.
Мен көргүм келип, абдан сагындым.

Эстеп көргүн ошол күндөрдү
Биз өткөргөн айлуу түндөрдү
Кол кармашып, өрдөп коктуну,
Ушул ойноп терген гүлдөрдү... – деген саптар жүрөктөгү аярлуу баянды козгоп Жаӊылсынзат айымды ыйлатты… жашык жаным мен да ыйлап… анткени бул ырда сагыныч, кусалык ырдалып жатты…

Таабалды аганын турмушта тапкан табылгасы…

Жаӊылсынзат айымдын өмүрлүк жолдошу Таабалдысыз өтүп жаткан 8 жылда уланткан “жаратмандык” иштери деле бараандуу. “Супара” этнокомплексине Табылды Эгембердиевдин жаркын элесине арнап XIX-XX кылымдардагы кыргыз маданиятына тиешелүү уникалдуу экспонаттар чогултулган интерактивдүү музей ачканы эле кандай эмгек!

Мамлекеттик гезиттердин бири Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына карата атайын сыйлык уюштуруп, кыргыздын мыкты айымдарын чыгаралы деген ниетте мага кайрылып калышканда, «Мен «мыкты» дегенге татыктуу эмесмин, Жаңылсынзат Турганбаева татыктуу. Жолдошунун ишин улантып, экономикага да, маданиятка да чоң салым кошуп жатат» десем, телефонун сурашты. Журналисттин сунушун айтсам, “кыйындарга киргидей зор иш жарата элекмин” дегендей сылык баш тартып койгонуна таң бергем…

«Оо, дарегим! Оо, карегим!» деген китепте Таабалды аганын «Кыргыз маданияты» гезитине жазып берген макаласында мындай айтылган жер бар: «Жамаачы өтүгүм сакталбай калганына өкүнөм. Шераалынын өтүгүндөй кылып үйүмө илип койсом, балдарыма чоӊ сабак болмок экен…» («Кыргызстан маданияты», № 7, 2011-жыл, 7-декабрь). Ушул сөздү окуп, Жаӊылсынзат айым менен жолугушкан күндү эстедим. 2021-жылдын май айы эле. Ошол жылы 25-апрелде жолдошум Эрнистин эскерүүсүн өткөрүп, Жаӊылсынзат айымды чакырсам, ал келалбай калганын айтып, кийин мени “Эрниске багыштап куран түшүрүп коелу” деп «Супарага» чакырды.

Жогоруда айткан тарыхый интерактивдүү музейди ошол барганымда көрдүм. Кирип баратканда эле өтүк илинип туруптур… Таабалды агабыздын «сакталбай калган жамаачы өтүгү ордуна илинген Шераалы өтүгү” экен. Музей ичин үч тилде кенен саймедиреп айтып берген Дыйканбек деген жаш жигит музейди четинен көрсөтө баштаганда, Жаӊылсынзат айым менен Жамбы Жусубалиева эжебиз келип калды. Кубат Акенин кызы Жамбы эже менен да жакындан ошондо тааныштым.

Эми музей укмуш…  Сөз менен жеткирүү кыйын, аны көз менен көрүү керек!

Негизи чайлашуу деле жакшы экен…Ошол жолугушууда Таабалды агабыздан алган маегим тууралуу сөз болуп, 2005-жылды эстедим. Анда Рысбек Акматбаев «Курманбек Бакиев менен сүйлөшөм» деп Ала-Тоо аянтына боз үй тигип отурган эле. Саясат казанында далай бышкан, далай курч макала-публицистикасын жазган мекенчил Таабалды агабыз маек берип жатып, «Мунун аягы эмне болот, ыя?» деп аябай кейиген эле. Анда орозо учуру да болчу. Берген маегин окуганы эртеси келгенинде, ооз ачаар убакка чейин окуп бүтүп, кол коюп берсе деп шашып жаттым. Аны байкап калып: «Ай, сен бир жакка шашып жатасыӊбы?» деди. “Ооз ачканга” десем, «Жүр, мен эле оозуӊду ачып берейин» деп калды. Үйдө сиӊдим күтүп жатканын айтсам, «Кой, тур анда жөнө! Такси менен кет!» деп миӊ сом сунду, албайм десем да болбой берди… Ал убакта миӊ сом укмуш акча болчу…» деп, башка да кылык-жоругун эстеп күлдүк… Ошондогу баарлашууда билимдүү, илимдүү, чыгармачылык, тарыхты тереӊ түшүнгөн эки айым Жаӊылсынзат менен Жамбы эженин акыл, билим көрөӊгөсүнө тунуп, көңүлүм ачылып, көкүрөгүм тазарып кайттым эле…

Эрнистин «КААЛГАсын» белек кылгам. Бат эле окуп коюптур. Ал боюнча жүрөктү жылыткан мындай СмС келди: «Назира, китепти окуп чыктым. Эрнис уникалдуу адам экени ар бир сөзүндө билинип турат. Кызыктуу чыгармачыл адамдын дүйнөсүндө эриш-аркак жүрүп, жашап өтүү — чоң бакыт. Эрте өтүп кеткени чоң кайгы… Бирок, жашоо күч-кубат, Эрнистин энергиясы көп бакытка бөлөп жашатат деп терең ишенем.
Китепте абдан оригиналдуу ойлор бар экен, ар түркүн сезимдерин сездим. Жаш кезинен депрессия абалдары көп болгондой, 1991-жылдары… Ал жылдары түшүнүксүз жашоодон баарыбыз ал абалда болгонубузду эстедим...»

Жоктоо дартын жеңүүгө кеп-кеңешин берип, убагында чоң жардам кылган жана кылып келет… Ушунчалык жөнөкөй, адамгерчиликтүү, «мыктымын» дебеген, «муну жасадым, тигини кылдым» деп төш какпай чоң-чоң иштерди жасап, унчукпай жолдошунун ишин улантып, маданиятка, адабиятка, экономикага чоң салым кошуп келаткан Жаңылсынзат айым бизге үлгү, чынында.

«Мен сизге ыраазымын!»

Жаӊылсынзат айым «Оо, дарегим! Оо, карегим!» китебинде жолдошуна болгон сүйүүсүн, сый-урматын, ыраазычылыгын, кусалыгын, сагынычын китепти ачканда эле 1-бетине: «Сүйбө — дешти… Сүйдүм. Балкып сүйдүм.

Теңиң эмес — дешти… Картаң — дешти… Теңим болдуңуз, жан шеригим, жан түгөйүм болдуңуз. Жүрөгүңүз сөз менен айтып жеткиргис жаш, таза болду.Сиз мага жетилген бийик аң-сезимдеги сүйүү тартууладыңыз. Келечеги жок — дешти… Экөөбүздүн аруу сезим, ак сүйүүбүздөн тарыхта кала турган табериктер жаралды.

Асылым ТАБЫКЕМ, Сиз менин жүрөгүмдүн эч ким кире алгыс ыйык жеринде түбөлүккө орун алгансыз.

Улуу сүйүүнүн ээси Кудайга жакын экинчи өмүрүңүздү улантып жатканыңызга ишенем… Себеби жайнаган көзүңүздү көрбөсөм да, экөөбүздү көрүнбөгөн кандайдыр бир күч байланыштырып турганын сезем.

Мен сизге ыраазымын!» деп жазыптыр…

«АДАМ. ЖАРАТМАНДЫК. ЛИДЕР. МАРКЕТОЛОГ. ТЕХНОЛОГ. PRчы. КРИЗИС-МЕНЕДЖЕР. ИНЖЕНЕР-КУРУЛУШЧУ, ДОЛБООРЛООЧУ КОНСТРУКТОР. АРХИТЕКТОР. ЭТНОДИЗАЙНЕР. ПРОРАБ. ЖОЛЧУ, БАГБАНЧЫ, БУЛАК КӨЗүН АЧУУЧУ. УСТАТ-НАСААТЧЫ. ФИЛОСОФ, ПУБЛИЦИСТ, ЖУРНАЛИСТ, КООМДУК ИШМЕР» деген тема алдында жолдошунун ар тараптуу бейнесин абдан мыкты ачып бериптир…

Ал эми Таабалды агабыз мыкты жубайы Жаӊылсынзат Тургамбаева тууралуу 2005-жылы айтып берген эле… «Бишкек таймс» гезитине жарык көргөн ошол маек «Оо, дарегим! Оо, карегим!» китебине да кириптир… ШИЛТЕМЕде ..

«Оо, дарегим! Оо, карегим!», “Көчмөн жаратман” китептери боюнча жалпысынан айтсам, 30 жылда мындай китеп көргөн эмесмин, эч кимдикине окшошпогон, өзгөчөлөнгөн көлөмдүү китеп болуптур…

Эми бул китептер башка окурмандар таразасында…

Назира СААЛИЕВА

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.