Дайырбек ОРУНБЕКОВ: «Мелис Мырзакматов өкүл атам экени чын, бирок…» (АРХИВдеги маек)

Дайырбек ОРУНБЕКОВ: «Мелис Мырзакматов өкүл атам экени чын, бирок…» (АРХИВдеги маек)

Кечээ ким эле, бүгүн ким болду?

Дайырбек Орунбеков президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси болуп былтыр (2022-жылы 3-августунда) дайындалган. Анда да катуу сынга кабылган, бүгүн да талкууга алынган… Кечээ биздин кесиптеш эле… автивист эле… бийликке, маалыматтык саясат кызматынын жана ЭлТРдин жетекчисине сын айтып жүрчү… Ал алдыңыздарда…

АРХИВден…

Дайырбек ОРУНБЕКОВ: «Бийликке кошомат кылып аткан ЭлТР окуяны такыр башкача кылып көрсөттү…»

«Жаштар өкмөтү» кыймылы экс-депутат Максат Кунакуновдун демилгеси менен уюшулуп, түндүк-түштүктү түрө кыдыралы деген жаштардын аракетине белгисиз бир тоскоолдуктар пайда болду. Аны жаштар «бийлик бут тосууда» деп жорушууда. «Жаштар өкмөтү» кыймылынын активисти, журналист Дайырбек Орунбековду кепке тартып, көп нерсени сурадык.

Дайырбек, «Мелис Мырзакматов өкүл баласына партия ачып бериптир. Артындагы атасы Мелис Мырзакматов баласы аркылуу жаштарды көтөрөт экен» деген имиштер кетти го?

–«Жаштар өкмөтү» партия эмес, коомдук башталыштагы саясий жаштардын кыймылы. Бул кыймыл экс-депутат Максат Кунакуновдун демилгеси менен уюшулган. Бирок, бийлик бут тосуп атат. Кунакуновду «убагында акжолчу болчусуң» деп күнөөлөп, «жаштарды бириктиргенге моралдык укугуң жок» дешүүдө. Убагында «акжолчу» болгондор азыр КСДП болуп жүрүшөт. Эртең башка партия бийликке келсе, алар КСДПны таштап, жүзүндөгү маскасын алмаштырат. Ошол эле кезде Максат мырза депутат болгону анык, бирок Атамбаевдей болуп Бакиевдин колунан орден алган эмес.

Ал эми Мелис Мырзакматов өкүл атам экени чын, бирок «партия ачып берди» деген кептер жөн гана сөздөр, дегеле, Мырзакматовдун мен аркылуу жаштарды көтөрүү планы болсо, мен колдомокмун. Эмне, жаштарды көтөрсөк жаманбы?.. Бул кыймылдын лидери — жалпы жаштар. Коомчулук кыялындагы лидерди издеп жүрсө, андай лидерди биздин арабызда көрө алса, ошол лидер. Биздин кыймыл жаштар арасынан суурулуп чыккан лидерлердин лидерин өстүрүп чыгат, буюрса ар бир улан-кыз лидер болуп жетилет!

Президенттин маалымат саясатын жүргүзгөн Абдил Сегизбаев, бизди оппозициялык кыймыл катары көрсө керек, коркуп кеттиби же үркүп кеттиби, колундагы ММК аркылуу болушунча ыплас ушак, чындыкка коошпогон калпты жаздыртып атат. Сөзүм куру болбош үчүн, 2-мартта Оштогу жолугушууда бизди колдоп миңден ашык шаар тургундары келди. тап кетип жатышат. Бул жакшы көрүнүш эмес. Биз жаш муундарга убагында ушул нерсени жеткизишибиз керек: баланы жарык дүйнөгө алып келүү бул өтө жоопкерчиликтүү иш. Эгер кимде ким баласын таштап кетсе, баланын ыйы, элеси өмүр бою апасынын жанында сабак катары жүрөт. Анан ошол төрөт үйлөрү биздин элчиликке «калтырып кетти» деп расмий кат жөнөтүшөт, алардан маалымат бизге келип түшөт. Буга чейин биздин балдар төрөт үйлөрүндө, балдар үйлөрүндө энесин күтүп айлап, жарым жылдап жата беришчү. Быйылкы жылы, 2014-жылы январь айында каражат барбы-жокпу, ага карабастан, үч балабызды алып келдик. Ушул март айында дагы жети баланы алып келдик. Жыйын өткөрчү жай бербегенине карабай биз ачык асман алдында жолугушуу өткөрдүк. Эл ыраазы болуп, мурдагы бийликке келген муунда ишеним калбаганын, жаңы муундун биригип атканын кубануу менен кабыл алды. Жолугушууну токтотконго аракет кылып, сүйлөп аткан жеримден чыга калып, темадан четтеп «Атамбаев жакшы иштеп атат, анын саясатын колдойлу»деген КСДП фракциясынын шаар кеңешинин депутаты Талант Капаров деген жигитти элдер сөгүп-сагып, каргап-шилеп, «сени укпайбыз, биз жаштарды угабыз, тоскоол болбой, ары тур» деп жаалашты. Бирок, ал жигит да көгөгөрүп тура берди. Ачуусу келгендер барып жакасынан жетелеп, түртүп сүрүп салышты. Биз жыйынды токтотуп, аксакалдар батасын берип, шаардан тынч чыгып кеттик. Ошол окуяны, бүгүн бийликке кошомат кылып, оту менен кирип, күлү менен чыгып аткан ЭлТРдин жетекчиси Султан Жумагулов такыр башкача кылып көрсөттү. Оштогу бизге каршы чыккан депутатка кыйкырып аткан жерин монтаждап, «Жаштар өкмөтүн» Оштун эли кабыл албай кууп салды деп көрсөттү. Ошол окуяны тартып кеткен журналистке телефон чалсам, «Кечирип койгула, жогору жактан ушундай буйрук берилип, башкача көрсөтүүгө туура келди» деп мойнуна алды. Аны далил болсун үчүн үнүн да жаздырып койдук. Ал эми чыныгы болгон кырдаал өзүбүздүн жана калыс чагылдырган маалымат сайттарында жарыяланып, толук версиясы турат.

– Кыймылды кыймылдатуу үчүн, дегеле кыбыр эткендин баары акча да. Жашыруун болбосо, акчаны ким берүүдө?

– Кыймылдаган иштин баары, албетте, акча жана чыгым. Бирок, биз шайлоо убагындагыдай үгүт кылып акча таратып аткан жокпуз. Болгону барган аймактарга жол чыгымыбыз сыяктуу майда чыгымдар. Эми, такыр эле чөнтөгү тешик, жылаңач көкүрөк эмеспиз да. Максат мырзанын бизнеси бар, майда чыгымдарды каржылаганга дарамети жетет. Менин да өзүмө жетиштүү майда бизнестерим бар. Тагырагы, каржы жагынан көз каранды эмеспиз.

 – Азыр кары-жаш дебей баары эле бийликке келүүнү самап калышпадыбы. Жаштар бийликке келүүгө даярбы? Мисалы, сен өзүңдү кайсы кызматтан көрөсүң?

– Абдан орчундуу жана орундуу суроо бердиңиз. Азыр баары эле бийликке келгиси келет. Капчыгы калыңдаганы эле өзүн Жогорку Кеңеште жүргөнүн кыялданат. Өткөн парламенттик шайлоодо Ош базарында пиво саткан да депутат болуп келди. Азыр парламенттин тең жарымы соодагер, бандит, базарчы жана адашып келип калгандар. Бүгүн сабиз сатып же ууру-кески болуп акча топтоп алып эртең депутат же чиновник болуп калбашыбыз керек. Биз жаштар да ушундай катачылыкты кайталабай, азыртадан биригип, билимдүү жаштарды чогултуп, бийликке келчү кадрларды өстүрүп, бирдиктүү жана күчтүү тамырлаган команда түзүү ниетиндебиз. Демек, жаштар бийликке келүүгө даярдык көрүп атат. Азыртадан даярдык көрүү максатында жаштардын элитасын түзүүнү максат кылдык. Бул багытыбыз менен бүткүл кыргызстандык идиректүү идеясы бар жаштардын тобун түзүп, келечектин камын көрүү аракетиндебиз.

 – «Депутат Урмат Аманбаеванын жардамчысы болуп жүргөндө ага «Мекендештер» аттуу сайт ачтырса, вице-премьер-министр Камила Талиеванын жардамчысы болгондо «Мекен инфо» гезитин ачтырды» деген кептер бар…

– Урмат Абдилашимовнага жардамчы болгонго чейин эле мекенден сырткары жүргөн мигранттар көйгөйүн, күн турмушун чагылдырган «Мекендештер» деген сайтым бар болчу. Депутат айым да кийин идеямды колдоп мага көмөктөшүп жүрдү. Ал эми Камила Талиева «Мекен инфо» гезитин ачып берди деген маалымат негизи жок сөз. Ал гезитти да мекен жүгүн четте, алыста көтөрүп жүргөн Темирлан деген мекенчил досум менен биргеликте ачканбыз. Азыр чымчык учса деле артында ким бар деген көнүмүш болуп калбадыбы…

 – Урмат Аманбаева, Камила Талиева менен неге кызматташпай калдың?

– Урмат Аманбаева жана Камила Талиева менен мамлекеттик кызыкчылык үчүн кызматташкам. Кызматташпай калгандагы себебим: өз жумуштарыма байланыштуу убакыт бөлө албай калдым. Кээ бир тарбиясы жок эрке депутаттардын мындан да саясат жасап жүргөнүн уктум эле.

Маектешкен Назира СААЛИЕВА,

«Баягы Асаба», 2014-жыл

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.