Бишкек шаардык кеңеши мэрдин ишин эмнеге жогору баалады?..

Бишкек шаардык кеңеши мэрдин ишин эмнеге жогору баалады?..

Бишкек шаардык кеңешинин кезектеги сессиясы 16-мартта өтүп, анда мэр Эмилбек Абдыкадыровдун Бишкек шаарынын мэриясынын 2022-жылга карата аткарган иштери боюнча баяндама угулду.

Мэр муниципалитеттин иш-аракеттери, шаардыктардын жашоо-тиричилиги үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө, борбор шаардын статусун жана талаптагыдай деңгээлин камсыздоого багытталгандыгына токтолуп, 2022-жылы алдын ала пландаштырылган комплекстүү иштер жүргүзүлгөндүгүн баса белгиледи. Жыйын жүрүшүндө негизги көрсөткүч шаар казынасын толтуруу кыйла жемиштүү болгондугу менен башталды. Айтымында, шаар казынасын толтуруу жылдагыга салыштырмалуу ашыгы менен аткарылган.

«Жергиликтүү бюджеттин кирешеси көбөйдү. 2022-жылы иш жүзүндө 15 млрд 400 млн сом киреше түштү, планда 14 млрд 700 млн сом белгиленген, план 104,8% аткарылды же пландан тышкары 700 млн 800 миң сом түштү. 2021-жылга салыштырганда иш жүзүндө түшкөн кирешенин өсүү темпи 143,2%ыз болду. Жергиликтүү кирешелердин көлөмүндө негизги орунду салыктык кирешелер ээлейт. Иш жүзүндө 12 млрд сом салыктык киреше түштү, салыктык эмес кирешелер боюнча 1 млрд 300 млн сом чогулду«,-деди калаа башчысы.

Мэрдин кылган ишинин айрымдарына токтоло кетсек…

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы, Министрлер Кабинетинин колдоосу менен Бишкек шаарынын мэриясы 2022-жылы 15 жаңы мектептин жана 1 бала бакчанын курулушун бүткөргөн. Бул шаардыктарды чоң кубанычка бөлөп, 6 айда мындай көп социалдык объект курулбагандыгы коомчулукта кыйла эле сөз болгон. Шаардык кеңеш дагы мэрдин бул тапшырманы ийгиликтүү аткаргандыгына оң баасын берип, мэриянын өткөн жылдагы жемиштүү иши катары баалады.
Дагы бир чоң маселенин бири коомдук транспорт экенин белгилеген шаар кеңешинин депутаттарына мэр Эмилбек Абдыкадыров Бишкек шаарынын мэриясы шаардык кеңештин колдоосу менен 1 млрд. сомго экологиялык талаптарга жооп берген газ моторлуу 120 автобусту сатып алып каттамдарга чыгаргандыгын да айтты. Мындан тышкары жогору да аталган Европалык реконструкциялоо жана Азия өнүктүрүү банктар аркылуу газ менен жүргөн 250 автобусту жана 120 электробусту алып келүү ушул жылы ишке ашуусу күтүлүп жатканын да кошумчалады.
Калаа жетекчисинин бир жыл алкагында аткарган жемиштүү иштеринин бири — бул катуу тиричилик калдыктарын кайра иштетүү иштери жолго коюлгандыгы болгондугун биз дагы баса белгилеп кеткибиз келет. Бул багытта шаар бийлиги «Таштандыларды кайра иштетүүчү комплексти куруу» долбоорун ишке киргизүү боюнча потенциалдуу инвесторлор менен иш жүргүзүп, келип түшкөн коммерциялык сунуштар боюнча долбоордун жалпы наркы 45 млн. АКШ долларына бааланып Чехиялык компания менен долбоордун жол картасына кол коюлганы да белгиленди.

Ал эми жол тармагы боюнча бир катар жумуштар аткарылып 2022-жылы 27 транспорттук жана 4 жөө жүрүүчүлөр объектисинин курулушу аяктап, жалпы 2 млрд 700 млн сом суммасына «Бишкек шаарынын көчө-жол тармагын өнүктүрүү» 2-Фаза долбоору алкагында 60 көчө реконструкцияланып, 130 км тротуар курулуп, 46 миң даана ирригациялык лотоктор жаңыланып, 5 көпүрө курулуп, узундугу 25,5 км түзгөн тротуарды капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлгөн. Ошондой эле бул жылы «Бишкек шаарынын жол-транспорт системасын өнүктүрүү концепциясы» (3-фаза) долбоорунун алкагында КЭРдин грантынын эсебинен 4 көчө кесилишинде 4 развязка транспорттук түйүндөрүн куруу дагы каралып жатыптыр.
Шаардагы турак-жай коммуналдык чарбасы үчүн Бишкек шаарынын мэриясы 355 млн сом бөлүп, 77 даана адистештирилген техника сатып алуу каралып, алардын жарымынан көбү алынып, калгандары келип жаткандыгы да айтылды.
Тез медициналык жардамга болгон жүктү азайтуу, бейтаптарга үйүндө медициналык жардам көрсөтүү үчүн Бишкек шаарынын көчмө амбулаториялык кызматы түзүлүп, ал үчүн санитардык машиналардын саны 16га көбөйтүлгөн.
Мындан тышкары калаа жетекчиси шаарыбыздагы ыш маселесин чечүү үчүн ушул жылы «Бишкекжылуулукэнерго» коммуналдык ишканасы аркылуу бир катар социалдык обьектилеринин көмүр от казандарын экологиялык жана коопсуз отунга өткөрүү, шаарыбыздагы 5 конушту газ менен жылытууга өткөрүү каралып жатканын, «Кара жыгач» сейил багын көрктөндүрүү, Ала-Арча, Аламүдүн, Чоң Чүй каналы сууларынын жээгин көрктөндүрүү, ал жерлерге шаардыктарга эс алуучу жайларын куруу долбоорлору пландалганын айтып, алар депутаттардын көпчүлүгүнүн көңүлүнө жагып алар тарабынан сунуштар дагы айтылды.

Сессиянын жүрүшүндө шаардык кеңештин депутаттары мэрдин орун басарыларына жана райондук администрациялардын жетекчилерине аткарган иштерине сын-пикирлерин айтып, бирге иш алып баруу маанилүүлүгүнө токтолушту. Аягында Бишкек шаардык кеңеши Бишкек шаарынын мэринин 2022-жылга карата аткарган иштеринин отчетун бир добуштан кабыл алып, жогорку баасын беришти. Шаардык кеңештин айрым депутаттары 2018-жылдан бери калаа башчылыгына келген бир дагы мэр мындай деталдуу жылдык отчет бере электигин баса белгилешти.

Гүлгаакы ЖАКЫП кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.