ВИДЕО — Түркияда 12-февралга чейин улуттук аза күтүү күнү жарыяланды

ВИДЕО — Түркияда 12-февралга чейин улуттук аза күтүү күнү жарыяланды

Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоган 12-февралга чейин улуттук аза күтүү күнүн жарыялады. Президент айтымында, 6-февралдагы 7,8 баллдык силкинүү — 1939-жылдан берки Түркияда болгон эң ири жаратылыш кырсыгы.

Садыр ЖАПАРОВ: «Суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым»

Биздин президент Садыр Жапаров Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоганга көңүл айтты.

«2023-жылдын 6-февралында Түркияда болгон жер титирөөнүн кесепетинен адамдар каза болду деген суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Жалпы Кыргызстан элинин жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөм. Жабыр тарткандардын тез арада сакайып кетишин каалайм«, — деп жазылган телеграммда.

Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен куткаруу, издөө иштерине жардамга кыргызстандык куткаруучулар да  жөнөтүлдү. ВИДЕО

Түркиянын Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын (AFAD) башчысы Юнус Сезардын билдиргенине караганда, 6-февралдагы катуу жер титирөөдөн 2921 киши каза болуп, 16 миңге жакын адам ар кандай деңгээлде жаракат алган. Урандылардын алдынан 7 840 киши куткарылган.

6-февралда түштөн кийин Түркияда күчү 7,5 баллга жеткен дагы бир жер титирөө кайталанып, ал коңшу Грузия, Армения, Ливан жана Иранда сезилген. 7-февраль күнү эртең менен Түркиянын борбордук бөлүгүндө күчү 5,3 баллга жеткен дагы бир жер титирөө катталды.

Түркияга коңшу Сирияга да зилзала эпкини жетип, расмий Дамасктын көзөмөлүндө турган аймактар да, куралдуу оппозиция жайгашкан райондор да зыянга учурады.

Reuters агенттиги Башар Асаддын өкмөтүнө жана Дамасктын көзөмөлүндөгү аймактарда иштеп жаткан куткаруучулардын маалыматтарына таянып, Сирияда зилзаладан 1 400дөй адам каза болуп, 3,5 миңдей адам жаракат алганын кабарлады. Өлкөдө ондогон шаар зыянга учурап, миңдеген турак жай кыйраган.

Учурда эки өлкөдө тең куткаруу иштери уланууда. Болгону Сирия азырынча өз күчү менен аракеттерди кылып жатат. Аларга жардам берүү ниеттерин Бириккен Араб Эмираттары, Франция жана Германия сыяктуу өлкөлөр  билдиришти.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.