70 жаштагы «Азаттык». Кубат Оторбаевдин апасы, жубайы, «Гүлдөрү»…

70 жаштагы «Азаттык». Кубат Оторбаевдин апасы, жубайы, «Гүлдөрү»…

«Азаттык» 70 жашта

“Эркин Европа”/Азаттык” үналгысынын кыргызча берүүлөрү обого чыга баштаганына бүгүн (18-мартта) 70 жыл болду.  Алгач “Азаттыктын” “Түркстан редакциясынын” курамындагы кыргызча берүүлөрдү Азамат Алтай (Кудайберген Кожомбердиев) даярдап, туңгуч берүүнү 1953-жылдын 18-мартында Германиянын Мюнхен шаарында обого чыгарган. “Азаттыктын” Бишкектеги бюросун 1991-2005-жылдары: Тынчтык Чоротегин (1991-95 жана 1996-98), Эсенбай Нурушев (1995-ж), Салижан Жигитов (1995-96-ж.ж.), Кыяс Молдокасымов (1998-2005), Кубат Оторбаев (2005-2010) жетектеген. Учурдагы жетекчиси — Бакыт Асанов. Бакыт мырза жакында эле, 13-мартта Кубат Оторбаевдин “Гүлдөр күтөт” ыр китебинин бет ачарында сүйлөп, радио учурда убактылуу сыноону өткөрүп жатканын, аны ар ким ар кандай жоромолдоп жаткандарга «Азаттыктын» редактору Кубат радио кандай иш алып барарын чыгармачылыгы менен далилдеп койгонун белгилей кетти. Анда эмесе, ошол чыгармачылык кече тууралуу сөз башынан болсун!

30 жылдан кийин акындык “чарбагына” кайрылган Кубат…

Мурунку “асабачы”, кийинки “азаттыкчы”, УТРК, Акыйкат институнун мурдагы жетекчиси, Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү, белгилүү журналист, айрымдарга акындыгы менен эми-эми гана таанылып жаткан Кубат Оторбаевдин адабий чыгармачылык кечеси социалдык тармактарда 6 күндөн бери сөз болуп жатат…

Кубаттын ыр курамай өнөрүн 10 жыл мурун жолдошум Эрнистен (Асек уулу) уккам. Учурунда экөө Улуттук университетте окуп, айтылуу «Асаба» гезитинде чогуу иштешкен. Эрнистен угушумча, Кубат келинчеги Нурипа ылдыйкы курста окуп жүргөндө ашык болуп, арзуу ырларын жазган экен…

Кубат акыры ошол ашыгына жетип, азыр бактылуу өмүр сүрүшүүдө. Кудай ушуну кут кылсын! «Азаматтын ак таңы – алган жары, өмүрүн улап турган балдары» дегендей, Кубаттын “ак таңы”, жолдошунун ийгиликтери үчүн балдарды багып, үй-жайдын ичи-тышынын баарын тейлеп колун бошотуп болгон шарттарды түзүп чоң роль ойногон, аз убакыт журналистикага аралашкан Нурипа Кичинебатырова – менин «Бишкек таймс» гезитинен тапкан жакын курбум. Менин баам ушундай: ал мыкты журналист, мыкты жар, мыкты эне. Макалаларды жакшы жазат. Интервьюларды да мыкты алат. Эсимде, комуз менен домбурада бирдей кол ойнотуп өмүрдөн өткөн өнөр ээси маркум Майра Керим кызы ооруп жүргөндө үйүнө барып, эринбей 7 саат маектешип, ал кишинин ден соолугу аябай эле солгундап калганын кейип айтып келип, гезитке “Энемдин курсагынын кызыгын көрсөм да, кучагынын кызыгын көрбөй калдым” деген маекти жазды эле… Дегеним, Нурипа боорукерлиги, жароокерлиги, эстүүлүгү, акылы, ой жүгүртүүсү бир башкача жан. Ыймандуу, колу эптүү, шыктуу, ушактан алыс, ар ишке калыс, жолдошунун ишине кийлигишпеген, ага толук эркиндикти берген мыкты айым.

Кыргыз эл акыны Байдылда Сарногоев жубайы Зина эжеге арнаган «Ак куу» деген ырында:

Мен сүйдүм Ысык-Көлдүн ак кууларын,

Бирок да эссиз эмес, баштууларын.

Сүйбөдүм узун кара кара чачтууларын,

Сүйдүм мен көӊүлүмдүн жактырганын.

Мен сүйдүм, мени чындап ал да сүйдү,

Үйлөндүк, үйүбүзгө бакыт кирди.

Ал Ак куу Ысык-Көлдө сүзгөнүндөй,

Турмуштун көлүндө да сүзө билди» деп жазгандай, Кубат да кыздардын эссизин эмес, баштуусун сүйүп, турмуш көлүндө ушул ак куусу менен өмүр кечирип келет… «Кубат, жар тандоодон жаңылбапсың, артыңда Зина ападай күчтүү айым Нурипа турганда, Кыргыз эл акыны болор күнүң алыс эмес» дегим келет…

Нурипага арнаган «Балтатым» ырың ак сүйүүңөргө күбө:
Кошулуп бассак — кош данек бизбиз,
Кыналып өскөн койкоюп жиксиз.
Кызыгып жүрөм бакытым бул деп,
Кудайым айткан түгөйүм сизсиз.
****
Ах, сенин манжаң! Манжалар мейиз,
Кучактай койсом кучагың бейиш.
Ойлосом сени оңолот дүйнөм,
Ойлоодон калсам ошонум кейиш.
****
Шыбырың сенин — шабдалы ширин,
Шербетиң — күлкүң, басканың — бийиң.
Экөөн тең койдум көз мончок көздүн,
Өбө албай жүрөм тойгончо бирин.

Нурипанын мыкты сапаты бүйрөлүгүн жолдошунун кечесинде Жазуучулар союзунун төрагасы Нурлан Калыбеков да тастыктады: «Кубат менин курсташым. Университетте окуп жүргөндө эле ыр жазчу. Кийин антологияга киргизейин деп ырларын сурасам, кайда калганын билбейм дейт. Анан аяшка сурап чалсам, Кубаттын ырларын сактап жүргөн ушундай жакшы жары бар экен, саргайган кагаздагы ырларын алып келип берди. 30 жылдан кийин Кубаттын балалыгындагы, жаштыгындагы ырлары окулуп, ырдалып жатат. «Гүлдөр күтөт» китеби биздин жазуучулар союзунун атайын комиссиясынын сынынан өтүп, поэзия жанры боюнча  2022-жылдын мыкты китеби болгон. Дагы-дагы мыкты ырларды күтөбүз, досум», — деди.

«Кубат, сенин сүйүү тууралуу ырларың мыкты экен, бардыгы китепке кириптир. Эгер жубайың начар болгондо кирбей калмак. Алыкул Осмоновдун ырында айтылат го, «китепке сен кирбей калдың, үйдөгү редактордун айынан…» деп, ошол сыңары үйдөгү редакторуң жакшы экен» деп белгилүү журналист, публицист, Айтматов таануучу Эсенбай Нурушев агабыз айткандай, Нурипа Кубаттын «үйдөгү редактору». Келинчегине айтылган жакшы сөздүн баары чындык деген Кубат кеченин аягында гүл тапшырганы да ошондон…

Эми Кубатты айтпай, эки-үч абзац курбусун айта бериптир дебеңиздер. 30 жылдан кийин акындык өнөргө кайтып, 50 жашында элге отчет берген Кубаттын “ыр көрөңгөсүнүн” башталышына, сакталышына, уланышына себепчи адамды мен айта кетпесем болбойт…

Нурипа дагы Эрнистей болуп бир суроону кабыргасынан койду: «Назира, сага бир суроо берем, бирок курбум деп менин көңүлүм үчүн эмес, чындыкты гана айтасың. Кубаттын чыгармачылык кечеси кандай өттү?» деп…

Нурипанын мындай суроосу Эрнисимди эске салды. «Байке, Булгаковдун «Мастер менен Маргарита» романын которуп бүттүм. Ага баш сөз жазарсыз, бирок Мелис байкем, досуңуздун иниси катары эмес, котормочу катарында» деп Кыргыз эл жазуучусу Султан Раевге айтты эле… Агабыз жазып берди, бирок өтө кеч… Аны өзү окубай кетти… ШИЛТЕМЕде.

Эми Эрнисин эмнеге жазып кетти дебеңиздер, мени туура түшүнөсүздөр деп ойлойм. Себеп дегенде, Ат-Башы дегенде, поэзия кече дегенде эле 50 жашка толбой, поэзия кечесине жетпей өмүр каалгасын жаап, мени өкүттө калтырган жолдошумду эстейм. Ат-Башы кулагыма жакшы угулат… Эрнис да атбашынын кулуну. «Ат-Башы район эмес, облус,  биз, атбашылыктар өзүнчө облуспуз…» деп тамашалап күлүп калчу… Эл, жерин, Кыргызстанды, Кубатты жакшы көрчү… Тирүү болгондо Кубаттын чыгармачылык кечесине катышып, оюн айтмак…

Эми жакшы көргөн курбум Нурипанын суроосуна жооп берейин. Поэзия кечесин четинен тизмелесек, ал аншлаг менен жогорку деңгээлде, башкача форматта өттү.

Драма театрдын босогосун аттанганда эле столдо тизилип турган ыр китебин сатып алууга ашыккан эл узун кезекке туруп автордун кол тамгасын алып, сүрөткө түшүп жатышты…

Кесиптешим Базарбай Гапаров айткандай, эски адат менен депутаттар, акимдер, губернаторлор ж.б. аттуу-баштуулар чыгып, калпак кийгизип, чапан жаап, чубуртуп куттуктоолорун окушкан жок. Атүгүл мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов да сүйлөгөн жок, көрүүчү катары келип, кол чаап отурду…

Бишкек шаарынын депутаты Таалай Сариев гана ырын окуп, мекенчил жигит экендигин баса белгилеп, «Бишкек шаарынын патриоту» төш белгисин тапшырды.  ВИДЕО

Кече башталышында эле Кубат «Балалыкты эстегенде апакем,/ Шырдак шырып отургансыйт жанымда»…  деп апасына арналган ырын окуп, гүл тапшырды. ВИДЕО 

Алтындай болгон апасы уулунун кичинекей кезинен бир колунан калем, бир колунан дептер түшпөгөнүн, китепти көп окуганын айтты…

Кубат атасы Казыбек айылындагы мектептеги класстын шыбына асмандын сүрөтүн тартып, балдарга жылдыздар илимин окутканын, асманда айды көрсө астроном атасын эстеген ырын окуп, апасын, бир туугандарын, жубайын жашытып да алды… Атасынын ар-намысын сактап, фамилиясын булгабай, жакшы алып келаткан Кубаттын санжырасы да учкай айтылды…

Кубаттын тарыхый инсан «Казыбек” поэмасы мыкты экен, андан үзүндү сахналаштырылып коюлду. Билеттер боюнча лотерея ойнотулуп, биринчи бөлүктө эки адам 3 миң жана 5 миң сомдук китеп сатып алуу сертификатына ээ болушту. Экинчи бөлүктө журналист, акын Максат Жангазиев Кубаттын келинчегинин кол эмгеги — шырыган шырдакты, Азамат Тынаров кымбат баалуу айфон утуп алды. Андан кийин Жогорку Кеңештин депутаттары Камила Талиева, Нуржигит Кадырбеков, Мирлан Самыйкожо жана Эмил Токтошевдин жубайы Рысгүл Акимжанова ырларынан окушту.

Алыкул Осмоновдун телефонун сураган акын кыз…

Обондуу ырлары ырдалды. Фонограмма эмес, жандуу үн менен… Белгилүү ырчы, обончу, куудул, тамада Майрамбек Осмонов Кубаттын эки ырына обон чыгарган экен, аларды ырдар алдында арыраак турган микрофонду берирээк жылдырып келип, «Ковидден кийин башыбыз жакшы болбой калды…” деп тамашага салып: “Бир жолу бир ырчы кыз, “бул саптарын мындай кылып ырдаса болобу” деп менден Алыкул Осмоновдун телефонун сурады, “эртең Токтогул Сатылгановдон сурап берейин” дедим. Тамашалап жатабы десем, кайра Чыңгыз Айтматовдун телефонун сурады. «Сен сурагандын баары шеринелеш. Мындай жүрүш менен өзүң деле таап аласың го…» дедим” деп “таланты бар, бирок билим-дээри жарды” жаштардын өкүттүү жоругун айтып боорду эзди. Кубатты сахнага чакырып алып, «ушундай бойлуу, сулуу жигиттердин бир аял менен жашап өткөнү кызык да…» деп тамашага салып, ырын ырдап залды бир дуулдатып узады сахнадан…
3 ырына обон чыгарган Жазгүл Жумаканова «Жакшылар болсун жаныңда» ырын ырдап берди. Ырга да, обонго да баам салып көрүңүздөр:

Баса…

“Гүлдөр күтөт” деген китеп аталышын «Азаттыктын» кыздары таап беришиптир. Китеп жарык чыгууга дайындалып жатканда, аталышын ар кандай коюп кесиптештер арасында тандоо уюштурса, кыздар добушу көптүк кылып ушул аталыш жеңип кеткенин “Азаттыктын” мурунку жетекчиси Айзада Касмалиева айтып, кыздардын сунушун эске алып, ушул аталышка токтолгонуна ыраазычылыгын билдирди…
Апа, сүйүү, ашыктык, селкилер, гүлдөр, айтор, жагымдуу, жарашыктуу назик дүйнө көбүрөөк ээлик кылган “Гүлдөр күтөт” китеби эми окурмандар сынында… Таап алып, сатып алып, оюңуздарды дагы айтат чыгарсыздар…
Азырынча биздин айтар кебибиз ушул…

Гүлдөр күтөт

Гүлдөр күтөт, күндөр сыры чечилгис,

Коюу түндөр демин ичке жашырган.

Жылдыз учкан сырлуу кечтин ээси биз,

Кобурашып чери кептин жазылган.

 

Ыр да болор обон коштоп кайрыкты,

Өткөн күндөр эске түшөр кайрадан.

Ал жаралуу жүрөк карты айыкты,

Бир кеч келер, көңүл толкуп жайнаган.

 

Ал кимдерде болбойт дейсиң бир арман,

Ал байыркы дүйнө сымал белгилүү.

Бүгүн сени сүйгүм келди кайрадан,

Же алсыздык алып мени жеңдиби.

 

Бул үйнөнүн турган жайы табышмак,

Баш катырып кереги не эми ага.

Гүл эриндер чоктой ысып жанышмак,

Эгер берсек эркин коюп жайына.

 

Бир тууганды тапкан сезим уялап,

Бир кылымдан бери сени билгендей.

Болгон арман-түйшүгүмдү кубалап,

Сен бир мага башка ааламдан келгендей.

 

Гүл саймалап көк дөбөнүн беттерин,

Коюу түндө булак сырын шыбырайт.

Таарынычтай куса толгон кептериң,

Ай нурунда боёп демиң ыр курайт.

Урматтуу кесиптештер, 70 жылдык мааракеңер менен «Алакан» сайтынын эмгек жамааты куттуктап, бардык жакшылыктарды каалайт. Бар бололу, бир бололу! Чырдашпай, ырдашып эле туралы!

Назира СААЛИЕВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.