Чыңгыз АЙТМАТОВ: «Өткөндү эстеп, келечекти күтө билгенибиз үчүн биз барбыз»  

Чыңгыз АЙТМАТОВ: «Өткөндү эстеп, келечекти күтө билгенибиз үчүн биз барбыз»  

Президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата эл аралык жана республикалык деңгээлде өтө турган иш-чаралар ушул жыл башында башталган.

Ошондой демилгенин бир тарабы бий дүйнөсүндө ачылып, «Чыңгыз Айтматов бий ааламында» аттуу театрлаштырылган концерт Бишкектеги «Сейтек» балдар борборунда буга чейин да болуп, жакында эле (14-апрелде) кайрадан элге тартууланды. “Дилгир” бий ансамбли койгон бул концертти баштан-аяк башкарып, тынымсыз репетицияларды өткөрүп ийнине жеткирген — ансамблдин жетекчиси Гүлжамал Шамыралиева

Салмактуу иш-чаранын коноктору да, көрүүчүлөрү да жөн адамдар болгон жок: иш-чарага залкар жазуучубуздун карындашы Роза Айтматова, Кыргыз эл артисттери Дарика Жалгасынова, Кайыргүл Сартпаева, Назира Мамбетова, Билим берүү жана илим министрлигинин Мамлекеттик тилди өнүктүрүү секторунун башчысы Гүлнара Ибраимова, Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунун ректору Түмөнбай Колдошов жана башка да маданият өкүлдөрү, мугалимдер келишти. «Дилгир» тарбиялануучуларынын ата-энелери, мектеп окуучулары кол чаап, залды жандандырып отурушту…

Концертте негизги басым бийге жасалган менен, бийлер ортосунда залкар жазуучубуздун «Биринчи мугалим», «Ак кеме», «Эрте жаздагы турналар», «Кызыл алма», «Саманчынын жолу» чыгармаларынын кинодогу үзүндүлөрүн сахналаштырылып коюшту. Өзгөчө «Саманчынын жолу» тасмасында Майсалбек Толгонай апасына жолуга албай, поезд токтобой өтүп кеткенде, эне-бала бирине жетпей, апасы балам деп чуркаса, баласы апалап кыйкырып атып, тумагын поездден ыргытып кеткенде, баласынын баш кийимин жыттап, жерге жыгылып ыйлап калган эненин эпизоду экранда да, сахнада да көрсөтүлүп көзгө жаш айлантты… Кинодогу Эненин ролун Кыргыз Эл артисти Бакен Кыдыкеева мыкты аткарган. Бекеринен Толгонай апанын образы үчүн Бүткүл союздук фестивалда «Эненин образын эң мыкты жараткан» деген сыйлыкка ээ болгон эмес да…

Ал эми сахнада бул эпизод, башка үзүндүлөр да «Дилгир» бий ансамбли жайгашкан Бакен Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театрынын жаш актерлору жана «Дилгирдин» кичинекей тарбиялануучуларынын аткаруусунда татыктуу ишке ашты…

Залдагы жаш балдарды кызыктыруу үчүн концерт жүрүшүндө Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары боюнча  суроолор берилип, туура жооп айткандарга чакан белектер тапшырылды…

Ага улай улуу жазуучунун учкул сөздөрү, айтылуу манасчы Саякбай Каралаев сындуу улут уюткусу болгон улуу залкарларыбыз, улуттук баалуулуктарыбыз тууралуу айткан нускалуу кептери жаңырды…

Мисалы, ушул «Дилгир» бий ансамблине 6 жашында келген, учурда Бишкектеги А.Молдокулов атындагы №5 Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинде 7-класста окуп жаткан Акак Жакшылыкова улуу жазуучубуз өзүнө кошуна жашап калган манасчы Саякбай Каралаевди өз атасындай кандай жакшы көргөнүн, ал киши каза болгондо акыркы сапарга узатууда «эми ушундай залкар манасчы чыгаар бекен?» деп катуу кейип сөз сүйлөгөнүн айтып берди…

Башта белгилегендей, «Чыңгыз Айтматов бий ааламында» концертин кайталап уюштуруп жаткан «Дилгир»  бий ансамблинин жетекчиси Гүлжамал Шамыралиева концерт максаты тууралуу: «Биз уюштурган иш-чаранын максаты — жетилип келаткан жеткинчек жаш муундарга, балдарыбызга улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун көркөм ааламын бий аркылуу элестүү таанытуу болчу. Бийлерди да максатыбызды маңыздык жактан толуктагыдай жакындаштырып коюп, арасында айылдын  ааламга таанылган каармандарын сүйлөтүп балдардын көркөм-эстетикалык табитине пайдалуу, жагымдуу моменттерди тартуулагыбыз келди» дейт.

Ушундай көздөгөн максаты бийик иш-чара соңунда Роза Айтматова сөз сүйлөп, уюштуруучуларга ыраазычылык билдирип, агасынын чыгармаларын театрлаштырып аткарып, бийлеп берген жаш жеткинчектерге рахматын айтып, ийгилик каалады. «Силер дагы кыргыздын атын ааламга тааныткан инсандардан болгула. Келечегиңер кең, өмүрүңөр узун болсун», — деп ак батасын берди…

«Өткөндү эстеп, келечекти күтө билгенибиз үчүн биз барбыз» деп Чыңгыз  агабыз өзү айткандай, кыргыздын мыкты таланттарын баалаган жакшы адамдар бар үчүн улут уюткусу болгон уул-кыздарыбыздын экинчи өмүрү узун болуп, аттары өчпөй келатат.

«Ойлон. Ойлон. Ойлонгун.
Күтпө. Күткүн. Толгонгун.
“Келди” дебе, “Кетти” дебе эч качан,
мен боломун жана бармын, болгонмун» деп акын, журналист, котормочу маркум жолдошум
Эрнис (АСЕК уулу) «Башат» ырында жазгандай, алар болгон жана бар. Дегеним, таланттарды жанында жүрүп жакындан билгендердин эскерүүлөрүндө, китептеринде жашап, чыгармалары улана бермекчи…
Эң башкысы, артыңда издеп алаарың, эскерип алаарың бар экени кандай жакшы!
Эсен болуп, эстей жүрөлү, туугандар!

Назира СААЛИЕВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.