Сирияда калган кыргызстандык аялдар, балдар алынып келинди

Сирияда калган кыргызстандык аялдар, балдар алынып келинди

«Айкөл» гуманитардык миссиянын алкагында Сириянын чыр-чатак болуп жаткан аймагынан Кыргызстандын жарандары алынып келинди. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги бүгүн, 16-февралда кабарлады.

Алардын маалыматына караганда, 18 аял жана 41 бала атайын борт менен Кыргызстанга бүгүн эртең менен алып келинген. Аларды УКМК жана Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү коштоп келген.
Аларды президенттик администрациянын Кырдаалдык борборунун директору Жолдошбек Мамбеталиев, эмгек, социалдык коргоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев, Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары Кылычбек Абышев, тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев тосуп алышты.
«Өмүрү жана ден соолугу үчүн өтө кооптуу абалда калган, мамлекет тарабынан коргоого укугу бар балдарды сактап калууга багытталган бул иш-чара мындай масштабдагы экинчи репатриация иш-чарасы болуп саналат», — деп жазылат мекеме тараткан маалыматта.
Сириядан кыргызстандыктарды алып келүүгө Кыргызстандын тийиштүү мекемелеринен сырткары БУУнун балдар кору (ЮНИСЕФ) жана эл аралык Кызыл Чырым комитети көмөк көрсөткөн.
Алып келинген балдар керектүү жардамдарды көрсөтүү үчүн реабилитациялык борборго жайгаштырылат.
Кыргызстан буга чейин Ирактагы качкындар лагеринен «Мээрим» гуманитардык миссиясынын алкагында 79 кыргызстандык баланы 2021-жылдын март айында алып келген. Алып келген учурда алардын кичүүсү үч, улуусу 18 жашта болчу. 37си Ирак, Сирия жана Түркия өлкөлөрүндө төрөлгөн.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.