«Кызынын өмүр изи өчкөн муздак колун атасы кармап олтурат…». Акындардын ырлары…

«Кызынын өмүр изи өчкөн муздак колун атасы кармап олтурат…». Акындардын ырлары…

Түркиянын вице-президенти Фуат Октай зилзаладан каза болгондордун саны 18 миң 342ге жеткенин брифингде билдиргенин РИА Новости жазды. Октайдын айтымында, 74 242 киши жабыркап, 6444 имарат талкаланган. Бир сутканын ичинде уранды алдында калган 121 кишини тирүү алып чыгышкан.

Reuters кабарлагандай, коңшу Сирияда өлгөндөрдүн саны 3480 кишини түздү. Сириянын мамлекеттик басылмалары билдиргендей, 298 миң киши үй-жайсыз калды.

Эске сала кетсек, Түркия менен Сирия чектешкен аймакта 6-февралда таңга жуук күчү 7,8 баллга жеткен зилзала болгон. Түш оой аймакта күчү 7,5 баллга жеткен жер титирөө кайталанган. Түркиянын президенти Режеп Эрдоган бул 1939-жылы Эрзинжанда болгон жер титирөөдөн берки эң ири каргаша болуп калганын айтып, ыйлап 12-февралга чейин аза күтүү күнүн жарыялаган.

Белгилей кетсек, издөө-куткаруу операцияларына 110 миң киши катышууда. Түркияга башка өлкөлөрдөн 5 миңден ашуун куткаруучу барган. Кыргызстандан да кетишкен. Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен куткаруу, издөө иштерине жардамга куткаруучуларыбыз жөнөтүлгөн. ВИДЕО

КҮН ДА БҮРКӨӨ, МУҢАЙЫП
Күн да бүркөө, буурул тарта муңайып,
Тополоңду сезген өңдүү сумсайып.
Адамдар да мостоюңку ой ирмеп,
Ичтен сызып үшкүрүгү таш жарып.
Үйлөр кулап үстү-үстүнө басылып,
Көз көрүнөө калды көргө айланып.
Канчалаган жаштар калды суналып,
Канчалары колу-буттан айрылып.
Күнөөсү жок наристелер көз жумуп,
Кала берди топуракты жазданып.
Оо жараткан суранамын токтотчу….
Жүрөк ыйлайт көздөн жаштар агылып.
Боордошторум сиздер менен биргебиз,
Колдон келген жардамыбыз беребиз.
Кыргыз эли Түрк элине киндиктеш,
Байыртадан бир тууган деп билебиз.
Эркеайым БОТАЛИЕВА (09.02.2023)

Канча жүрөк турат батып кейишке..

Бир наристе учту, кетти бейишке,
Эми ал дагы асмандагы периште.
Жан кейитип бир атанын кайгысы,
Канча жүрөк турат батып кейишке..
Толук Бек БАЙЗАК (10.02.2023)
Атасы кызынын өмүр изи өчкөн муздак колун кармап олтурат…
Кыргыз эл жазуучусу, Эл аралык Түрк маданияты уюмунунун (ТҮРКСОЙ) баш катчысы Султан Раев Фейсбуктагы баракчасына мындай деп жазды:
Түркия…
Кахраманмараш…жер титирөө барган сайын жүрөк титиретип, бу апааттын арманы Ааламга батпай турат…
Бу киши жер титирөөдөн кулаган үйдүн алдында калып, жан берген 13 жашар кызынын жашоо, өмүр изи өчкөн муздак колун кармап олтурат… колдун ысыгы кызынын колуна, денесине жылуу илебин бере албай, түбөлүк жан муздагына айланды…
Түркия…
…каза болгондор 20 миңден ашты…
Жараткан Түркияны колдоосун!
Биз биргебиз Түркия!..
Türkiye… Kahramanmaraş… Yeri titreten deprem gittikçe yürekleri dahaçok titretiyor. Bu âfetin acısı âleme de sığmıyor…
Bu insan, depremde yıkılan evin enkazında kalıp can veren 13 yaşındaki kızının hayat belirtisinin tamamen söndüğü buz gibi elini tutuyor… Elinin sıcaklığını kızının eline verse de bedenine o sıcaklığı veremediği için ebedî olarak buza dönüştü…
Türkiye… Vefat edenlerin sayısı 20 bini geçti…
Yüce Yaratan Türkiye’yi korusun!
Biz Birlikteyiz Türkiye!
Султан РАЕВ

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.