Мелис Эшимкановдун Лайкасы… (аңгеме)

Мелис Эшимкановдун Лайкасы… (аңгеме)

Саякат (аңгеме)

Анда жай айы эле. Жер бетин жашыл тукаба каптап, теребел не бир сонун болуп сулууланган. Айлана ажайып кооз. Кечкисин гана жайкы шамалдын болор-болбос илеби бетиңди аймалайт. Эртең бүгүнкүдөн да ысык болот дегенсип уясына жаңыдан батып бараткан күн кызарат. Чырылдаган саратандар кечтин тынчтыгын буза безеленет. Анан түн… Анан, кайрадан таң куланөөк ата баштайт. Саратан үнү басаңдап, жерге жарык кирет. Эң оболу тээ алыскы тоонун чокусу агарып, күндүн жылуу нуру менен амандашат. Бара-бара жакындай берип, күн да биздин үйгө жеткенде «жарк» этип, чайыттай ачыла түшөт.

Жаңыдан төртүнчү чейрек аяктап, каникулга тараганбыз. Байкемдер «Быйыл сабагыңдан жакшы окусаң, жайында чоң атаңдыкына эс алганы барасың» дешкен болучу. Сабактарымдан аябай тырышып окуп, төрт чейректи тең жакшы бүтүрдүм.

Чындыгында чоң атамдыкына барам дегенде ак эткенден так этип, эки көзүм төрт эле. Ананчы! Чоң атамды абдан жакшы көрөм. Ал абдан шайыр, ак көңүл, барпалаңдаган карапайым адам. Анан куудулдугучу… Ал жагынан тим эле айтылуу Куйручукту такымдап кетчү. Чоң атам көп жылдардан бери тоо-таштын арасында өсүп калгандыктанбы, айтор койчулуктан такыр түшкүсү келбейт. Анын үстүнө көнүп да калса керек. Иши кылып жайында Аксай, Арпанын күңгөй-тескейинде, кокту-колотунда өзүнүн койлору менен «саякаттайт» да жүрөт. Кышка чукул гана жакага көчүп келет. Жыл сайын эле лагерге барчу элем, мына эми быйыл жайлоого барганы калдым. Эки-үч күндөн бери сүйүнгөнүмдү айтпа! Жан-алым калбай, бир туруп Ишен досумдукуна, бир туруп Садырдыкына чуркап барып айтарга сөз табалбайм. Эртең кетебиз деп турганда Кадыркул байкем: “Баса, чоң атаң «орус туугандын иттери ырас болчу эле, бу «абчарка» деген немесинен ала келбейсиңерби, үйрөтүп алайын»  деп өтүнүп калды эле… Андан көрө ошондой жакшыраак ит таппайсыңбы?” – деп мени карап калды.

Овчарка күчүгүн табуу кыйын. Анын үстүнө эртең кетебиз, «авчаркалар» кыргызча түшүнүшпөйт да деп ойлондум. Оке, чоң атам орусча тилди жакшы билбейт го? Баса, былтыр биздикине конокко келгенде үйгө байкемдин достору кире калса «Дорогой, кумюс – хочем», — деп күлдүрдү эле балким билет чыгар деген ойлорго чөмүлө эшикке чыктым. Досторумда болуп калар деген үмүттө алардын үйүн бирден кыдырдым. Бирок овчарка күчүгү табылбады. Башымды шылкыйтып үйгө келатсам, жолдон чоң, көк дарбазалуу үй жактан күчүктөрдүн кыңшылаган үнүн кулагым чала калды. Чыдай албай ал үйдүн жанына чуркап бардым. Кичинекей жылчыкчадан карасам, овчарка тукумундагы монтолоңдогон эки күчүк энесине эркелеп ойноп жатышыптыр. Мотурайышып экөө бири-бирине окшош. Көздөрү жаңы ачылса керек, быйтыган ак түспөл билектери менен алышып, «чоң балбанга» түшкөнсүп, коюн-колтук алышат. Бир нерсени эстегенсип томолонуп энесине жылышат да, анын эмчегине асылышат. «Ах, жылуу, даамдуу» дегендей экөө тең жарыша тамшанып соруп кирет. Издегеним табылбадыбы. А бирок…

Бирок ал күчүктү мага бербей калышсын. Дос катары сурайын десем мен теңдүү балдары да жок. Алексей деген летчик жигит карыган энеси экөө гана бир үйдө жашайт. Жаңыдан бурулуп кетип баратсам (терезеден көрүп калса керек), Алексей байкенин «Дружок!» деген үнүнөн улам тык токтой калдым. Экөөбүз ал-жайды сураша кеттик. Мен күчүк жөнүндө сөз кылганча эле ал:

— Жакынкы рейс менен Хабаровскийге жөнөймүн. Ал жакта бир топко кармалам го. Ошондуктан энесин бир досума берем деп сөз берип койгом. Күчүктүн кичирегин таякемдин уулуна берем. Ал тигил карала күчүктүн айласын таппадым. Энем болсо бага албайт. Балким сен каникулуң бүткүчө убактылуу бага турарсың? Анан кийинчерээк алам. Деги бул күчүк энесин тартып акылдуу, шамдагай болот, — деп сүйлөй берди. Мен кубанганымдан «сөзсүз» деп кыйкырып жиберип, Алексей байкенин колдорун кантип кысканымды да байкабай калыпмын. Ошентип көздөрү оттой ойноктогон, өзү кичине болсо да билектери жоон, тынчы жок овчарка күчүктү боорума бекем кыса үйдү көздөй жөнөдүм.

Мына, мен күткөн күн да келди. Бүгүн чоң атамдыкына жөнөмөй болдук. Автовокзал. Кишилер тим эле кумурскадай быкылдайт. Деги кыймылсыз турган жанды көрбөйсүң. Ар кимиси өз иштери менен алек. Мен болсом күчүгүмдү кучактаган бойдон байкемдин артынан калбайм. Биздин автобустун тез келишин самайм. Тынчсызданганым, күчүгүм автобустун ичинен кыңшылап, адамдардын көңүлүн ирээнжитпесе эле болду. Бир убакта автовокзалдын радиосунан: «Көңүл бургула! Кымбаттуу жүргүнчүлөр, азыр Фрунзе-Ат-Башы рейси жолго чыгат, даярданыңыздар. Кайталайм…» — дегенде так жаныбызга  чоң автобус келип токтоду. Биздики экен. Байкем шаша-буша жүктөрүбүздү багажникке сала баштады. Мен күчүгүм менен четте турсам, бир кара мурутчан киши басып келип (кыязы шофер болсо керек), «Кана жигит, күчүгүң ыйлаак эмеспи»,- деп мурдумдун учунан тарбайган манжалары менен тарткылап койду. «Жок, ыйлабайт» дегенсип үн катпастан гана башымды чайкадым.

Жүргүнчүлөр автобустан орун алышты. Үчөөбүз алды жагындабыз. Текшерүүчү билеттерди текшерип бүтөөрү менен автобус ордунан козголду. Алыскы сапарга жөнөдүк. Ширеңкедей кырка-кырка тизилген заңгыраган үйлөр, жаңыдан мөмө байлай баштаган бак-дарактар, күзгүдөй жалтыраган асфальт жолдору көзгө илээшпей, артта калууда. Зыпылдаган ЛАЗ автобусу менен тез эле шаардын четине чыктык. Байкем экөөбүз тең терезеге карап ойлуубуз. Шаардан чыга бериште көзүбүзгө жолдун четиндеги чоң саргыч бетончодо бадырая жазылган «Жолуңар байсалдуу болсун!» деген жазуулар даана көрүндү. «Байсалдуу» деген сөзгө маашырлана, ойго батам. Суроо бердим байкеме:

— Байсалдуу деген сөз нукура кыргыздыкы ээ байке?

— Албетте, нукура! Шашпа, жайлоого чоң атаңдыкына барганда андан да көп сөз үйрөнөсүң, – деп байкем кубана сүйлөдү. Улам күчүгүмдү карап коем, ал бир топко дейре көзүн ачаар-ачмаксан болуп жатып, магдырап уйкуга кирди. Кыңшыламак тургай үнүн да чыгарып койбоду.

Жол… Түптүз жолдо. Чокулары асман тиреген тоолордун арасына аралап, түз жолдо баратабыз. Ушул жолдо кыргызымдын айтып бүткүс жерлери менен учурашып, кубанычка баттым. Кыргыз порту Балыкчы шаары, шатыраган нөшөр жаан менен аркыраган шамалга аралашкан, бийик ашуу – Долон. Ушунун баары мал киндиктүү Тянь-Шанга бараткан кыргызымдын түптүз жолунда чубалжып баратты. Бир убакта башыма кызык ой кылт эте түштү. Баса, күчүгүмдүн атын койбоюнбу. Эмне десем? «Вулкан» деген кандай ат?… Жок, жарашпайт. Же баягы мультфильмдегидей «Рекс» деп койсомбу. Аа, таптым, таптым. Жасалма спутник менен ааламга биринчи болуп космоско барып келген иттей «Лайка» деп коеюн.

Ооба, Лайка жакшы ат. Күчүгүмдү «Лайка, Лайка» деп акырын башынан сыласам, ал кулагын акырын кыймылдатып койду. Анан күн тоонун аркасына жашына баштаганда, күүгүм ченде күүлдөгөн Ат-Башыга кирип келдик. Чоң атамдар айтылуу Арпанын Кызыл-Дөбө деген жеринен конуш алыптыр. Эх, не бир сулуу, не бир абасы таза жер! Жаратылыштын асемденген көркүн карачы! Жайлоо деп ушуну айт! Анда-санда сайдан обочороок дөңсөө жактан суурлардын аңкыштаганы, бозомук тартып дөмпөйгөн ийиндерди уя кылган чакчыгайлардын чыркылдагандары бизге даана угулуп турду… Мен чоң атам бул күчүккө кандай кубанаарын ойлоп, жүрөгүм элеп-желеп болуп баратам…

Мелис ЭШИМКАНОВ,

«Жаш ленинчи», 1979-ж. №1

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.