ВИДЕО — Мелис Эшимкановдон алган катты жаздыгынын алдына катып окуган Айгүл. Анда эмне деп жазылган?..

ВИДЕО — Мелис Эшимкановдон алган катты жаздыгынын алдына катып окуган Айгүл. Анда эмне деп жазылган?..

Эсен болуп, эстей жүр!

«Ленинчил жаш» («Жаштык жарчысы), «Асаба», «Агым» мыкты гезиттеринин башкы редактору, президенттик шайлоодо талапкер (2000-жылы), Жогорку Кеңештин үчүнчү чакырылышынын депутаты (2005-жылы) болгон белгилүү журналист, публицист, саясатчы, мамлекеттик жана коомдук ишмер, кыргыз эркин журналистикасынын «Атасы» атыккан Мелис ЭШИМКАНОВ (1962-2011) агабыз менен кошо иштеген журналист, котормочу, акын, философ Эрнис АСЕК уулу (1970-2020) тууралуу эскерүүлөр редакциябызга келип жатат. «Артыңда эстей жүргөн кишиң болсун, эскерип жүрөр ишиң болсун” дегендей, эки бир тууганды эмгектери менен эскерип келаткан жакшы адамдар бар. Алардын бири — акын Айгүл Тоголокова. Ал жакында эле биздин сайтка жарыяланган Мелис агабыздын «Саякат» аттуу аңгемесин окуп, катуу таасирленгенин жазыптыр. Тагырагы, жаш кезинде кумир туткан Мелис Эшимканов менен кошо эки ити, алтын балалыгы, жакында эле алган Эрнистин «КААЛГАсы» тууралуу жазыптыр…

Мелис байкебиздин көзү өтүп кеткенине 12 жыл аяк басып баратса да, чыгармачыл адамдардын жазуусуна шык-дем берип жаткан калеминин курчтугуна таңгаласың. Адамдын жакшылыгын көрө билген, жаманын бөлө билген жакшы адамдарга терең ыраазычылык билдирем!

 Назира СААЛИЕВА

«Мелис менен Эрнис гений болчу» деп көп угуудамын…

«Алакан» сайты «Мелис Эшимкановдун Лайкасы» деген тема менен мыкты журналист, публицист, депутат болгон Мелис Эшимкановдун макаласын 18-февралда жарыялады. “Мелис 15 жашында жазган аңгемеси «Мумудан» кем калбас чыгарма экен!” деп Жаналы Нурманбетов агабыз комментарий жазгандай, мыкты жазылыптыр! Мелис байкенин дал ушул “Саякат” аңгемеси балалыгымды эстетти… Көптөн бери чыгынып жаза албай келаткан Мелис агабыз жана бир тууган таланттуу иниси Эрнис тууралуу жазууга жетеледи.

**

Мелис байкенин аңгемеси Рада, Балта аттуу иттерибизди эстетти… Балта итибиз Ысык-Көлдө калган. Ал абдан акылдуу болчу. Менин иштеген жериме чейин ээрчип келип, мени менен кошо кайра кетчү. Жумушка баратып, келатканда ыр саптары келип калганда, токтоп, кагазга жазып калсам, мени менен кошо токтоп, күтүп турчу… Андан кийин Бишкекке келгенде Рада аттуу күчүктүү болдук. Ал дагы мени узатып, кайра тосуп алчу. Дарбазабызды да адамдай болуп ачып кирчү. Дарбаза ачылганда киши келатабы деп карасак эле, итибиз кирип келаткан  болот…

**

Эң бир таза, баёо кезиң  — балалык күндөрүң… Ар бир адамдын балалык күндөрүндө өмүр боюу эсинен чыкпаган учурлар болот эмеспи. Эсимде калган көз ирмемди жазууга далалат жасадым. Себеби, калем кармагандан алыстап кеткем. Көп жыл өттү… отуз жыл… «Капка шибегени ката албайсың» дегендей, поэзия дүйнөсүнө болгон сүйүүм чыгармачылык чөйрөгө жетелеп келди.

**

Бала кезимен чыгармачылыкка жакын болуп чоңойдум. Чоң ата, чоң апамдын колунда болуп, кереметтүү Соң-Көл жайлоосунда балалыгым өттү. Кыздар, балдар чуркап ойноп жүрсө, мен улуулардын сүйлөшкөн сөздөрүнө кулак төшөчүмүн… жандарынан чыкпай отуруп, муюп укчумун. Кызыктуу, пайдалуу нерселерди айтып беришчү.

Мелис Эшимканов деген ысымды бала кезден эле уккам…

Чыгармачылыгым 7-8-класстарда окуп жүргөндө башталды: чакан макала, ырларды жаза баштадым. Агездеги «Ленинчил жаш», «Пионер газетасына» ырларым чыгып турар эле… Гонорар да алчумун…Аны менен бирге «Ленинчил жаш» гезиттин башкы редактору Мелис Эшимканов агабыздан кат келээр эле. Мага гонорар кызыктырчу эмес, кат кызыктырчу… Кат келген күн майрам эле… Катты жаздыгымдын алдына катып коюп, эч кимге көрсөтпөй, кайра-кайра окуп, уйкуга кетчүмүн… Мына ошол күндөн баштап жүрөгүмө Мелис Эшимканов деген ысым кыттай уюду да калды. Мелис байкедей журналист болом деп кыялдана баштадым. Тилекке каршы, ал кыялыма жетпей калдым… убагында окуй албай калдым… үй-бүлөлүү болуп, турмуш түйшүгү менен алектенип, окуй албадым…

Жыл артынан жыл өтө берди. Бала кездеги “Ленинчил жаш” гезитибиз «Асаба» гезитине айланды. Мелис аганын бул гезити эл талашып окуй турган гезит болду. Курч, мурч макалалар чыкчу эле. Бийликке жакпай, акыры жаап тынышты. Бирок, агабыз ошо бойдон калган жок, «Асабаны» «Агымга» айлантты. Мыкты журналисттер иштечү: Салижан Жигитов, Кубатбек Жусубалиев, Чоюн Өмүралиев, Шайлообек Дүйшеев, Түгөлбай Казаков, Алым Токтомушев, Эсенбай Нурушев, Баратбай Аракеев, Жолдошбек Зарлыкбеков, Мамат Сабыров, Султан Раев, Төлөгөн Карыкеев (Кимбайке), Эрнис Асек уулу, Жыргалбек Касаболотов, Кубат Оторбаев, Каныбек Иманалиев, Азимжан Ибраимов, Бакыт Орунбеков жана башкалар…

Мелис агабыз 2000-жылы президенттик шайлоого аттанып, талапкер болду. 2005-жылы парламенттик шайлоого катышып, Жогорку Кеңештин үчүнчү чакырылышынын депутаты болуп шайланды. Анда да трибунадан курч, мурч сөздөрдү айтып турду. Ошол кездеги депутаттар күчтүү болчу…

Депутаттыкка талапкер болгондо биз Бишкек шаарындагы «Төкөлдөштө» жашачубуз. Шайлоодогу үгүт иштери башталды. Температурам көтөрүлүп, башымды көтөрө албай жаткам. Аңгыча эле кошуналар: «Мелис Эшимканов менен жолугушуу болот экен» деп калышты. Угарым менен жолугушууга жөнөдүм. Себеби, бала кезимден бери угуп келаткан адамды бетме-бет көрүүгө ынтызар элем. Көрдүм. Платформасын уктум. Жакты. Андан да байкенин сүйлөгөн сөзү, маданияттуулугу, билими, жөнөкөйлүгү, адамгерчилиги сыйымды арттырды. Шайлоодо колумдан келишинче жардам бердим. Шайлоодо жеңип чыкса экен деп ийгилик каалап жүрдүм. Өттү. Жакшы иштеди. Мыкты депутат болду.

«Мелис менен Эрнис». «Каалга»…

Анан эле 2011-жылдын 15-сентябрында «Мелис Эшимканов мезгилсиз дүйнөдөн өттү» деген жаман кабарды уктум.. Жаш кеткени өтө өкүнүчтүү болду… Тирүү болгондо 60 жашка чыкмак экен. Былтыр, туулган күнү, 9-декабрда жубайы Асел Эшимканова эскерүү өткөрүп, «Мелис менен Эрнис» аттуу китеп чыгарды.

Буга чейин Мелис аганын бир тууган иниси, журналист, акын Эрнис АСЕК уулу эскерилген. 2021-жылдын 25-апрелинде Эрнистин өмүрлүк жары Назира Саалиева эскерүү уюштуруп, «Каалга» аттуу ыр жыйнагынын китебинин бет ачарын өткөргөн. Назира менен мен Эрнистин жылдыгында таанышкам. Тагырагы, акын Бурулкан Карагулова эже менен батага баргам. Эрнис Асек уулу Мелис Эшимкановдун бир тууган иниси экенин ошондо билдим… Назираны ошондо биринчи жолу көрдүм. Көздөрү муңайыңкы… Ичимден аны аябай аяп турдум. Бул ыр эсиме келди: «Эмнегедир аяп кеттим/, Ичим жылып ооруна/. Кайра-кайра кыскым келди/, Эркелетип боорума»…

Ал ыйлаган сайын жашым кылгырып жатты…көз жашымды билгизбей ичке жуттум…Кайрат айтып кеттик. Колубуздан башка эмне келет? А чынында эң оор Назирага болду… Жанында болгон кишиге жоктоо дартын жеңүү кыйын, чындыгында…

**

Убакыт көп өтпөй Назира менен кайрадан кезиктим. 2022-жылдын 30-декабрында залкар акын Байдылда Сарногоевдин 90 жылдыгын утурлай, Назира жетектеген «Алакан» сайты эстафетада уюштуруп, жыйынтыктады. Ал эстафетага акын Бешболуш Матисаков агабыз катышыптыр. Агабыз Ошто жашайт. Жол алыс болгондуктан, белегин менин алып коюмду суранды. Анда мен дагы жакшы каалоо-тилектерди айтып, Эрнистин «Каалга» аттуу ыр китебин белекке алдым.

Бул жолугушуудан кийин Назира менен тыгыз байланышта болуп калдым. «Алакан» сайтын окуп чыктым. Анда Назиранын арманы толтура экен… Мелис Эшимканов ага тууралуу да эскерүүлөр, жазгандары бар экен… Окуп алып, байкемдин ар бир кыймыл-аракети, баскан-турганы көз алдыма тартылды… Мелис Эшимканов жөнүндө сөз болуп калса, сыймыктануу менен «Менин агайым» дечүмүн. «Эмне сени окутту беле?» деп сурашса, «Жок, мени окуткан эмес, бирок, бала кезимде ырларыма жакшы пикирин айтып, «сен окушуң керек!» деген жазган каттарын алып турчумун» деп жооп айтчумун. Азыр да сыймыктануу менен ал күндөрдү көз алдыма элестетем. Мендей болуп бир топ адам Мелис байке менен таанышкан, жолуккан күндөрүн эстесе керек. Мелис Эшимканов деген ысым тарыхта жазылып калды. Себеп дегенде, арабыздан жоктугуна 12 жыл басып баратса да, мен барган жерден жакшы пикир угуп калам.

Кийин артынан арман кылып өтүп кеткен иниси Эрнис да мыкты эле деп эл арасында айтылып жүрөт. Акыркы күндөрү:: «Эки бир тууган гений болчу. Аттиң жаш кетишти…» деп арман кылгандарды угуп калуудамын… Эрнис Асек уулу деп «Асаба», «Агымдан» окугам, жазгандарын окуп калчумун. Бирок, чыгармачылыгын терең билчү эмесмин. Назиранын өткөргөн эскерүүсүнөн, жазгандарынан мыкты котормочу болгонун, чыгарган «КААЛГАсынан» мыкты акын экенин билдим. «Каалганы» көтөрүп жүрөм. Ырларды бир башкача стиль менен жазыптыр. Философиялык ойлор жатат.. Бир окуган кишиге түшүнүү кыйын. Мисалы мен үч жолу окуп чыгып, анан түшүндүм. «Периштең» деген ыры эмне деген ыр?! Өзүнүн тигил дүйнөдөгү абалы менен артында сыздап, боздоп калган Назиранын бул жактагы абалын берип коюптур. Эми ушул ырды 22 жашында жазыптыр…

Анан дагы жубайы Назирага арнап АКРОЫР жазыптыр. Тигинен: «Назира, сүйөм сени, кечиргин, бар бол, тирегим» деп окулат экен. Ал эми ичинде жар табуу кыйын болгону, акыры ак сүйүүсүн таап, кайталап турмуш курганы, жубайына ыраазы болгону жазылыптыр…

«Таң атпай» аттуу ыры да укмуш экен…

Орус тилинде да ыр жазчу экен. «Жить» деген ырында «Мне очень страшно/, осталось немного дней/, я хочу жить.. деп жатпайбы… Жүрөк сыздайт… Бул ырды да 22 жашында жазган экен. «Эмне Эрнис өлөрүн алдын ала билгенби?» деген суроого жооп издеп келем…

Эрнис артына чон бир эмгектерди таштап кетиптир… Дүйнөлүк адабияттарды которуу эмне деген эмгек?.. Ал Назирага аманат болуп калды. Ар бир адам бир миссияны аткаруу үчүн жаралат экен. Назиранын миссиясы Эрнистин керээзин аткаруу, китептерин чыгаруу экен деп кабыл алдым.

Анан дагы экөөнүн сүйүүсүнө таңгалдым. Назиранын Эрнис тууралуу эскерүү жазганын окуп алып, жолдошун катуу сүйгөнүн түшүндүм. Бул эскерүүнү ыйлап окудум… «Кечиккен махабатымдай өлүмүн кечеңдегенде эмне?» деген сөз эмне деген сөз…  жүрөк титирейт… Андан дагы «Жамандын жары болгончо, жакшынын жесири болгон жакшы» деп атаганычы…Мындай теманы мыкты гана жар коет. Себеби муну айтуу өтө кыйын!

Көрсө, Назира сөз баккан адам турбайбы… Тажрыйбалуу журналист экен, жазгандарын, алган интервьюларын окуп чыктым. Баары мыкты. Назиранын терең билими, акыл көрөнгөсү, адамгерчилиги, анан дагы жөнөкөйлүгү мага аябай жакты. Демек, Эрнис бекеринен Назираны жактырбаптыр, Кудай экөөн бекер жолуктурбаптыр деп ичимден суктандым. Экөөнүн сүйүүсүн даңазалагым да келип кетти…

Назира, сен бактылуусуң, ушундай гений адамдын жары болдуң! Мындай адамдын арзуусуна татуу кандай гана бакыт! Ушуга шүгүр кыл! Артында калган эмгегин чыгарып жатасың жана чыгарам деп жатасың, андыктан сага ден соолук керек. «18 миң аалам. Эрнис Асек уулу» аттуу китеп жазып жатам» деп кызыктырып койдуң. Демек, ал китепте Эрнистин биз билбеген чыгармалары бар. «9 которгон мыкты китеби бар» деп жатасың. Аны да чыгарасың деп терең ишенем. Кайгыга алдырба! Бар бол!

Эки гений бир туугандын жаткан жерлери жайлуу, топурактары торко болсун!

Айгүл ТОГОЛОКОВА

P.S. Жакында биздин сайттан эки акын: Кайыргүл Надырбекова менен Сардарбек Нуркашовдун эскерүүсүн окуй аласыздар!

3 thoughts on “ВИДЕО — Мелис Эшимкановдон алган катты жаздыгынын алдына катып окуган Айгүл. Анда эмне деп жазылган?..

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.