Акылбек ЖАПАРОВ: «Кыргызстанда үйлөрдүн сапаты текшериле баштады»

Акылбек ЖАПАРОВ: «Кыргызстанда үйлөрдүн сапаты текшериле баштады»

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргызстандагы көп кабаттуу үйлөрдүн сапаты текшерилип жатканын бүгүн, 16-февралда парламенттик жыйынында билдирди.

Бетондун бекемдигин текшерген “Молоток Кашкарова” шайманын буйрутма бердик. Андан тышкары, рентген аппараты менен да текшеребиз. Эгерде имараттын кайсы бир жерин бекемдеш керек болсо, куруучусун таап чыгып тапшырма беребиз. Курулганына 10-15 жыл болгон болсо да табабыз. Бул жумушту бир кварталдын ичинде аягына чыгарабыз. Ал эми азыр курулуп жаткан үйлөрдү катуу көзөмөлгө алабыз”, — деди А.Жапаров.

Талантбек ИМАНАКУН уулу: «Кыргызстанда кабат үйлөр 9 балл жер титирөөгө туруштук бере алат»

Буга чейин, 10-февралда Жогорку Кеңештин “Мекенчил” депутаттык тобунун отурумунда Архитектура, курулуш көзөмөлдөө департаментинин директору Талантбек Иманакун уулу Кыргызстанда кабат үйлөр 9 баллга чейинки жер титирөөгө туруштук бере аларын билдирген.

Ал эми президент Садыр Жапаров кечээ, 15-февралда «Кабар» агенттигине курган маегинде, Кыргызстандагы көп кабаттуу үйлөрдүн сапаты тууралуу суроого жооп берип жатып, бул тармакка көзөмөл акыркы эки жылда гана күчөтүлгөнүн билдирген.

42 миң адамдын өмүрүн сактап калган Эрзин шаарынын мэри үлгү

Түркияда жана Сирия он миңдеген адамдын өмүрүн алган соңку жер титирөөдөн кийин курулуштардын сейсмикалык коопсуздугу боюнча маселе көтөрүлүүдө.

Түркия мамлекетиндеги Эрзин шаарынын мэри Оккеш Элмасоглу азыр Түркиядагы үйлөрдүн сапатсыз курулушуна көз жумган коррупционерлерге үлгү катары көрсөтүлүүдө. Анткени ал лицензиясы жок имараттарды курууга жол берген эмес. «Мен бир да имаратты мыйзамсыз курууга уруксат берген эмесмин. Мындай талабым жакпай, мага ачуулангандар да, сындагандар да, коркуткандар да болгон. «Бул өлкөдө жалгыз сиз чынчылсызбы?» деп суроо узаткандар да болгон.. Биздин шаарда имараттар сапаттуу курулгандыктан курман болгондор, жаракат алгандар, кыйроолор болгон жок. Элдин алдында абийирим таза» деген мэр Оккеш.

Катуу жер титирөөдөн кийин бир дагы кабаттуу үй кулабай, 42 миң адамдын өмүрүн сактап калгандан кийин, азыр эл ыраазы болуп, мэрди алкап жатышат.

Оккеш Элмасоглу бүт дүйнөгө үлгү катары көрсөтүлүүдө…

Түркиядагы зилзала жакшыны да, жаманды да ачыкка чыгарды. Адам курмандыктарына башкы себепчи болгон сапатсыз курулуштар оор сабак болду…
Бирок кандай баа менен?…
Эрзин шаарынын мэриндей болуш — азыр РАРИТЕТ, өкүнүчтүүсү…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.