Нуралы КАПАРОВ. Тузик (аңгеме)

Нуралы КАПАРОВ. Тузик (аңгеме)

65-жаз…

Белгилүү журналист, акын, «Бишкек таймс», «Жаңы Кыргызстан маданияты» гезиттеринин редактору устатыбыз Нуралы Капаровдун бүгүн, 4-март туулган күнү. 65-жазды тосту. Билебиз, ар жылы бул күндүн кубанычын сизди жарык дүйнөгө алып келген алтын апаңыз менен бөлүшчүсүз. Жазмыш экен, апабыз 96 жашка чыгып өмүр сапарын карытканын жакында эле уктук. Канча жаш берсе да, Апа деген апа да. Кылымга тете өмүр кечирген апаңыздын жайы жаннаттан, жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун. Курандан башка арга жок, кайрат кылыңыз! Сизге башкы байлык чың ден соолукту, узун өмүрдү каалайбыз.
Эми устатыбыз тууралуу узун кепти кийин улантабыз. Бүгүн чыгармачылыгына бир баш багалы дедик. Чынында Нуралы байке кара сөздү да, ырды да мыкты жазат. «Кыргызстан маданияты» гезитине жарык көргөн, ыраматылык Табылды Эгембердиев айткандай, “ар бир сөздүн түбүнө түнөп жазган” «Тузик» аттуу аңгемесин маркум жолдошум Эрнис АСЕК уулу чыгарган «Баягы Асаба» гезитибизге сураттырып алып, баш сөз менен жарыялады эле… Окурмандарыбызга ошону кайрадан сунуштап турабыз!

Назира СААЛИЕВА

АРХИВден…

Тузик (аңгеме). Нуралы Капаров. (Салижан Жигитов агамдын жаркын элесине арнайм)

Бир кездеги акын, бизнеске жакын, сөздү тере билген, сыйга бере билген, «Кыргызстан маданиятын» чыйпылдаткан, «Бишкек таймсты» кыймылдаткан, жеке ишине берилген, курсак сылап керилген Нуралы Капаровдун бул аңгемеси «Кыргызстан маданияты» гезитине жарык көргөн. Көрүп, көпчүлүктүн купулуна толду эле. Ошол аңгемени издеп, өзүнө кайрылсак, оңдоп-түзөп койгон экен, ошол вариантын колубузга карматып олтурат. Эми кыргыз адабиятында жан-жаныбарларга арналган көп эле чыгармалар бар. Бирок «Тузик» мыкты аңгемелердин бири. Жазылышы да, окуянын өнүгүшү да өтө жөнөкөй, бирок бутага тиет. аны кыраакы окурман дароо байкайт чыгаар. Бир аз көлөмү чоңураак кылат экен, ошондуктан эки бөлүп берип жатабыз… Анда эмесе, Тузик деген күчүктүн тагдырына күбө бололу…

Ак койдун азабы көп. Өзгөчө эрте жаздын ала-шалбыртында көк кууган койдун азабындай азап бул дүйнөдө болбостур. Кышы бою кытыратып «чайнаган» байымы жок, каны качкан куу чөптүн «кулдугунан» кутулуп, жаз баарында жаңыдан кылтыйып чыгып келе жаткан көк чөпкө тиши менен тили тийгенде бүлкүлдөгөн бүйлөсүнө шилекей толуп, жаздын себелеп жааган жылуу жамгыры менен мемиреп тийген жылуу күнүнө көөп чыккан жер кыртышы менен чырымтал чөптүн кошул-ташыл буруксуган жыты каңылжарын жарып өткөндө айбан да болсо дээринде жүргөн аз-маз эс-акылынан толук ажырап, мас болгон немедей, жинди болгон немедей туш келди чачырап оттогон койду эр болсоң чогултуп ал! «Кош эле, кош!»деп тамагың айрылгыча айкырганыңды да, бакырганыңды да тоготпойт. Көзү көр, кулагы дүлөй. Шудуңдап көк кууган койду үркүтүп айдаш үчүн, чогултуш үчүн кандай гана айла-амалдарды жасабайсың. Калай челекке таш салып шалдыратасың. Эзели жону кургабаган сары плащыңды чечип, өйдө-ылдый далбактатып ыргытып «калдыратасың». Угуп да койбойт, сезип да койбойт. Обору ачылган ак кой көккө тоймоюн өзүң ыргайдай, атың торгойдой болуп арыктайт.

Кол кой десе бармагынын башын сыяга малып, мөөр баскан кары-картаң чабандар биринин артынан бири жапырт куйрук улаш пенсияга чыга баштаганда, орто мектепти толук окуп бүтпөсө да, жети класстык билим алган, кат-сабаты жоюлган жаштар малчылык ишке келгени эчен кылымдан бери былк этпей жаткан малчылык иште да болоор-болбос өзгөрүүлөр боло баштады. Дагы бир тыңыраагы кайсы бир гезит-журналдан окуп калса керек, чет элдик чабандар койду итке айдатып, ит менен багат экен деген уу-дуу кеп тарады. Уккан кулак тим калабы, дагы бир ышкыбозу кадимки эле түнкүсүн короо кайтарган короочу кыргыз итин кой айдаганга үйрөтүп, анысы жалкоо жүрүш менен кызыл тилин салаңдатып ак койду аралай чуркаса, кулагы туюк, көзү көр болмоктон топтоголок топ болсо да, бөгүп чуркаган иттин бөрүнүкүндөй сүрү менен жытынан тулку-бою дүрүлдөп дуу жарылып үркүп, кишиге баш ийбеген койлор, иттерге баш ийип, кой багуу кыйла эле жеңилдей түшкөнсүдү. Бүгүн го койду итке айдатыш көнүмүш көрүнүш.

Ал заман да бул жөнөкөй эле жаңылыкты ишке ашырыш оңбогондой оор маселе эле. Иттин жардамы жок карандай каруу-күч, мээнет-тери менен мал баккан илгерки карыялар: «Малды да итке айдатчу беле, кызыл май кылып коет, жүрөгүнүн сары суусун алат, малдын денине дак кетет» дешип салпактатып ит ээрчиткен жаш чабандарды жемелеп, «Жогот алдагы итиңди!» деп итатайы тутулуп таягын кезеп, көзүнөн чаары чыгып матагандарын көп көрдүм. Адам баласы бир ээлигип алган ишин оңойлук менен токтотобу? Укканы укту. Укпаганы «ооба, сиздики туура» демиш болуп, ыгы келе калган жерден эле «ал, Киреше, ал!» деп ээрчитип алган итин айдактап, маңкасы кургабаган маңыроо койлорду будуң-чаң түшүрүп кубалатып, каршылык көрсөтүп жүргөн чалдардын көзүн кой кубалаган итке, кулагын «ал эле, ал!» деген айдактаган сөзгө көрүнөө да, көмүскө да үйүр алдыра берди.

Кары десе эле баары текши акылман болуп кетиптирби, суу тоскон тосмонун борпоң-бошоң жерин суу жырып чыккандай, чалдардын да кепке-сөзгө туругу жок оомолору «Малды итке айдаткан сонун эле болот турбайбы» деп, соп камчысын сороктотуп «ал эле, ал!», «айда эле, айда!» деп чычаңы жоор кашаң атын теминип, чепкенинин эки өңүрүн далбактатып, эки жакка жайылтып чапкан бойдон коюн итке айдаткан тоң моюн жаш малчылардын катарына кошулуп кетишти. Биздин чөлкөмдө кыргыз иттен башка иттин тукуму болбос эле. Жадакалса кандек иттин да тукуму жок болчу. Эчен кылым бөлөк элден кыз алышып, кыз беришпей, каны коюлган кыргызымдын дал өзүндөй кыргыз иттери да өзү менен өзү үйүгүшө берип, укум-тукумунун каны эскирип, ыкшоо тартып калганбы, айтор «ал эле, ал!», «айда эле, айда!» деп айдактап, тукуруп турсаң, илең-салаң чуркамыш болуп, көк кууган койду айдамыш этип, кара жанын көтөрө албай, кареги муңдуу, карааны кош көңүл кыргыз иттеринин. Күнү-түнү короо кайтарып, кой айдап чарчаган немедей четкерээк барып соксоюп отуруп алмай адаты да бар. «Өлөт алгыр, кош эле, кош!» деп коюңду бир, «арам өлгүр, ал эле, ал!» деп итиңди бир сөгүп, мурда бир убара болсоң, эми эки убарасың. Кээ күнү чөнтөк толо кургак нан сала чыгып, «ал, Киреше, ал!» деп чөнтөктөгү нандан улам бир үзүмүн аванса иретинде асмандатып алдыга ыргытсаң, абага асыла секирип жерге түшүрбөй «лак!» эткизип тосуп алып, анысын бирөө оозунан жула каччудай чала күрмөп «кулк!» эткизе жутуп, жалкоо көздөрү жадырап-жайнап жанданып, тула-боюна күч-кубат киргендей куунак жүгүрүп, «ал!» деп айта электе алып-учуп койлорду кубалап, көзүңдүн кареги менен тең айланган учурлары да жок эмес. Кара көңүлү кармаган күнү кашайып баспайт. «Ал, Киреше, ал!» деп дембе-дем демитсең, серең-серең чуркамыш этет. Коктунун таманындагы кара боз үйдө калган ит аягы менен чоң баш күчүктөрүн ээрчиткен канчыгын сагынганда качып кетмей да иттиги бар. Андай адатынан чочулаган жаныбыз мойнуна жип байлап жетелеп, жерден башын албай туш келди шудуңдап оттогон ак койго жок эле дегенде сүр болсун деп эртеден кечке тоо-ташты аралап салпактатып жетелеп ээрчитип жүргөнүбүз жүргөн.

* * *

Онунчу класста окуп жаткан эң улуу агам менен уруулаш агамдын теңтуш уулу экөө коңшу орус айылда Петр деген чалдын породалуу канчык ити бар экенин, ал породалуу иттер абдан акылдуу болорун, өзгөчө кой айдаганга мыкты экенин, ошол канчык жакында эле үч күчүк тууганын тамшанып сөз кылышып, үч күчүктүн бир күчүгүн кантип уурдасак деген максатта түркүн-түс план түзүп жүрүшкөндөрүнөн кабардар элем. Кантип уурдап чыгышканын майда-чүйдөсүнө чейин билбейм, айтор бир ыңгайын келтиришсе керек, акыры уурдап келишти. «Итти сурап албайт, уурдап алат» деген кыргыздын ырым-жырымы бар эмеспи, ошол себептен улам болсо керек, бирөөнүн чийнесин эмес, ийнесин сурабай алганга демейде каарын төкчү атам бул жолу итке караганда жандуу куурчакка көбүрөөк окшош бул жанга жагымдуу күчүктүн кандай жол менен келгенин көрүп-билип турса да лам деп унчуккан жок.

Денесинин чолоо жери калбай сапсагай жүн, тептегерек көзүнүн үстү каш, ээгинин асты сакал, «үймөк жүндүн арасында» бултактаган бул күчүк чын эле иттин күчүгү экенине көзүбүз көпкө чейин көнбөй жүрдү. «Борс-борс» үргөнү «борс-борс» күлгөн баланын үнүндөй жагымдуу, бултактап-бултуңдаган дени пружинадай серпилип, ыкчам, ылдам. Бир карасаң улак, бир карасаң күрпөң козу кебетеленген, арам ит тукумуна караганда адал мал тукумуна көбүрөөк окшошкон, адам баласынын мээрин ойготкон, жүрөгүн жылыткан мына ушундай бир тирукмуш жандыкка туш болдук.

Кадимки кыргыз иттерине окшобогон, бөлөк улуттун өкүлүндөй өзгөчөлөнгөн бул күчүккө Алгыр, Учар, Киреше, Жолборс сыяктуу аттар жарашпасын түшүнгөн агам кайдан-жайдан тапканын билбейм, Тузик деген ат койду. Бул аттын тарых-таржымалын, маани-маңызын сүрүштүргөн жокпуз. Тек гана, орус айылдагы мончого түшкөнүбүздө көзүнө самындын көбүгү кирген орус чалдар ачышканына чыдабай дагырадагы сууга «тазик! тазик!» дешип чуркашканын көп жолу уккан жаным, ошол тазик деген сөзгө уйкаш Тузик деген сөз кулагыма эбак эски тааныштай жылуу угулду.

Биз Тузикти бөпөлөп баккандай бир да кыргыз ит баккан эместир. Биз эмне тамак жесек, Тузик да ошол тамакты жейт. Биз акталган ак тамда жашасак, Тузик сырдалган көк «тамда» жашайт. Баладай бөпөлөп бакканыбызга жараша Тузик итте жок ымандуу, айбанда жок акылдуу чоңойду. Борбуюн толук көтөрө элегинде эле чөп-чарга чалынып, караган-черге тилинип, томолонуп-жумаланып кой айдаганды үйрөндү. Сергек, сезимтал. Көзүңдү карап турат. «Айт!» деген жагыңа алып-учуп жөнөйт. Алты айдын ар жак, бер жагында ак койдун азаптуу түйшүгүн Тузик толугу менен өзүнө өткөзүп алды. Кой айдаган да, кайтарган да, түнкүсүн короо күзөткөн да Тузик. Эрте жаздагы койдун көк кууганы, жай башында ылаалап баспаган койду кыркын пунктуна айдагандагы, жаандагы, бороондогу, тумандагы тарткан түйшүктөрдүн баары ушул Тузиктин мойнунда. «Атасынын көрү, Тузик бар» деп компоюп, көңүлүбүз ток. Алты жүз койдун айланасында кыбырап баскан жандын баары Тузикке ишенип, Тузикке таянабыз.

Тузик деген, ал бир өлбөгөн да, чарчабаган да өлөрман жан. Жанагы жаагын жанып маараган, шүдүңдөп бир жерге токтобой оттогон алты жүз коюң асмандын башына чыгып кетсе да, жердин жети катмарына кирип кетсе да куюндатып кубалап таап келээр Тузик бар. Атыңан айланайын Тузигим, затыңан айланайын Тузигим! Демейде кокту-колотко, жылга-жыбытка бөлүнүп житип жоголгон, ит-кушка жем болгон ак коюң азыр чакчыгайдай чакчайып чекте турган Тузиктин көзүн оңой-олтоң жазгыра албайт. Жалкоо Жолборс же Киреше эмес. Баарына сак, баарына так. Бөлүнүп калган ак койдун алыстагы караанын көзү менен, чөп-чарга илешкен чыла, чыбаш сыяктуу чубалжыган жытын мурду менен шимшип табат. Тигил кырга жайылып жетип калган койду кубалап чогулткан Тузик ошол кыр менен эле чектелбей, андан аркы кырды да аңтарып-теңтерип текшерип, качан гана бөлүнгөн-адашкан, жоголгон-житкен кой жок экенине чындап көзү жеткенде гана чабагандап артка кайтат. Тузикте тыным жок. Чарчадым, чаалыктым, үшүдүм, ысыдым дегенди да билбейт. Курсагын тойгузуп койсоң эле болгону. Калган түйшүк аныкы…

Улам жыл өткөн сайын Тузик адаттан тыш сөөктүү болуп өстү. Айылдын билермандарынын айтымына караганда Тузиктин тукумуна кыргыз иттин сийдиги да аралашып кеткендей. Болбосо мындай иттин тукуму мынчалык сөөк-саактуу болбош керек эле деп шек-шыба кылып жүрүштү. Ким билет? Алардын айтканы да чындыр. Бирок эмнеси болсо ошонусу болсун, эң башкысы кыргыз иттердей жалкоо болбой, тынымы жок иштерман болуп чыкканына ичибизден тобо кылып сүйүнүп жүрдүк.

Жүрө-жүрө Тузиктин тегерек-четке атак-даңкы тарап, ага кызыккандар, көз арткандар көбөйдү. Уурдап кетели десе бул чөлкөмдө кой айдаган андай тукумдагы бөлөк ит жок, бат эле билинип калышы ыктымал. Сат десе кожоюну сатпасы белгилүү. Бир гана айла: тукум алалы деп катуу аракет жасашты. Жараткандын амири ушундайбы, айтор, ал үйүгүшкөн кыргыз иттин тукумундагы канчыктар сапсагай жүндүү Тузиктин тукумун туубай, кыска жүн Кирешенин тукумун тууп туруп алды.

Ошентип кой айдап, кой баккан жагынан бул чөлкөмдө Тузиктей даңкталган, макталган ит чыкпай турган маалда аялы жаш төрөп ооруканада, жардамчы койчусу качып кетип өзү жалгыз бой тоодо калган, көк кууган субай койлоруна ээ боло албай жүргөн аталаш тууганыбыз дартын айтып, он-он беш күнгө коюма каралашып турсун деп карабашыл киши эмес, кадимки ит тукуму Тузикти сурап келиптир. Койлор күр тууп, жайытка чыкпай кашарда багылып жатканына жана Тузиктин азырынча бош экенине карабай, ары карап ыйлап, бери карап күлүп жатып араң бердик. Антпесек ит үчүн таарынышып, бет карашпай кетчүдөйбүз. Ал агамдын жыргатып кой айдабаган, бирок кой айдашат деген аты эле бар Көк куба дөбөтү болоор эле. Ошол Көк куба дөбөткө кошуп, чылбырга байлап жетелеп кетти.

Шордуу Тузиктин тагдырына балта чабылаарына аз калганын биз анда кайдан билдик.

(Уландысы бар)

One thought on “Нуралы КАПАРОВ. Тузик (аңгеме)

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.