Жыргалбек КАСАБОЛОТ: «Отум өчүп, башым жерде калганча, Ошондо өлгөн балдар менен биргемин»

Жыргалбек КАСАБОЛОТ: «Отум өчүп, башым жерде калганча, Ошондо өлгөн балдар менен биргемин»
Бүгүн — 7-апрель. Элдик революцияга 13 жыл болду. Президент Садыр Жапаров  кыргызстандыктарга кайрылуу жасады.

Садыр ЖАПАРОВ: «Ата Мекендин камын жеп, кара баштарын канжыгага байлап, өмүрлөрүн арнаган атуулдарыбыздын ой-максатын орундатабыз»

— Урматтуу мекендештер! Кадырлуу кыргызстандыктар!

Бүгүн Апрель элдик революциясына туура 13 жылдын жүзү болду.

Кыргызстандын эгемендүүлүк жылдарындагы Аксы окуясы, Март, Апрель элдик революциялары жана акыркы Октябрь окуялары — өлкө тарыхындагы саясий орчундуу окуялардан болуп калды.

Азаттыкты туу тутуп, ар дайым калыстыкка умтулган өзгөчө касиетти көкүрөгүндө аздектеп алып жүргөн кыргыз эли, аталган бул окуяларда адилетсиз башкарууга караманча каршы болуп, чырмалышкан акыйкатсыз системаны алмаштырууга тикесинен тик турган.

Тилекке каршы, Апрель элдик революциясынын баасы өтө кымбатка турду, 90дой эр-азаматыбыздын каны менен келди.

Карапайым элдин, жумурай журттун азаттыгы үчүн күрөшкөн уулдарыбыздын жаркын элестери жүрөгүбүздө түбөлүккө жашай берет.

Урматтуу агайын-туугандар!

Соңку тарыхыбыздагы бул окуялардан алынуучу эң башкы сабак – адилет башкаруу менен элдин бакубат турмушун камсыз кылуу.

Биз Ата Мекени менен жамы журтунун камын жеп, кара баштарын канжыгага байлап, өмүрлөрүн арнаган атуулдарыбыздын ой-максат, тилектерин, Кудай буйруса, орундатабыз.

Эгемен Кыргызстанда ар дайым акыйкаттык өкүм сүрүп, өлкөбүз өнүгүп, өсө берсин!

Бакиевди калкалаган Лукашенко…

13 жыл мурда Бакиевдин үй-бүлөлүк башкаруу режимине каршы чыккан элге андагы бийлик ок чыгарган. 80ден ашуун адам каза болуп, жүздөн ашууну жарадар болгон. Аягында Бакиев үй-бүлөсү, жакындары менен чет мамлекетке качып, Беларустан башпаанек алган. Ошондон бери ал үй-бүлөсү менен Беларустун президенти Александр Лукашенконун калкалоосунда жашап келатканын көрүп эле келатабыз. Бакиев баштаган бир топ адамды экстрадициялоо боюнча Кыргызстандын өтүнүчүн Минск четке каккан, ошол бойдон күнөөлүүлөрдү Кыргызстанга экстрадиция кылуу аракети жыйынтыгы жок, ачык бойдон калып келаткан…

2010-жылдагы кандуу Апрель окуясы боюнча, жалпысынан 30га жакын кишиге кылмыш иши козголуп, Курманбек Бакиев баш болгон 28 адамга айып тагылган. Сот Курманбек Бакиевди жана улуу баласы Марат Бакиевди 30 жылга, бир тууган иниси, Мамлекеттик күзөт кызматынын мурдагы башчысы Жаныш Бакиевди өмүрүнүн акырына чейин, ошол кездеги өкмөт башчы Данияр Үсөновду 15 жылга кесүү боюнча сыртынан өкүм чыгарган.

Өзүн-өзү «өлдү» деген Данияр Үсөновдун (Даниил Урицкий) жоругу…

Данияр Үсөнов Курманбек Бакиевдин бийлигинде премьер-министр болгон. Ал  2010-жылдагы 7-апрель окуясынан кийин, Кыргызстандан качып кеткен. Андагы кылмышы үчүн айыпталып, сыртынан өмүр бою абак жазасына кесилген. Ошондон кийин, кайсы бийлик келбесин, «аны издеп жатабыз» деп эле сүт эмизип келген. Данчиктин дайны чыкпай кеткен, сүрөтү да эч жерге чыккан эмес. Анан эле издөөдө жүргөн адам башка ат менен Даниил Урицкий болуп чыга келди. Тагыраак айтканда, 2018-жылы, 27-июлда “Беларусь улуттук биотехнология корпорациясындагы” (БНБК) салтанаттуу жыйынында, Данияр Үсөновго коёндой окшош киши өзүн Даниил Урицкий деп тааныштырып, бирикменин директору болорун билдирген. Журналисттер ага Данияр Үсөновго окшоштугун баса белгилеп, ал тууралуу сурашса, уялбай туруп: «Кыргызстандын мурдагы премьер-министри Данияр Үсөновду 2013-жылы Малайзияда көз жумган деп уккам. Мен аны тааныбайм, билбейт экем»,-деп танып кеткен.

Бул тууралуу Бекназаров эмне деди эле?..

2020-жылы Кыргызстандын Малайзиядагы мурдагы ыйгарым укуктуу элчиси Азимбек Бекназаров Данияр Үсөнов боюнча Малайзия бийлигине нота жөнөткөнүн журналисттерге маек берип жатып мындай деп айтты эле.

Мен Малайзиядагы элчи катары, Малайзиянын бийлигине өзүбүздүн атуул жөнүндө нота жөнөттүм. «Кыргыз Республикасынын экс-премьер министри Данияр Үсөнов 2013-жылы Малийзияда өлгөн экен. Силер да, биздин Кыргызстан да мусулман өлкөсү. Андыктан айт күндөрү мен ага багыштап куран окуп турайын дегем, мүрзөсүн көрсөткүлө!» деп жазгам, жооп жок.

ЛУКАШЕНКО: «Данияр, беларустарды таарынтпаарыңды көрүп турам, анткени алар эмгекчилдик жагынан кыргыздарга окшош»

2020-жылдын 10-августунда Данияр Үсөновдун калпы калкып чыккан. Анын абийирин Александр Лукашенко төгүп салган. Ал агроөнөр жай комплексинин долбоору менен таанышканы барганда, долбоор тууралуу Лукашенкого Даниил Урицкий айтып берген. Анын долбоорун уккан соң, Лукашенко анын ийинине колун коюп: «Данияр, бу жерде саясат бирөө гана болушу керек, ал адамдар. Мен сенин принципиалдуу, таза адам экениңди, белорустарды таарынтпай турарыңды көрүп турам. Анткени алар эмгекчилдик жагынан кыргыздарга окшош«, — деп айтпайбы… Данияр деп көп жолу айтылат ал жерде…

Лукашенконун айткандарын 7:50ден баштап көрсөӊүздөр болот:

Даниил Урицкий дейбизби, же Данияр Үсөнов дейбизби, айтор, ал Беларуста өз ишин жүргүзүп, алардын бийлик өкүлдөрү менен чогуу коомдук иш-чараларга катышып, жыргап эле жүрөт. А биздин бийлик болсо, далил турса да, аны Кыргызстанга алып келип, жоопко тарта албаган алсыздыгын көрсөтүп келет.

Негизи 7-Апрель майрамбы?

Бул күндү Алмазбек Атамбаев президент болуп турганда “мамлекеттик майрам жана дем алыш күнү” деп жарыялаган.

2011-жылы Текебаев, Отунбаева, Атамбаев «Форумдун» алдындагы эскерүү иш-чарасына катышып, курман болгондордун сүрөтүн көрүп өзгөчө Атамбаев көзүнө жаш алып, «Ушул бизге сабак болушу керек. Жаркын жашоо үчүн курман болушту балдарыбыз» деди эле. Аягында үчөө эл алдында ант беришкен болчу…

Негизи бул күн майрам эмес, ЭСКЕРҮҮ КҮНҮ, эмне үчүн бул окуя болду эле, БУЛ ОКУЯГА АЛЫП КЕЛГЕН СЕБЕПТЕР ЭМНЕ БОЛДУ ЭЛЕ деген эскертүү күнү… Кандуу революция бийликке сабак болдубу, алигүнчө күмөн…

Өмүрбек Текебаев камакта калып, Сапар Исаков 7-апрель эскерүүсүнө катышат деп ким ойлоптур?

ТОСМО
Кээде кесип, кээде насип кошконум,
Кээде жардам сунуп, колум созгонум,
Көп учурда кай бириңди, ок жааган
Көрчү болдум нары жагынан тосмонун.
Бийлигиңдин амалы экен бул деле.
Биринчиси элден коркуп курду эле.
Орто жерин чындык менен жалгандын
Ошол күнү тосмо бөлүп турду эле.
Аккан канга албырса да туш тарап,
Автоматтар ата берди, кысталак.
Айла кетип, ар кай жерде турсак да
Акыйкаттын ачуусу эле, биз тарап.
Андан бери күндөр өтүп түн болгон,
Акыл-эсин алган белем Чымкоргон,
Камчылуусу “кайран шымым өлдү” деп
Кашаалардан өчүн алып тим болгон.
Шылдың кылып акыйкатты үңүлгөн,
Шыпшайдардын, элден алыс сүрүлгөн
Шыпыргысын шымалана кан шайлап
Шымын чечкен сүрмө топтон түңүлгөм.
Анча деле арбын эмес билгеним.
Антсе дагы түптүз ушул жүргөнүм.
Отум өчүп, башым жерде калганча
Ошондо өлгөн балдар менен биргемин.
Кайран чындык, кайралып да бүлөнүп,
Карыса да таштандыдай күрөлүп,
Арбактарга айта барчу сөзүм бар,
Акыйкаттын тосмолору түбөлүк.
Карың, жашың, чоңдор менен кичинең!
Кайра тартып ал чындыктын күчүнөн
Тигил жакка өтө качкан болсоңор —
Тирүү туруп көз жумган деп түшүнөм.
Кээде сапар, кээде санаа кошконум,
Кечээки эле жайдары жүз тосконум,
Көрчү болдум айрымыңды, артынан
Көрүстөндүн кашаасындай тосмонун…
Жыргалбек КАСАБОЛОТ
(17/01/2023, Стамбул)

Апрель элдик революциясынын курмандыктарынын жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун. Эсен болуп, эстей жүрөлү, туугандар!

Даярдаган Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.