ВИДЕО — Алыкул Осмоновдун үй музейинин аянычтуу абалы… Чакырыкка үн кош, кыргыз элим!

ВИДЕО — Алыкул Осмоновдун үй музейинин аянычтуу абалы… Чакырыкка үн кош, кыргыз элим!
Эсен болуп, эстей жүр!
«Мен турмушта сараң, ачкөз эмесмин,
Өктөө кылып: «Ай, аз бердиң», — дебесмин.
Байлык, үй-жай, ден соолуктан ардактуу,
Мага берсе, эки сабак ыр берсин» 
деп жазган орошон акын Алыкул Осмонов (1915-1950) ал төрөлгөндөн 84 жыл кийин Бүткүл дүйнөлүк поэзия күнү деп белгиленип калган 21-мартта жарык дүйнөгө келип, соңку 12 жылдан бери Улуттук адабият күнүнө айланган 12-декабрда көз жумган. Эми экинчи өмүрү — канаттуу ырларында жашап жаткан акыныбызды туулган күнүндө бүгүн ким эскерди?.. Ноорузга туш болуп, унутта калгансыдыбы?.. Жок, эскерген арабызда жакшы адамдар бар экен. Баарын байкай албасак да, акын эжебиз Эркеайым Боталиеванын кечээ, 20-мартта, улуу акындын үй музейине барып, музей абалы боюнча «Фейсбуктагы» баракчасына калтырган төмөндөгүдөй билдирүүсү көзгө урунду:
Эч кимге айтпай, эч кимдин тынчын албай туруп эле, Индира Мырзадөөлөтова экөөбүз кыргызчасынан Алыкул Осмоновдун үй музейине бардык.
Сокулук, 10 тилкесин (переулок) эч ким деле билбейт экен. Адашып ылдый кетип калыптырбыз. Акыры такси чакырдык. Таксист жаш жигит экен. Дарегин таап барганы менен, ал: «Бул ким? Бул жакка эмнеге келдиңер?» деп жүрөгүбүздү оорутту. Ага түшүндүрүп жөнөттүк. Дарбазасын кара кулпу кайтарып тургандыктан, кантип киребиз деп, ары-бери басып турсак, зыңкыйган эки жигит дагы кызыгып сурап калышты. Өкүнүчтүүсү, алар дагы билишпейт экен. Бул өзүлөрүнүн кайдыгерликтериби же мугалимдердин кемчиликтериби? Орус мектебинде окуп билишпейби дейин десем, кыргызча эле окуган түрлөрү бар.
Акыры директорунун номерин таап байланыштык. Бир саатта барып калам дегенинен, убакыт өткөрүп чай ичип туралы деп, Калык Акиев көчөсүндөгү отелдин кафесине кирип отурдук. Агай бир жарым саатта келди. Көрсө, Пригородное айылында жашайт экен.
Агай келгиче музейдин сыртын, үйдүн жанындагы таштандыларды көрүп көңүлүбүз иренжип түшүп турдук.

Памирбек (Казыбаев тууралуу сөз болууда — ред.) агай өтө токтоо, сабырдуу, өтө түшүнүктүү мыкты адам экен. Дарбазадагы кара кулпуну, үйдүн каалгасын ачып, «киргиле» деди.
Шумдук! Каалга ачылаар замат, «Он экинин бири жок, уй байлаарга жиби жок» болуп, баягы кыжаалат болгон сезим жоголуп, жан дүйнөм укмуштуудай керемет сезимге туш болду. Бир бутум кирип-кире электе эле, агайдан кечирим сурап баштадым.
Агай кире бериштен баштап эле түшүндүрмө берди.
Кайсы сүрөттү кайдан алганын, газеталарын кантип тапканын, китептерин кантип чогултканын… ВИДЕО
Алыкул Осмоновдун өзү турган бөлмөлөрүнө баш бакканыбызда, жылуу маанай жаралды.
Үйүнүн аурасы акындын өзүнүн жан дүйнөсүндөй таптаза, жарык экен. Кудай жалгап боорсок, ак жалгасын деп айран, таттуу алып алганбыз.
— Агай, залкар акынга куран окусак болобу? — деп уруксат сурадык.
«Бул жак муздак, сырткы бөлмөгө чыгалык» дегенинен, агайга жалдырап жибердим окшойт, «Ушул жерден эле окуйлучу» деп.
Кудайга шүгүр, куран окуп, залкар акын жөнүндө бир топ сүйлөшүп отурдук.
«Поэзия алпы, залкарыбыз, дөө-шаабыз» деп ооз толтура айтканыбыз менен, акындар деле, ыр жазгандар деле кайдыгер калк экенбиз. Эгер ушул бойдон кала берсе, бир аз жылдан соң Памирбек агайдын жасаган мээнети текке кетип жоголгору турган иш эмеспи.
Үйдүн айланасын бийик үйлөр курчап алгандыктан, күн тийбей ным тарта баштаптыр.
Ичиндеги экспонаттар деле жарактан чыгып кала бере турган.
Кантип эле Алыкул Осмоновду сыйлап урматтаган, бир бай адамыбыз чыкпайт, ыя?
Үйүнүн сыртынан айнек кийгизип отургузуп коюга неге болбосун?
Улуу акындын үйүн эмитеден коргоого албасак, кийин кеч болуп калат… Бир адамдын колунан эмне келмек? Баарыласак болот го? Чет элден келген конокторго көргөзүшпөйт болсо керек?
«Ала-Арча» көрүстөнүнө барышып, Алыкул Осмонов атындагы китепкананы көргөзүп эле узатышса керек. Алыкул Осмонов атындагы сыйлыктын лауреаттары деле барышпайт турбайбы? «Беш манжа бөлөк — билек бир, беш киши бөлөк  — тилек бир» демекчи, акындар, ыр жазгандар бириксек колдон келүүчү иш го… Келиңиздер, кеч боло электе колго алалы!
ОКУП АЛЫП ЫРЛАРЫН
Окуп алып Алыкулдун ырларын,
Жаздыгымды канча жолу сууладым.
Кирпигимдин тамчылары кургабай,
Жүрөгүмдүн тынчын алып кыйнадым.
Билгим келип алп акындын сырларын,
Басып өткөн өмүр баян кырларын.
Китептерин катып алып жуурканга,
Түн уйкумдун бөлүшкөмүн, далайын.
Жолум ачып бергиниң деп сурандым,
Жомок сымаал кыялдарга ынандым.
Табышмактуү дүйнөсүнө баш ийип,
Ыр дүйнөнүн көрүп келем жыргалын.
Эркеайым БОТАЛИЕВА

Чакырыкка үн кош, кыргыз элим!

«Алыкул үй борбору» коомдук бирикмесинин жетекчиси Памирбек Казыбаевдин Алыкул Осмоновдун Бишкектеги үй музейи аянычтуу абалда турганын айтып келатканына он жылдан ашты окшойт. Бир да жолу ремонт көрбөй полу чирий баштаганын, чатырынан суу өтүп, ичиндеги экспонаттардын сакталышына коркунуч туулуп келатканын, кар оор түшкөндө черепицалар көтөрө албай калганын 2013-жылдан бери какшап келатат…

Памирбек агай айткан маалымат боюнча, бул үйдү Алыкул Осмонов маңдай тери менен тапкан акчасына 1945-жылы сатып алып, 1950-жылга чейин жашаган…

«Бүт дартыңды өз мойнума алайын,
Сен ооруба, мен ооруюн, Ата Журт!»
деп жерин сүйгөн, ар кыл муктаждыгы бар адамдан «мүрөк суусун», «замзам суусун», өзүн да, жүрөгүн да аягысы келбеген улуу акын Алыкул Осмоновдун үй музейин эгемендиктин чалдыбарына айлантканыбыз болбойт. Маданиятты тейлеген мекеме-кызматтар канчалык эске алып жатат ким билсин, коомчулук, мекендештер, чакырык таштаган Эркеайым эжебиздин макаласына үн кошуңуз. Жок дегенде бөлүшүп коюңуздар!

«Айтылбай турган сөз эле, айтылып кетти өзү эле» демекчи, негизи улут уучун кем кылбай өнөрүн, талантын арнаган инсандарыбыз бир мезгилде өмүр кечирген үйлөр мамлекеттин өзгөчө кароосуна алынса жакшы болмок. Болбосо… ушул Бөкөнбаев көчөсү менен жогорулай басканда, Панфилов көчөсүнөн кесилишкен жерде кароосуз калган бир үй бар. Ал үйдө кыргыздын дагы бир чыгаан уулу, кыргыздын туңгуч сүрөтчүсү, кыргыз улуттук профессионал сүрөт искусствосунун негиздөөчүлөрүнүн бири Гапар Айтиев 1950-1984-жылдары жашаган. Анын үйү экенин коргон тышындагы анын элеси жана «СССР эл сүрөтчүсү» дегени «эл сүрөтчү СССР» деп чаташып чегилген мемориал гана аянычтуу кабар берет. А калганы… үй-жайсыз тентигендер, ичкендер түнөгөн, таштанды ташталган, даараткана катары пайдаланган өтө кейиштүү абалда… Ага карап, Алыкул Осмоновдун үй музейин колдон келишинче жакырлантпаган адамдар бар экенине шүгүр дейсиң… А бирок, жетиштүү көңүл бурулбаса, акындын үйү урандыга айланбайт деп ким кепилдик берет?!

Андыктан, үй музейлер ойлонтчу, оңдоочу, коргоочу маселе…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

P.S. ВИДЕОлор Эркеайым Боталиеваныкы.

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.