«Эрнис АСЕК уулунун “Мастер менен Маргарита” мыкты котормосун эмнеге мамлекет долбоордун негизинде чыгарса болбойт?..»

«Эрнис АСЕК уулунун “Мастер менен Маргарита” мыкты котормосун эмнеге мамлекет долбоордун негизинде чыгарса болбойт?..»

Өзбекстандын Навои шаарында ТүркСой уюштурган Түрк жазуучулар уюмунун алгачкы жыйыны, “Классикалык поэзия” фестивалы (29-30-мартта) болуп өттү. Иш-чарага Кыргызстандын, Азербайжандын, Казакстандын, Өзбекстандын, Түркиянын, Татарстандын, Башкырстандын акын, жазуучулары катышты. Кыргызстандан Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Нурлан Калыбеков, акындар: Бурулкан Сарыгулова, Самидин Станбеков, жазуучу Топчугүл Шайдуллаева барган. Нурлан Калыбековдун «Азаттыкка» берген маегин берип турубуз…

Нурлан КАЛЫБЕКОВ: «Мамлекет халтураны чыгарууга милдеттүү эмес»

— Өзбекстандын Навои шаарында өткөн түрк дүйнөсүнүн калемгерлеринин «Классикалык поэзия» фестивалы анын катышуучуларына шык берген демдүү, кадыр-барктуу иш-чара болду окшойт. Сиздин баамыңызда бул фестивалдын өзгөчөлүгү эмнеде болду?

— Адабият менен искусствого Өзбекстандын суктанарлык, керек болсо көз кызартарлык мамилеси бизди ойлондурат дагы, шык берет. Бир билермандын “маданият менен экономика катар жүрбөсө ал коом деградацияга учурайт” дегени бар. Өзбекстан мына ушуга маани берген өлкө. Фестиваль башталганга чейин Өзбекстан жазуучулар бирикмесинин кеңсесине барып, өз көзүбүз менен көрдүк го. 2018-жылы мамлекет жазуучуларга жер төлөсү менен кошо үч кабат үй куруп берген. Ошол имараттын тегерегиндеги 20 гектардан ашык аянтка Алишер Навои баштаган 24 классиктин эстеликтерин орнотуп, аллея жасап коюптур. Облустук бөлүмдөрдү ачып, кызматтык унаа бөлүп бериптир. Жалпысынан алтымыштан ашык кызматкер бирикмеде иш алып барат. Ал үчүн мамлекет бюджеттен жылына 25 млрд. сум (өзбек акча бирдиги) каражат бөлүп берип турат. Ошол эле жазуучулар үйүнүн жана ага жанаша жайгашкан Олий Мажилистин имаратынын катарына 5000 орундуу драма театры курулуп жатыптыр, көрдүңүз. Маданият саясаты мына ушундай жүрүп жатат.

Албетте, “Классикалык поэзия” фестивалы Навои шаарында, эл аралык деңгээлде өткөнү менен эсте калды. Навоиге таазим. Түрк дүйнөсүнүн калемгерлери ага карыздарбыз. Анткени, араптын тили диндин, тарыхтын, илимдин тили, перс тили адабияттын тили болуп турган кезде түрк тили да ошолордон кем эмес керемет, улуу, сулуу тил деп, түрк тилинде чыгармаларды жаратып, дүйнөлүк адабияттын деңгээлине чыгарып, түрк тилинин корун жараткан. Түрк маданиятын, адабиятын көтөргөн, руханий окуу, сопучулук менен шугулданган, ошол эле учурда мамлекеттик ишмер, азыркыча айтканда премьер-министр (баш вазир) кызматын аркалаган түрк дүйнөсүндөгү улуу инсан болгон. Албетте, өзбек эли үчүн ал залкардын залкары да. Ошол жерге түрк акындарын чогултуп, “Классикалык поэзияны” уюштуруу – Өзбекстандын маданиятка болгон чоң кызматы.

Экинчиден, уюштуруучулар фестивалды өткөрүүгө түрк дүйнөсүнүн калемгерлеринин 100 томдук антологиясынын чыгышы да негиз болду деп жатышпайбы. Бул да түрк калемгерлеринин алакасын жакшыртууга олуттуу салым эмеспи?

— Ооба, бул түрк мамлекеттеринин ичиндеги саамалык болуп калды. Түрк дүйнөсүнүн калемгерлеринин антологиясы Өзбекстандын президенти Мирзиеевдин жеке демилгеси менен чыкты. Анын ичинен, мисалы, 8 томун кыргыз адабиятына берди. Башка түрк тилдүү өлкөлөрдүн адабиятына да берип атат. Бул эми өлкө президентинин билимдүү, чоң интеллектуал экендигин, адабиятка болгон мамилесин көрсөтүп атат.

ТүркСОЙ адабиятка маани берип жатат

Навоиде өткөн фестиваль түрк тилдүү акын-жазуучуларынын бирлигинин алгачкы жыйыны менен да маанилүү болду окшойт. Уюм ТүркСойдун баш катчысы Султан Раевдин демилгеси менен Анкарада түзүлүптүр. Анда ардактуу төрага болуп түрк дүйнөсүнүн чыгаан жазуучусу, Азербайжан Эл жазуучусу Анар Рзаев, төрага болуп Казакстандын белгилүү акыны, улуттук адабий бирикменин төрагасы Улугбек Эсдаулет шайланган экен. Навоиде өткөн алгачкы жыйында эмне маселелер каралды, кандай чечимдер кабыл алынды?

— ТүркСОЙ ЮНЕСКО сыяктуу уюм да. Анын азыркы баш катчысы Султан Раев мамлекеттик бир топ кызматтык тепкичтерден өткөн. Дүйнөлүк аренага чыгып калган жазуучу. Жазуучунун ТүркСОЙдун башына келип калышы акын-жазуучулар үчүн жакшы болду. Жазуучу болгон үчүн бизге ыктап, ишти жазуучулардан баштап жатат. Мына бул Түрк дүйнөсүнүн жазуучулар бирикмесин түзүү да ушул кишинин демилгеси болуп калды.

30 жылдан бери түрк тилдүү мамлекеттер коомдук-саясий, экономикалык байланыштарды жакшы эле чыңдап келатат.

Ар бир улут эгемендик деп, өзүн өзү казып-таанып жүрүп, бири-бирибиз менен ишибиз жок болуп калыптыр. Бир эле мисал: түрк элдери кыргызда Чыңгыз Айтматов менен “Манас” бар экенин гана билишет. Эми бул эки феномен дүйнөлүк адабияттын алтын коруна жыйырманчы кылымда эле кирген. Андан кийинки адабий процесстерди билишпейт. Албетте, жеке алакалар болуп эле келатат, бирок мамлекеттик деңгээлдеги системалуу байланышты түзүү азыр, өзүбүздү өзүбүз эптей албай аткан кыргыз жазуучулар бирикмеси үчүн да кыйын. Ушундай учурда ТүркСОЙ өзү уюштуруп, каржылап жатышы өтө маанилүү.

Түрк дүйнөсүнүн жазуучулар бирикмесинин биринчи отурумунун Навоиде өтүп жатышы символикалуу болду. Ал Анкарада түзүлүп, анын башына өзүңүз айткан Анар Рзаев менен Улугбек Эсдаулет шайланды. Калган төрт-беш эгемен мамлекеттин жазуучулар бирикмесинин төрагалары орун басарлык милдет аткарабыз. Андан тышкары Орусиянын карамагындагы элдердин адабий бирикмелеринин төрагалары бар.

Бул уюм сөз бойдон калбай, иштеп кетиш керек да. Ошондуктан, алгачкы жыйында уставын талкууладык. Портал ачалы дедик. Султан Раев мыкты чыгармага ыйгара турган кадыр-барктуу “Туран” сыйлыгын уюштуруу демилгесин көтөрдү. Биримдик муну колдоду. Буюрса, келерки жылдан ыйгаруу каралууда.

Албетте, сыйлык ошол эле мүчө өлкөлөрдөн тандалган калыстар тобунун тандоосуна жараша ыйгарылат да. Ар ким “өз көмөчүнө күл тартуу” дегенден кантип кутулат?

— Менимче, муну тышкаркы эксперттик комиссиянын тандоосуна коюш керек. Ошондо биздин да, ТүркСОЙдун да жүзү жарык болот. Кечээ Анар Рзаев аксакалдан “Сиз Бакудагы №1 жазуучу турбайсызбы?” деп сураса, “Мен №2 элемин. Бизде №1лер көп” деп жооп бериптир. Бизде сыйлыкка келгенде мүмкүнчүлүгүнөн дымагы артыктар көп болот. Карбалас Бакиров айткандай “өзү жөнүндө түшүнүгү кенен кишилер көппүз да”(күлүп).

Кыргыз адабиятынын абалы кандай?

Чыгармачылык жөнүндө айтып калдыңыз. Биздин адабиятта да азыр даны менен кебеги аралашып калды, иргөө керек деген талкуулар көп жүрүүдө. Иргөө учуру келдиби? Ал кантип иргелиши керек?

— Мындан бир айча мурда адабиятчылардын, сынчылардын башын кошуп, адабий сынды жолго коелу деп сүйлөштүк. Быйыл президенттин демилгеси менен мамлекет чыгармачыл союздарга да каралашып атпайбы. Эми коомдук уюмдарга акча бөлгөнгө мыйзам жол бербейт. Ошондуктан, Маданият министрлиги аркылуу долбоордук колдоо алганы турабыз. Ушул негизде адабий сынды гонорар төлөө жолу менен ишке ашыралы дедик. Ушундай жол аркылуу 30 жылдык адабиятты иргешибиз керек. Гүлзада Станалиева деген адабиятчы-окумуштуунун эсеби боюнча 30 жылда 160 роман чыгыптыр. Чыгарма жазуу тозок, бирок, кезинде дүңгүрөгөн эл акындарынын, жазуучуларынын чыгармаларынан окулбай клагандары бар. Ошол эле учурда азыркы муун талашып окугудай, кезинде турмуштун азабынан окурманга жетпей калган мыкты чыгармалар бар. Иргеш керек. Мисалы, Уолтт Уитмен чыгармасын өмүр бою оңдоп жүрүп отурган. Шри Ауробиндо “Савитрасын” 30 жыл жазган.

Азыр эми “адабият эркин өнүгүш керек, анын деңгээлин окурман аныктайт” деген да, “жок, адабият бул рухий дөөлөттөрдүн, улуттук идеологиянын уюткусу, муну мамлекет колдошу керек” деген да көз караштар айтылып, талаш-тартышта келатат. Мамлекет адабиятты колдоого милдеттүүбү? Эмне үчүн колдошу керек?

— Бардык жазуучулар эле масса окуй турган детектив же мистикалык чыгармаларды жазбайт да. Интеллектуалдык адабият деген бар да. Масштабдуу ой чабыты бар жазуучулар бар, алардын аудиториясы аз. Алар каражатынын жоктугунан канчалаган мыкты чыгармалары чыкпай калды.

Мисалы, Эрнис АСЕК уулу маркум болуп кетти, Булгаковдун “Мастер и Маргаритасын” мыкты которгон. Эмне үчүн аны мамлекет долбоордун негизинде чыгарса болбойт? Мамлекет мезгилдин сынынан өткөн, конкурста тандалган, мыкты деген гана чыгармаларды иргеп чыгарыш керек. Болбосо 70-100 жылда классикага айланган чыгармаларды кайра басышы керек. Мамлекет халтураны чыгарууга милдеттүү эмес. Биздин аң-сезимде мамлекет колдобош керек деген саясат жүрүп калды. Бу жапайы саясат. Бардык өлкөлөрдө колдойт. Менде өнүккөн өлкөлөрдө адабиятка мамиле тууралуу маалымат бар. Европада да, Америкада да мамлекет социалдык долбоор катары грант бөлөт. Бийлик чөнтөгүнөн чыгарып жаткан жок, салыктан, башкадан түшкөн акчаны эле кайра бөлүп берип атат. Ал кайра товарга айланып атат. Ошондуктан, адабиятка мамлекеттик колдоо да, көз карандысыз аракет да болушу керек.

Мамлекетте ошондой каалоо барбы?

— Бар. “Ала-Тоо” журналын каржылаганы турат. Журнал кароосуз калып, чыкпай турат. Жазуучулар биримдигинин каруусу жетпейт. Ошондуктан, классикалык вариант катары “Ала-Тоо” журналын “Байчечекей”, “Кырчын” сыяктуу журналдарга кошуп каржылап берсе, биз сайтты жандандырсак адабиятка кыйла пайда алып келет.

Түрк адабий бирикменин биринчи жыйынында котормонун мааниси жөнүндө сөз болуптур. ТүркСОЙдун аркасы менен азыр түрк тилдүү адабий алакалар жолго коюлуп жатат. Совет мезгилинде кыргыз окурмандары дүйнөлүк адабиятты өз тилинде жакшы окучу эле. Бүгүн алака барбы?

— Албетте, жеке авторлор которуп жүрүшөт. Эрнис АСЕК уулу баштаган бир топ авторлор Кытайдыкына чейин которушту. Толук айтпай эле коеюн, былтыр Германиядан бир кадыр-барктуу эле уюм биздикин чыгаруу боюнча сүйлөшүп, кайра токтотуп коюшту. Орусияны колдойсуңар дегендей бир пикир жаралып, саясат болуп кетти. Дүйнөлүк саясаттын таасири тийип атат. Кытай менен да кызматташтык тууралуу сөз болуп, бирок пандемияда токтоп калды. Азыр эми Дагестан кайрылып атат, Расул Гамзатовдун мааракесине карата Чыңгыз Айтматов экөөнүн ысымын байлаган бир долбоорду ишке ашырсак деп. Азырынча өзүбүздүн адабиятты өнүктүрүп, коңшу өлкөлөр, түрк дүйнөсү менен аракет кыла берсек, андан ары да алакалар болоор.

Маектешкен Бурулкан САРЫГУЛОВА,

«Азаттык»

P.S. Эрнис АСЕК улуу которгон «Мастер менен Маргарита» романындагы баш сөздү Кыргыз эл жазуучусу Султан РАЕВ жазган. Ал бул ШИЛТЕМЕде.

One thought on “«Эрнис АСЕК уулунун “Мастер менен Маргарита” мыкты котормосун эмнеге мамлекет долбоордун негизинде чыгарса болбойт?..»

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.