Алмазбек АТАМБАЕВ: «Үч жарым жыл абакта отуруу оор болду… дарыланышым керек»

Алмазбек АТАМБАЕВ: «Үч жарым жыл абакта отуруу оор болду… дарыланышым керек»

Бүгүн, 14-февралда экс-президент Алмазбек Атамбаев эркиндикке чыкты. Ал журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, Испанияга барып дарыланарын билдирди. «Мен буга чейин эле мага коюлган айыптардын баары негизсиз экенин айтып келгем. Үч жарым жыл абакта отуруу оор болду, дарыланышым керек!»,-деди.

Белгилей кетсек, кечээ, 13-февралда Алмазбек Атамбаевге карата Жогорку Соттун мурда чыгарган чечимдери жокко чыгарылып, кайра кароого жиберилгенин аталган органдын басма сөз кызматы билдирген. Алардын айтымында, соттук коллегия жаңы ачылган жагдайлар боюнча Атамбаевге кримтөбөл Батукаевдин абактан кое берилишине байланыштуу чечимди жокко чыгарып, иш жаңыдан кароо үчүн Биринчи Май райондук сотуна жөнөтүлгөн.

Атамбаевдин адвокаттары аны кримтөбөл Батукаевди мыйзамсыз бошотууга айыптаган өкүмдү жокко чыгаруу үчүн Жогорку сотко былтыр августта кайрылган.

Эске сала кетсек, Кыргызстандын эки жолку премьер-министри, Убактылуу Өкмөттүн төрагасынын биринчи орун басары болгон жана 2011-2017-жылдары мамлекетти башкарган мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 2019-жылы «Батукаев иши» боюнча камалган.

2020-жылы Бишкектин Биринчи Май райондук соту аны кримтөбөл Азиз Батукаевди түрмөдөн мыйзамсыз бошотууга буйрук берип, «коррупцияны уюштурууга» айыптуу деп таап, 11 жыл, эки айга кесип, мамлекеттик сыйлыктардан, өзүнө жана үй-бүлөсүнө таандык мүлктөрүнөн ажыраткан өкүм чыгарган.

«Батукаев иши» боюнча мурдагы баш прокурор, мурдагы саламаттык сактоо министри, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы, Жаза аткаруу кызматынын мурдагы жетекчиси жана башка жооптуу кызматкерлер кармалып, сот жообуна тартылган.

Кыргызстанда маңзат сатуу, мыйзамсыз курал сактоо, ошондой эле адам өлүмүнө алып келген башаламандыкты уюштуруу боюнча айыпталып, 16 жыл, 8 айга эркинен ажыратылган Азиз Батукаев 2013-жылы «айыккыс илдетке чалдыкты, ичер суусу аз калды» деген негизде мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн чыккан.

Нарындагы Бишкекке жеткирилип, атайын рейс менен Орусияга учуп кеткен.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Кой-Таш окуясы, 2010-жылкы Июнь окуясы, Бишкектин Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодогу коррупциялык иш боюнча шек саналып жатат. Ага Кой-Таштагы жер тилкеси боюнча да айып коюлган. Ал 2019-жылдын августунан бери камакта. 2020-жылы октябрь айындагы башаламандыкта абактан чыгып, кайра камалган. Мурдагы президент өзүнө тагылган бардык айыптарды четке кагып, саясий куугунтукка кабылганын айтып келет.

Гүлгаакы ЖАКЫПОВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.