Нуралы КАПАРОВ. Тузик (аңгеменин аягы)

Нуралы КАПАРОВ. Тузик (аңгеменин аягы)

АРХИВден…

Тузик (аңгеме). Нуралы Капаров. (Салижан Жигитов агамдын жаркын элесине арнайм)

(Уландысы)

Убададан тайбаган агабыз Тузикти он беш күн өткөн соң тестиер баласынан жетелетип жибериптир. Алыскы шаардан аскерден же окуудан кайткан баласын атасы кандай сагыныч-сүйүнүч менен тоссо, биз да Тузикти ошондой сагыныч-сүйүнүч менен тостук. Тузик да «өз үйүн, өлөң төшөгүн» аралай чаап, канчалык шыйпаңдап-жагалданып, оонап-куунап эркелебесин, тамак ичкен ит аягын шимшилеп-жыттагылап сүйүнбөсүн, эмнегедир баштагыдай элпек-сергек болбогондой комсоо тартып, тептегерек тунук көзүнүн ак чели кызаргансып, тиешеси жок жерге башын сала калганда «чык!» деп айбат көрсөтсөк, азуу тиштерин арсайтып ырылдагансыган, тегинде жок керсейген кыял-жорук күткөнсүп келди. Алгач анын мындай өзгөрүлгөн кыял-жоругун анчейин таңазар алганыбыз жок. Туут аяктап, субай кой жайытка чыккыча Тузик дагы бир жарым айча «кызматсыз» жүрдү. Көк көтөрүлүп, жер чымырап жылый баштаганда субай койлорду жайытка чыгарганыбызда, үч маал тамак ичкенден башка «жумушу» жок, үй күчүк сыяктанып жалкоо тартып шылкыя түшкөн Тузик тарткан жаадай чыйралып, «айт!» деген жагына алып учуп кой айдап, көрпө жүндүү куйругун шыйпаңдатып, төрт аягын тыбыратып, жыргап-куунап сүйүнгөнүн айтпа. Күндөрдүн бир күнүндө үйдөгү бала-бакыра менен кашардагы сакмалчылар Тузик кой кууп баратат деп ызы-чуу түшүп калышты. Уккан кулагыбызга ишенбей коктунун таманындагы кара сазга бастырып барсак, токту койду тамактап өлтүрүп, канын жалап, моюн этин булкуп-жулкуп жеп жаткан экен. Айбан да болсо сестенет эмеспи, бизди көрөрү менен өлгөн койду кыйбасынан айрылып жаткандай кыйыла көз таштап карап, жыла басып четке чыга берди. «Тигини, тигини, соксоюп олтурганын кара!» деп ачуум шакардай кайнап, каным башыма тээп чыкты. «Сениби, сени!.. Бул эмне кылганың?!» деп соп камчымды сороктотуп, карагер кашаң атымды теминип тап берген болсом, кайра мени жаман көргөнсүп жактырбаган көзү менен карап, чын эле чаап жибербесин дегендей тейде сактангансып өр таяп орун которуп барып соксоюп олтурду. Турган турушунда, соксоюп отурушунда дегеле бир жасаган күнөөсүн сезип койчу түрү жок. «Атаңгөрү, соксойгон бул шүмшүк итти соп камчы менен эси-көөнүнөн чыккыс кылып соёюн» деп, эчен жыл айбандай эмес, адамдай бөпөлөп баккан Тузигиме батынып баратып, эмнегедир койду кууп жеген Тузикти эмес, анча-мынча тентектик кылып койгон боор этим менен тең баламды, кара чечекей өз бир тууганымды сабоочудай болуп бараткандай туюм тула-боюмду аралап өтүп, капилет жүрөгүмдү жибиткен аёо сезим келди. «Ээ, ушул болбогон бир иш үчүн эзели кер-мур айтышпаган Тузигиме кол тийгизбей эле коеюнчу» деп ачуумду алыс кубалап, өзүмдү токтотуп, аттын башын бура тарттым. «Алты жылдан бери Тузигим көп болсо бир койго зыян келтирсе келтиргендир, ал эми канча койдун өмүрүн аман сактап калды» деп өзүмдү-өзүм жүйөлүү ишендирип жооткоттум. Алты жылдын ичинде ыраазычылык сөздөн башка сөз айтпаган Тузигимди бул жолу баламды кечиргендей, бир тууганымды кечиргендей кечирдим. Бир апта өтпөй баягы окуя дагы кайталанды. Куйруктуу борукту койдон бөлүп кууп келип коктунун таманындагы кара таштын түбүнө баскан экен, тамактап эле тим болбой, кардын да жарып жибериптир. «Мунуң оңолбой калды. Атып эле сал!» дешип сакмалчылар туш-тушуман чурулдашты. Ушунча жылдан бери Тузикти жарытып чаап көрбөгөн жаным атып салмак кайда? Сакмалчылардын шыкагы жана шакардай кайнаган жинимдин күчү менен бул жолу Тузикти акырын алдап кармап, кендир жипке байлап алып колумдагы соп камчынын уусу өткүчө сабадым. Менден таяк күтпөгөн жана менден таяк жеп көрбөгөн Тузик иттей каңшылап, баладай боздоп ыйлады. «Ии, дагы кубалайсыңбы! Дагы жейсиңби!» деп күчөгөндөн күчөп сабадым. «Кой кууган кандай экенин эми түшүндү. Экинчи кой куубайт» деген адилет ой жанымды такай жандай жүрчү аёо сезимимди тула-боюма жолотпой, чыйралтып турду. «Сени элеби, иттин гана ити!» деп ого бетер кекерленип буркан-шаркан түшүп жиндендим. Тагдырдын тараза ташы ооп, буга чейин Тузик койду кайтарып келген болсо, биз эми Тузиктен койду кайтарып калдык. «Ай, тур, тигини кара. Дагы кол салып жибербесин» деп шектенип, кооптонуп, коргонуп жашагандан өткөн кордук жок экен. Канчалык кооптонуп коргонбойлук, шектенип сак-сактап кайтарбайлык, алеки заматта Тузикке дагы бир койду алдырып жибердик… «Мунуңду жогот! Кой жегенди үйрөнүп келген турбайбы. Башка иттериңди да үйрөтөт! Башкаларды да бузат! Тезинен жогот!» дешти чыдамы түгөнгөн сакмалчылар. Ошол күнү кечте айылдагы кызматкер агам семиз кой керек эле деп жолдош баласынын машинасын айдатып жакадагы сарайга келип калыптыр. Болгон окуяны болгондой айтып бердим. «Ит бир кой кууса, бүттү, оңолбойт. Жылуу кан ичип бузулуп калган турбайбы» деп чыкпай жаткан бүтүмдү так кесе чыгарды да

«Минтип жүрсөңөр Тузик экөөңөр койдун аягына чыгасыңар. Машинага салып бер, анын эсебин өзүм табам» деп агам алып кетти… Ошентип Тузик ың-жыңсыз жоголду. Агам аны ташка бастырып өлтүрдүбү, атып салдыбы, же бир ээн талаага таштап кеттиби, билбейм. Учурунда оозум батып сурай да алганым жок. Азыр сурайын десем агамдын өзүнүн көзү жок, арман дүйнө!..

* * *

Тузиктин кандайча кой кууп бузулуп калганын баягы он беш күнгө сурап кеткен аталаш агамдын баласынан уктум… Тузик чымын-куюн чимирилип кой айдаса аталаш агамдын эзели кой айдап жарытпаган Көк куба кыргыз ити да салпактап кошо чуркап, ичи күйүп атаандаш каныбы же акылдуу, элпек иттен өрнөк алганыбы, айтор, кошулуп кой айдай баштайт. Демейде кара жанын көтөрүп баскандан эригип, көлөкөдөн көлөкө тандап, кызыл тилин салаңдатып акактап жаткандан башканы билбеген ити мынтип серектеп кой айдап жатса, ким эле өз итине сүйүнбөсүн. «Көрсүн, үйрөнсүн, оңолсун» деген ниетте Көк кубаны Тузикке кошуп коет. Күндөрдүн бир күнүндө күңгөйдүн көрүнөө жак бетине койлорду таштап, малчылар тамактанганы үйгө кеткенде, ушундай ыңгайлуу учурду көптөн бери күтүп жүргөн Көк куба жылга менен шек алдырбай жыла басып, жайылган койдун туура тушунан капилет чыга калып, кол салат. Дыр берип туш-тушка чачырап үрккөн койдун арасынан тик сайылып кокту ылдый качкан ала баш койдун артынан түшөт. Мындай «ызы-чууну» башынан өткөрүп көрбөгөн Тузик кой койдон бөлүнүп качып, Көк куба качкан койду жетип кайрып койго кошуш үчүн кубалап баратат, мындайда карап турганым жарабас, мен да жардам берип тосушайын деген ойдо Көк куба менен ала баштын артынан чымын-куюн болуп сызып жөнөйт. Ээн сайдын этегиндеги кара сазга жеткенде Көк куба ала баш койду басып жыгылып, сүрдүгүп жыгылган кой бар күчүн жыйнап турам деп обдула бергенде, тиштеген толорсугун кое берип, шамдагайлык менен тамактан алганда төрт аяктап өөдөлөнгөн койдун койгулжум көгүш күрөң көзү аңтарылып, кекиртегинен күр-шар этип кан чачырайт. Артынан чымын-куюн болуп жете келген Тузик окчунураак жерге тык токтоп, көчүгүн көк чөпкө таштап, Көк куба менен ала баштын «кармашына» түк түшүнө бербей, соксоюп отурган жеринде дал болуп катып калат. Ала баштын бут серпкенге алы келбей, көгүш күрөң көзү толугу менен агына аңтарылып, сулк жатып калганда гана Көк куба карышкан жаагын бошотуп, өңгүл-дөңгүл саздын оюгуна уюп толгон жылуу кандан эки-үч ирет «лак-лак» эткизип сугунуп жибергенден кийин гана көптөн бери көксөп жүргөн жылуу канга эми көөнү тойгондой, жүрүм-туруму токпейил тартып, «кандын жылуусунда сен да ашап ал» дегендей, четкерээк чыгып өпкө кагып соксоюп олтуруп калат. Тузик Көк кубаны үнсүз көз карашын түшүнгөнү менен «бирок, кантип?» дегендей суроо салып шыйпаңдайт. Өмүрү тирүү жанга кол салып көрбөгөн, кайнатылган жемдин кара жармасы менен анда-санда арып-ачып арам өлгөн койдун катыган, сасыган этинен башканы билбеген, аны да «ме!» деп ээси бөлө-бөлө чаап астына ыргытканда гана араңдан зорго батынып барып жеген Тузик мынабу тоодой томкорулуп жаткан ала баштын каңылжаарды жарган жылуу каны менен майлуу жумшак этине кантип тиш салат? Чын эле кантип? Тузиктин мээ тамыры лукулдап, муштумдай жүрөгү дүкүлдөп чыгат. «Кантип? Кантип?» деген сагызгандай шакылыктаган суроого жооп таппай, отурган ордунда төрт аягы тыбырап, кыйпычыктайт. Тээ көкүрөк түпкүрүндө мурда Тузикке белгисиз түйүлдүк болуп жаткан айбандык бир сезим акырын «көз жарып», ал сезим күңүрт үнгө айланып, «же, Тузик, же!» дегендей көзүн караңгылатып, кулагын чуулдатат. Көрпө жүн куйругу көчүгүнө кыпчылып, соксоюп олтурган ордунан туруп, арткы бутун, алдыңкы колун керилип түзөп, акырын алдыга баса баштайт. Жыла басып келатып эле денесин ток ургандай «дүр» эткен коркунуч аралап, тык токтоп калат. Ой-тоону аралап кой айдап күйүгүп чуркаганда нымшыбаган денеси нымшыйт. Ал көзү канга толуп кызарган Көк кубадан эмес, бейажал даңкайып өлүп жаткан ала баштан корккон сезим эле. «Леп-леп» этип үзүл-кесил желген жел жылуу кандын жытын Тузиктин мурдуна демеп, «кел-кел!» дегенсийт. Оңтойсуз жерден обору ачылып, жаагы ылдый куюлган шилекейи бүйлөсүнөн ашып-ташып, кызыл тилинен жерге «тып-тып» этип тама баштаганда, жылуу кан менен жумшак этти көздөй Тузик боортоктоп жыла баштайт… Уюган жылуу канга тумшугу терең малынып, аңырдай ачылган оозу оп тартканда, кочуштай кан таңдайына жумшак урунуп, токтоосуз кекиртегинен кызыл өңгөчүн карай чоюлуп барып «кылк!» этип куюлганда бул дүйнөдө чабагандап кой айдап жашап жүргөн Тузигим тула-боюн ысытып, жан дүйнөсүн балкыткан мындай ырахатты көрбөгөндүр! Мына, сага даам! Мына, сага тамак! Мына, сага жашоо! …Ошол күндөн ушул күнгө Тузиктин оборун ороодой ачкан, «дагы, дагылап» мээсин жеген, кулагынын кужурун алган түбү жок напси оорусу бүткүл күч-кубатын, жашоосун, эркин ээледи. Ал баштагыдай эле жайылган малга ак санап каралаган, ээсине эркелеген Тузик болгусу келет. Башын чулгуп баарын унуткусу келет, көк жайсаң чөпкө оонап ойногусу, арсылдап, борсулдап үргүсү келет. Шайтан баскырдыкы, каяктан аякка барды эле, каяктан Көк кубаны ээрчиди эле. Чымга бастыргандай, сазга тыккандай чыгалбай жатпайбы… Карабайсыңбы, «дагы, дагылап» дагы келатат… Жылуу кандын жытын эңсеп, даамын сагынат… Тигине, ээн жайылган койдун калдайган карааны да чыга калды… Өзөгү үзө тартып, напсиси ойгонду… Көзү чычаладай күйүп, каны кайнап, бул дүйнөнүн бар-жогун унутуп, «атасынын көрү дүйнө бок, бүгүн көргөн эртең жок» дегендей, башын канжыгага байлап, кечээ күнкү кожоюндун досу, бүгүнкү душманы Тузик жайылган койго атылган октой атырылып жөнөдү…

* * *

«Ажо качты, ажо качты!» дешип дүң түшүп, толкуп алган эл токтоно албай турган кыйын чакта шаардын чок ортосунан Салижан аке экөөбүз жолугуп калдык. Салам айтып, алик алышкан жерден эле ажонун качкан окуясын талкуулай баштадык.

– Карачы, Кыргызстанды кандай карызга батырып качып кетти. Жегенин жеди, алганын алды, — деп каңырыгым түтөдү.

– Эй, Нуралы, — деди Салижан аке.

— Ажо жесе жегендир. Түгөнбөгөн акча жок, түгөнөт. Эң жаман жери, жетидеги баладан жетимиштеги чалга чейин жегенди үйрөтүп кетпедиби! Эми жегендер түгөнбөйт… — деп улутунуп үшкүрдү. «Эми жегендер түгөнбөйт…» — деп дагы бир жолу нааразы үн менен кайталады.

«Чын эле… — дедим мен ичимен , — эми жегендер түгөнбөйт»…

Мен эмнегедир Тузикти эстедим.

Нуралы КАПАРОВ,

«Баягы Асаба» (2014-жыл, 30-январь)

P.S. «Тузиктин» башталышы бул ШИЛТЕМЕде

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.