Си Цзиньпин үчүнчү мөөнөткө Кытайдын төрагасы болуп шайланды

Си Цзиньпин үчүнчү мөөнөткө Кытайдын төрагасы болуп шайланды

Эл өкүлдөрүнүн бүткүл кытай кеңешинин депутаттары Си Цзиньпинди Кытайдын төрагасы кызматына үчүнчү мөөнөткө кайра шайлады. Бул тууралуу «Синьхуа» маалымат агенттиги кабарлады.

Мындан тышкары Си Цзиньпин Борбордук аскердик кеңештин төрагасы кызматына да кайра шайланды. Мындай чечимди 2 952 депутаттын баары бир добуштан колдогону кабарланды. Буга чейин депутаттар Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин реформалар боюнча планын да жактырган.

Мамлекеттик кеңеш Кытайдын жогорку аткаруу органы болуп эсептелет. Азырынча анын реформалар боюнча планы жарыялана элек. Бирок ал Кытай Компартиясынын «борборлоштурулган жетекчилигин» күчтөнтүп, мамлекеттик аппараттын натыйжалуулугун жогорулатышы керек.

«Коммерсантъ» басылмасы белгилегендей, муну менен Си Цзиньпин өлкө тарыхында үч жолу беш жылдык мөөнөткө Кытайдын төрагасы болуп шайланган алгачкы жетекчи болуп калды.

Си Цзиньпин 69 жашта. Ал Кытай Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин башкы катчысы болуп 2012-жылы тандалып, 2013чү жана 2018-жылдары Кытайдын төрагасы болуп шайланган. 2017чи жана 2022-жылдары Компартиянын Борбордук комитетинин башкы катчысы болуп кайра шайланган.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.