Акындардын булбулу, асылдардын туйгуну Элмирбек Иманалиев бүгүн эскерилет (Дарек)

Акындардын булбулу, асылдардын туйгуну Элмирбек Иманалиев бүгүн эскерилет (Дарек)

Эсен болуп, эстей жүр!

Бүгүн акындардын булбулу, асылдардын туйгуну, Кыргыз эл артисти Элмирбек Иманалиев көз жумган күн. 2020-жылдын 20-апрелинде мезгилсиз дүйнөдөн кайтып, канча деген элди ыйлатты… Аттиӊ, арман… Андан бери 3 жыл өтүптүр… Жылда эскерилип келет… Бүгүн да Бишкектеги Улуттук тарых музейинде эскерилип, «Булбулум, булбулум, ай» аттуу обондуу ырлар жыйнагынын бет ачары болот. Башталышы: 15:00.

Эскерүү сүрөт көргөзмөсү менен башталып, обондуу ырлары ырдалып, ырлары окулат. Кирүү акысыз. Келиӊиздер, залкарды чогуу эскерели…
Салима ЖАКШЫЛЫК кызы
P.S. Элмирбек Иманалиевдин архивдеги маеги бу ШИЛТЕМЕде. Бир тууган эжеси Нурайым Иманалиеванын маеги бу ШИЛТЕМЕде.

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.