44 район, 32 шаарды кыдырып манас айткан кичинекей манасчы мэрден белек алды

44 район, 32 шаарды кыдырып манас айткан кичинекей манасчы мэрден белек алды

Мэр кичинекей манасчыны кабыл алды

Бүгүн, 24-мартта борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров 10 жаштагы манасчы Касымбек Бердикуловду кабыл алды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Алардын маалыматына караганда, мэр Касымбектин Манас дүйнөсүнө кандайча аралашып калгандыгына кызыгып сураганда, ал айылына чоң манасчылар баргандыгын, ошондон улам кызыгуусу артып, кичине инисине Манасты айтып берип, жаттатып жүрүп өзү дагы аралашып кеткендигин айтып, Манастын 3 окуясын жатка билген бир окуясынан үзүндү айтып берген.
Мэр ыйык өнөрдү аздектеген кичинекей манасчыга ыраазычылыгын билдирип, белектерин тапшырган.
«Манас кыргыз элинин көөнөрбөс рухий байлыгы. Аны ар бир кыргыз билиши керек. Биздин ата-мурас салтыбыз, үрп-адатыбыз, дилибиз, тилибиз анда камтылган. Башка улут бизди көптөгөн баалуулуктарыбыз аркылуу улут катары тааныган болсо, ошонун сап башында Манасыбыз турат. Бул ыйык өнөрдү ушул жаштан аздектеп алып жүргөндүгүң — бул сенин кыргыз элинин уучу куру эмес улут катары кылымдарга жашап кала берээринин чоң белгиси. Баарыбыз сенин бул жөндөмүңө суктанабыз, сыймыктанабыз жана ар дайым колдоп турабыз. Ак жолуң ачылсын«- деген мэр.
Кичинекей манасчыбыз Касымбек Бердигулов тууралуу учкай айта кетсек, ал Баткен облусуна караштуу Лейлек районундагы чек арада жайгашкан Жети-Таш айылында жашайт. Шер Ташполотов атындагы орто мектебинде 4-класста окуйт. 33 200 окуучу катышкан “Манас таануу” интеллектуалдык телетаймашынын уюштуруу тобу менен 44 район, 32 шаарды кыдырып, манас айтып келген.
Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.