Окуу китебинин сапатын көтөрүү боюнча профессор Ишенбек Султаналиевге чалыңыздар!

Окуу китебинин сапатын көтөрүү боюнча профессор Ишенбек Султаналиевге чалыңыздар!
Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин кыргыз филология факультетинде 1989-жылдан бери үзүрлүү эмгектенип келаткан профессор, Мидин Алыбаевдин поэзиясы боюнча илимий ишин жактаган филология илимдеринин кандидаты Ишенбек Султаналиев мектеп окуучулары үчүн жазылган окуу китептеринин сапаты тууралуу Фейсбуктагы баракчасына төмөндөгүдөй пост калтырды.
— Мектеп окуучулары үчүн жазылган окуу китептеринин сапаты тууралуу көп эле сөз болууда, бирок тиешелүү билим берүү мекемелери, анын жетекчилери, китептин авторлору эмнегедир үн катпайт. Кечээ 2-класста окуган неберем «Кыргыз тили» китебин көтөрүп келиптир. Авторлору А.Р.Акунова, Б.С.Чокоева экен. Китептин 90-бетинде «Сүйлөмдүн ээси» деген темага төмөнкү тексти бериптир, толук келтирейин:
Тамактануу адеби
Эң биринчи колду таза жууп, анан тамакка отуруу керек. Кыргыз элинин өзгөчө сапаттарынын бири — кичүүлөр улуулардан мурун тамакка кол салган эмес. Тамак жеп жатканда башкаларга жолтоо болбошу керек. Эгер суюк тамак болсо аны шорулдатпай ичүү керек. Оозго тамак салып алып сүйлөө, же күлүү — маданиятсыздык. Тамакты да өлчөмү менен өз убагында жеш керек. Ашыкча жесең ден соолукка зыян. Өтө шашып, же туруп алып жеген тамак аш болбойт. Тамактанып бүткөн соң дасторконго бата тилеп, тургандан кийин бата кылыш керек.
Жогорудагы текстинин мазмуну жакшы, бирок темага туура келбейт, оор. Балдардын жаш өзгөчөлүгүнө ылайыксыз. Жогорудагы мисалдан сүйлөмдүн ээсин 2-класстын окуучусу эмес, ата-энеси да таба албайт. Атүгүл кыргыз тил мугалимдери, китептин авторлору өзүлөрү таба алышарына күмөнүм бар, тапса да кыйынчылык менен табышат. Анткени текстте жалаң бир тутумдуу сүйлөмдөр, жаксыз сүйлөм, ээ менен баяндоочтун ортосуна сызыкчанын коюлушу өңдүү жогорку класстын материалдары берилген. Мындан жеңил текст берсе болбойт беле?
Албетте, окуу китебин жазуу оор түйшүк, бирок анын жоопкерчилиги да бар да. Кыргыз тилине, улуттук маданиятыбызга мындай мамиле жасаган болбойт. Эгер мен туура эмес айтсам же кеңеш керек болсо чалгыла: 0705874327. Мектепте 15 жыл кыргыз тил мугалиминен мектеп директоруна чейин эмгектендим. Азыр Ж Баласагын атындагы КУУнун кыргыз тили кафедрасында иштегениме 30 жылдан ашты. Жардамымды, кеңешимди аябайм. Биздин максатыбыз — окуу китебинин сапатын көтөрүү!
Даярдаган Гүлгаакы ЖАКЫПОВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.