Руслан ЖАКЫШОВ: «Мекен сакчыларына таазим кылып, майрамы менен куттуктайм»

Руслан ЖАКЫШОВ: «Мекен сакчыларына таазим кылып, майрамы менен куттуктайм»
Бүгүн, 23-февраль — Мекен коргоочулары күнү. Жогорку Кеңешинин депутаты Русланбек Жакышов мекен сакчыларын куттуктады.
Ардактуу мекен сакчылары!
Сиздерди 23-февраль – Ата Мекенди коргоо күнү менен чын дилимден куттуктайм!
Ата-энеге камкордук жасап, урмат-сый көрсөтүү сыяктуу эле Ата Мекенге да кызмат кылуу ар бир адамдын милдети. Айрыкча, мамлекеттин бүтүндүгү, тынчтыгы үчүн бек туруп, эмгектенүү бардык эр азаматтын ыйык вазыйпасы. Андыктан, мекен чегинде туруп, ата журтубузду коргоп жаткан чек арачыларыбызга, куралдуу күчтөрүндөгү жана аскердеги бардык азаматтарыбызга таазим этип, жалпы укук коргоо жана коомдук коопсуздукту камсыздоо жаатында эмгектенген мекендештерибизге ийгиликтерди каалайм! Арабызда согуш отун кечип, кан күйгөн майданда каармандык көрсөткөн ардагер аталарыбыз аман болсун!
Күнөстүү Кыргызстаныбызда тынчтык өкүм сүрүп, жергебизде ынтымак менен ырыс-куттун ыры ырдалсын!
Кайратмандык менен даанышмандык канына сиңген Айкөл Манастын урпактары көздөгөн бардык максатыбызга жетип, өнүккөн өлкөнү куралы! Жараткан Ала-Тообузду капыстан келген кырсыктан, кара ниет душмандан сактасын!
Майрамыңыздар менен!
Русланбек ЖАКЫШОВ

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.