ВИДЕО — Эрнис АСЕК уулу: «Жабиров, жаша, досум, жаша!»

ВИДЕО — Эрнис АСЕК уулу: «Жабиров, жаша, досум, жаша!»

«Ак калпак» күнүн негиздеген авторго рахмат! 

Бүгүн, 5-март — Ак калпак күнүн белгилей турган майрам күн. 12 жылдан бери майрамдап келаткан бул күндү негиздеген кыргыздын мекенчил уулу, белгилүү кинорежиссер Ырысбек Жабиров.

Майрамдын жаралыш таржымалына учкай токтоло кетсек, автор «Ак калпак күнүн» белгилөө демилгесин 2011-жылы көтөрүп чыккан. Бирок бул жакшы демилгеси, ортодо 5 жыл өтүп, Жогорку Кеңеш токтому менен 2016-жылы 29-мартта расмийлешти, 2017-жылдын 29-июнунда “Ак калпак жана улуттук кийимдер күнү” катары жарыяланды. Ошентип  улуттук баалуулуктарыбыздын бири улуттук баш кийимибизди даңазалаган «Ак калпак күнүн» 12 жылдан бери белгилеп, баштарына ак калпак кийип алып жаш баладан президентке чейин куттуктап, тарыхын айтып келатабыз. Ушундай тарыхый иш жасаган автор — Ырысбек Жабировго рахматтан башка сөзүбүз жок.

Ырысбектин дагы бир жакшы сапаты — маркумдарды унутпай, багыштап куран окутканы. 2021-жылдын 4-февралында «Сузак биримдиги» коомдук биримдиги менен кошо чуркап, «Өткөндөр баркталмайын, тирүүлөр даӊкталбайт» аталышта «кара жолтой жыл» аталып калган, жүрөккө так салган 2020-жылда каза болгон 34 инсаныбызга багыштап, «Айкөл Ордо» ресторанына куран окутуп, артында боздоп-сыздап калган жубайларын, балдарын чакырып, эскеришкен… Анда да рахматыбызды айтканбыз!

«Өткөндөр баркталмайын, тирүүлөр даӊкталбайт»

 «Бейнеге беш сап сүртүмдөр»

аттуу рубриканы «Баягы Асаба» гезитибизге ачып, ага белгилүү адамдар тууралуу жолдошум Эрнис жаза баштаган. «Гезитибизге ким жөнүндө кандай макала чыкса да, көпчүлүк аны жеке баш редактордун пикири катары көрүшөт экен. Дегеле андай эмес. Гезит бетине ар кыл ой, түрдүү пикирлердин чыгышы мыйзам ченемдүү гана көрүнүш болушу кажет. Көптөн бери өлкөбүздөгү төбөсү көрүнгөн адамдар жөнүндө жазайын деп жүрүп эле, убакыт таппай убара болуп калам. Лао зынын «Чоң баштабай, кичинеден ташта» деген сөзүн эстеп, сан сайын өзүм тааныган, адамтаануу билимине таянган, жеке көз карашыма гана таандык ой-сүртүмдөрүмдү да берип турсам  ашыкча болбосо деген чечимге келип турумун. Чын ниетимен чыккан гана сөздөр. Ал эми накта бейнелерин кийин ачып бергенге даярмын» деп жазган. Беш сап сүртүмүндө Ырысбек Жабиров да бар болчу.

«Жаша, досум, жаша!»

Экөөбүз бильярд ойноп, көк чай ичип олтуруп эле көкүрөгүн түшүнүп койдум. Жүрөгү «кы-рыл-гыз» деп согот экен. «Ак калпак» күнүн тапкан, «Кыргыз бийин» ырчы Султан Садыралиевге ырдаткан, чылкый кыргызды «чымынын» зоболоткон ушул Ырысбек досубуз. Мен ал тарткан кинолорго далай сын айта беришим мүмкүн, бирок жүрөгүнө сын айтмак түгүл, тооп кылганга даярмын. Жигитчилик жайы жигердүү иштин башаты экенин таналбайбыз. Жаша, досум, жаша, жанагыл идея берметиң түгөнбөсүн! Сүйүктүү акын эжебиз Азада Бегимкулова айткандай, «Үлбүрөгөн үмүт өчпөй/, Бүлбүрөгөн акыл чөкпөй/, Алдыга озуналы, жаман курбум/, Жашоодо бир жыгылып, араң турдуң…» Ырысбек досубуз келечекте көп нерселерди берерине бөркүмдөй ишенем. Анын саясаты жөнөкөй. Ошол жөнөкөй саясатты түшүнбөгөн журт башчыларына таңгалам…

Эрнис АСЕК уулу,

«Баягы Асаба» 2015-жыл, 16-апрель

Башыңардан ак калпак түшпөсүн!

Кыргыз элинин улуттук баалуулуктарынын бири болгон — улуттук баш кийимибизди даңазалаган Ак калпак күнү менен «Алакан» сайтынын эмгек жамааты куттуктайт. Башыңардан АК КАЛПАК түшпөсүн! Жүрөгүңөрдөн ЭНЕ ТИЛИБИЗ өчпөсүн!

Назира СААЛИЕВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.