Жогорку соттордун төрагалар кеңешинде кандай маселелер каралды?

Жогорку соттордун төрагалар кеңешинде кандай маселелер каралды?

Бүгүн, 20-февралда, КРнын Жогорку сотунун төрагасы Замирбек Базарбеков Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө мамлекеттердин Жогорку сотторунун төрагалар кеңешинин онлайн отурумуна катышты. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, онлайн кеңешмеге Армения Республикасынын кассациялык сотунун төрагасы Лилит Тадевосян, Беларусь Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын биринчи орун басары Валерий Калинкович, Казакстан Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Асламбек Мергалиев, Россия Федерациясынын Жогорку сотунун төрагасы Вячеслав Лебедев, Тажикстан Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Шермухаммад Шохиен, Өзбекстан Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Бахтияр Исламов, КМШ Экономикалык сотунун төрагасы Людмила Каменкова, КМШнын Башкы катчысы Сергей Лебедев катышты.

Замирбек Базарбеков өз сөзүндө аталган Кеңеш кызыктуу жана жемиштүү жолугушуулар үчүн аянтча болуп каларын, анын иш натыйжалары бардык катышуучулар үчүн пайдалуу болорун белгиледи.

Ал эми катышуучу-өлкөлөрдүн сот системасын өнүктүрүүдөгү баа жеткис тажрыйбасы,  сот адилеттигин ишке ашыруу, пикир алмашуу актуалдуу проблемаларды чечүүдө жаңы ыкмаларды колдонууга мүмкүндүк берет жана улуттук сот адилеттиги системасын өркүндөтүүгө салым кошо тургандыгын айтты. «Ошондой эле Шериктештиктин алкагында сот тармагындагы кызматташтыкты жана жогорку соттордун өз ара аракеттенүүсүн кеңейтүү көп тараптуу укуктук мамилелерди өнүктүрүүгө гана оң таасирин тийгизбестен, биздин мамлекеттер ортосундагы ишенимди жана өлкөлөр арасында жакшы коңшулаштык мамилелерди чыңдоого жардам берет деп ишенем», — деди Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы.

Катышуучулар КМШга мүчө мамлекеттердин Жогорку (Жогорку) сотторунун төрагалар кеңешинин жобосун бекитишти. Ошондой эле аталган Кеңештин төрагасына  Армения Республикасынын Кассациялык сотунун төрагасы Лилит Зелимовна Тадевосян бекитилди.  Ал эми тең төрагалыка Беларусь Республикасынын Жогорку сотунун терагасы Сукало Валентин Олегович жактырылды.

Мындан тышкары, Төрагалар Кеңеши КМШга мүчө-мамлекеттердин сот тутумдары үчүн кадрларды даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу жаатындагы базалык уюмунун статусун «Россия мамлекеттик сот адилеттиги университети» федералдык мамлекеттик бюджеттик жогорку окуу жайына берүүнү колдоду.

Армения Кассациялык сотунун аппаратынын жетекчиси Филипп Казарян Кеңештин катчысы болуп дайындалды. Ошондой эле, аталган Кеңеш Армениянын Кассациялык сотунун төрагасынын кийинки отурумду 2024-жылдын IV кварталында Ереван шаарында өткөрүү сунушун колдоду.

Гүлгаакы ЖАКЫПОВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.