Энесин жана анын эки баласын өлтүргөн мыкаачы кармалды

Энесин жана анын эки баласын өлтүргөн мыкаачы кармалды

Бишкек шаарында энесин жана анын эки баласын өлтүрүүгө шектүү кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы 17-февралда кабарлады.

Маалыматка караганда, 16-февралда Бишкек шаарынын 5-кичи районунда адам өлтүрүү фактысы катталганы тууралуу кабар келип түшкөн. Милициянын тергөө ыкчам тобу кароо жүргүзүп, аталган даректе үч кишинин сөөгү табылган. Алар энеси, кызы жана уулу экени, алардын денесине оор залал келтирилгени аныкталган. Кароо учурунда адамдардын манжа тагы, буюм далилдер алынып, тийиштүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалды.

Милиция факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси («Адам өлтүрүү») менен кылмыш ишин козгоду.

«Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш-чараларынын негизинде кылмышка шектүү катары Баткен облусунун тургуну, 1986-жылы туулган Ч.А. кармалып, Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилип, учурда тергөө амалдары жүрүп жатат«, — деп айтылат маалыматта.

Маалыматтарда кабарлангандай, шектүү мурда Улуттук коопсуздук комитетинде иштеп кеткен жана 2021-жылы Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болгон.

Гүлгаакы ЖАКЫПОВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.