Нооруз келип… Дарика Жалгасынова Алыкулду эстеп… Байдылда Сарногоев «Жоктугубуз билинбес…» деп…

Нооруз келип… Дарика Жалгасынова Алыкулду эстеп… Байдылда Сарногоев «Жоктугубуз билинбес…» деп…
Бүгүн өзгөчө күн: Нооруз. Алыкул Осмоновдун туулган күнү. Бүткүл дүйнөлүк поэзия күнү. Поэзия күнү болгондон кийин макалабызды ыр менен баштайлы!
Алыкулду эскерип…

Алыкулду эстей берем кайтадан,

Жарым кашык музыкага чаңкаган.

Атаганат, дүлөй болду бул күндө,

Музыканы кулагы укпай канча адам.

Көптү айтат анда түшкөн сүрөтүң,

Сабырың суз, ууртуңдан күлөсүң.

Жүрөктөрдүн тереңинде жылмайып,

Ар адамдын сезиминде жүрөсүң.

 

О, Алыкул, музыканы тыңшачы,

Жутуп ийчи калтырбастан бир тамчы.

Сага арналып симфония ойнолот,

Кыргыз эмес, бүт дүйнөгө аттанчы!

Дарика ЖАЛГАСЫНОВА,

«Замандаштарга эстелик» китебинен (2001-жыл, август)

35 жыл гана өмүр сүргөн залкар акын

Кыргыз элинин алгачкы жазма акындарынын эң ири өкүлдөрүнүн бири, «Кудайга миң мертебе калп айтса да, ырына миң мертебе калп айта албаган» залкар акын Алыкул Осмонов Панфилов районуна караштуу Каптал-Арык айылында 1915-жылы 21-мартта туулган. Жаштайынан томолой жетим калып, Токмок балдар үйүндө тарбияланат. Так ушул жерден ыр жазып баштайт. 14 жашында Фрунзе педагогикалык техникумга кирип (1928 – 1933-ж.ж.) окуйт. Ал жакта адабий ийримдерге катышып, орустун белгилүү жазуучуларынын чыгармалары менен таанышат. «Сабаттуу бол» гезитине 1930-жылы «Кызыл жүк» деген алгачкы ыры басылып, тушоосу кесилет. Ушундан баштап ырлары гезит, журналдарга үзүлбөй жарыялана баштайт. Мындай мамиле ага шык-дем берип, дүйнөлүк адабиятты үзбөй окуп, билимин, тажрыйбасын тереңдетет.

«Мен турмушта сараң, ачкөз эмесмин,
Өктөө кылып: «Ай, аз бердиң», — дебесмин.
Байлык, үй-жай, ден соолуктан ардактуу,
Мага берсе, эки сабак ыр берсин»
деп жазганындай, ал өмүрүн ырсыз элестете алган эмес… керемет ырларды жаратып, өмүрүнүн акырына чейин поэзияны ыйык туткан.

Акындын бир нече жыйнактары, поэмалары жана балдарга арналган чыгармалары орус, англис, эстон, казак тилдерине которулуп, төрт ыры япон тилиндеги «Дүйнөлүк акындар» альманахына кирген. Ошондой эле, чыгармалары орто мектептерде, жогорку окуу жайларда кеңири окутулат. Өмүрү, чыгармачылыгы боюнча көптөгөн адабий, публицистикалык жана илимий эмгектер, китептер жазылуу менен кыргыз адабият тарыхында Алыкул таануу багыты улам кеңири кулач жайып, ырлары ырдалып келет…

Ата Журт

Сөзү: Алыкул Осмоновдуку. Обону: Шамшыбек Өтөбаевдики.

Жылуу кийин, жолуң кыйын үшүүрсүң,
Кыш да катуу бороон улуп, кар уруп…
Суугуңду өз мойнума алайын,
Жол карайын, токтой турчу, Ата Журт!

Жазда башка жел тийбесин абайла,
Көпкө турбас мобул турган сур булут.
Бүт дартыңды өз мойнума алайын,
Сен ооруба, мен ооруюн, Ата Журт!

Түндөр жаман кырсык салып кетпесин,
Наалат келип, ат тизгинин шарт буруп…
Азабыңды өз мойнума алайын,
Из карайын, токтой турчу, Ата Журт!

Жазда башка жел тийбесин абайла,
Көпкө турбас мобул турган сур булут.
Бүт дартыңды өз мойнума алайын,
Сен ооруба, мен ооруюн, Ата Журт!

Алыкул Осмонов 1950-жылы 12-декабрда дүйнө салган. 35 жыл гана өмүр сүргөн.Залкар акын Байдылда Сарногоев (1932–2004) жазгандай, улуу таланттардын «Жоктугу билинбес»…

ЖОКТУГУБУЗ БИЛИНБЕС

Түшүнбөдүм эмнеликтен экөөбүз,
Кээ бир кезде жаман, жакшы дешебиз.
Билгин курбум, миң жашаган киши жок,
Бул дүйнөдөн бир өтөрүн өтөбүз.
Калар артта, кадырлашып сыйлашуу,
Калар артта катарлашып бир басуу.
Тирүүлүктө канча болсо сыйлашуу,
Өлгөндө да шончо болор ыйлашуу.
Ажал келер уурулардай сыр айтпай,
Биз кетербиз, бирок калат турак жай.
Турак жайга тутка болот балабыз,
Караңгы үйдү жарык кылган чырактай.
Артыбызда өрнөк калса түңүлбөс…
Балдар менен тирүү жашаар тирүү кез.
Акыл-насаат сөзүбүздү эскерсе,
Анда биздин жоктугубуз билинбес.

Эрнис АСЕК уулу: «Бармын…»

«Өлсөм дагы жара тээп мүрзөмдү,
Буудан болуп таскак салып өтөрмүн” деп Алыкул Осмонов жазгандай, экинчи өмүрү ырларында уланууда…
«Ойлон. Ойлон. Ойлонгун.
Күтпө. Күткүн. Толгонгун.
“Келди” дебе, “Кетти” дебе эч качан,
мен боломун жана бармын, болгонмун» деп ыраматылык акын жолдошум Эрнистин (Асек уулу) (1970-2020) «Башат» деген ырындагы саптардай, акындар болгон, болот, бар, ысымдары түбөлүк жашайт! Талантты баалаган кыргыз элим, жакшы адамдар турганда, кыргыздын мыкты таланттарынын аты да, даңкы да, баркы да кемибейт, өчпөйт, унутулбайт!

Жазгы жандануу “Улустун улуу күнү” менен башталган

«Өмүр менен өлүмдүн «жалт» дей түшкөн учкундарын түшүндүрүп, өмүр каалгасын эрте жаап, ырынын каалгасын ачык калтырган, «Тирүүлүктүн өзү чоң майрам» деп какшап өткөн, көрүнбөгөн периштем — Эрнис айткандай, тирүү экенбиз, “Улустун улуу күнү” деп Ноорузду майрамдап жатабыз…

Нооруз — «нав» — жаңы, «руз» — күн дегенди түшүндүргөн фарс сөзү. Тарыхта айтылгандай, бул күндү утурлай уруулар аралык араздашуулар токтоп, кастыктар жоюлуп, чыр-чатак унутулуп, таарынгандар жылуу тилек-сезимдер менен элдешип жарашкан. Бул элдик майрам өзөгүн илгертен келаткан салт-санаа, үрп-адат, оюн-тамашалар түзгөн. Балбандар күрөшкө түшүп, аркан тартышып, көзгө атар мергендер бийиктикке илинген жамбыларды жаа менен үзө атып ат үстүндө түрдүү чеберчиликтер менен оюндар, мелдештер өткөн. Эң башкысы – бардыгынын башатында ынтымак деген тилек турган. Жанчылып, 7 жолу суу кошулуп маңызы чыгарылган буудайдын актык суусу, канча буудай өндүрүлсө, ошончо өсүмдүк майы, ун кошулуп, түнү менен 10-12 саат бүлкүлдөп кайнаган сүмөлөк кымтыланып демделип тыныккандан кийин, эртең менен эрте бетин ачкандар бетине түшкөн сүрөттөрдү жакшылыкка жоруп: “Элде, жерде тынчтык болсун, ынтымак ыроолосун, жакшылыктар үзүлбөсүн” деп бата тилешкен…

Айтмакчы…

Адатта биз «1-март, жаз келди» дегенибиз — ал илимде метеорологиялык же климаттык жаз делет. Кышкы аба жылымык тартып нөлдөн плюсту карай өйдөлөй баштайт. Астрономиялык аталган жаз — күн менен түн теңелген убакыт марттын 20сынан 21ине аттаганда келет.

Көктөмдүн, аруулуктун жана тазалыктын майрамы «Улустун улуу күнү» жана «айлардын султаны» Ыйык Рамазан айы менен «Алакан» сайты куттуктайбыз.

Жазгүл Жамангулова акын, журналист кесиптеш сиңдимдин бир сөзү жакты, «сөзүбүз — өзүбүз» деген. Анынсыңарындай, өзүбүздүн сөзүбүзгө уу аралаштырбай жумшартып, жүрөктөрдү агартып, ойлорду тазартып, ой-максаттарды түздөп, түрдөп, душман көзүнө жаманыбызды жашырып, жакшылыгыбызды ашырып, асманыбыз ачык, жүзүбүз жарык, ортобуздан ынтымак кетпей, талашканыбыз сый болуп, «Өткөндөр баркталмайын, тирүүлөр даӊкталбайт» дегендей, өткөндөрдү эстей жүрөлү, урматтуу туугандар!

Назира СААЛИЕВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.