ВИДЕО — Уруунун эмес, улуттун намысын коргогон кол башчы Кубат бий…

ВИДЕО — Уруунун эмес, улуттун намысын коргогон кол башчы Кубат бий…
С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театры эки күн мурун (26-апрелде) Бишкектеги Т.Абдымомунов атындагы улуттук драма театрына “Кубат бий” тарыхый драмасын коюп,  концерттик программасын тартуулашты. Уюшулган иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Кайрат Иманалиев, чыгармачылык адамдар катышты. Спектаклдин соңунда сыйлыктар тапшырылды. Бул тууралуу журналист Күнболот Момоконов бүгүн (28-апрелде) билдирди.
Кесиптешибиздин маалыматына караганда, спектаклдин аягында Кайрат Иманалиев сөз сүйлөп, аталган театрдын бир катар артисттерине,  кызматкерлерине министрликтин сыйлыктарын тапшырган.
Жарым кылымды карыткан Ош драма театры XVIII-кылымда чыккан журт жакшысы, кушчу уруусунан чыгып, уруунун эмес улуттун намысын коргогон Кубат бийдин элесин, баскан жолун Кыргыз эл жазуучусу, аталган театрдын адабий бөлүмүнүн башчысы Сураныч Жетимишов жазганын баса белгилеген Кайрат Иманалиев театр жамаатынын ишине ийгилик, чыгармачылык бийиктиктерди каалаган.
«Сүйүктүү Бишкек шаарыбыздын 145 жылдык мааракеси алкагындагы маанилүү майрамдык иш-чаранын бири болду. Ушуга байланыштуу С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрына калаа башчысы Эмилбек Абдыкадыровдун «Ыраазычылык каты» жана Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Кубанычбек Конгантиевдин «Ардак грамотасы» тапшырылды«,-дейт Күнболот Момоконов.

«Түндө чыкчу ай өлдү, Күндүз чыкчу күн өлдү». Аксуусар карындашынын кошогу…

Фергана өрөөнүндө жашаган кол башчы, саясий ишмер, кушчу уруусунан чыккан, 18-кылымдын башында (1690—1761) төрөлгөн Калча уулу Кубат бийдин атасы жуңгар жапырыгында сүрүлгөн кыргыздардын Анжиянга жайгашкандарынын башчысы болгон. Кубат бий эр жеткенде жуңгарларга каршы согуштарда Абдыкерим бий жетектеген кокон-кыргыз союзундагы мыкты баатырлардын бири катары тааныла баштаган. Абдыкерим бийдин мезгилинде жуңгарлардын баскынчылыгына каршы биргелешип сокку уруу үчүн Кокон бийликтери Кубат бий башында турган кыргыздар менен союз түзүп, алардын биргелешкен күчү баскынчыларды Ферганадан кууп чыккан. 1751-жылы Кокондогу бийликке Эрдене бий келгенде, кыргыз баатырлары союздан бөлүнүп, ата-журт үчүн чыгышка карай жортуул башташса, ал эми Кубат баатыр кокондуктар менен бирге болуп, батышка карай уюштурулган жортуулдарга катыша баштаган. Кокон хандыгын Эрдене бий башкара баштаган кезде, Оротөбөгө ээ болуу максатында ал кыргыз бийлери менен өнөктөш болууга аракеттенип, мына ушул кырдаалда да Кубат бий негизги ролду ойногон. Бирок, 3 жылдан кийин Оро-Төбөдөгү түшүнбөстүктөрдөн улам анын кокондуктар менен болгон мамилеси бузулган.

1755-жылы Кубат бий Цин империясына каршы боштондук кыймыл жүргүзүп жаткан кашкарлык Жусуп Кожонун чакырыгы боюнча аскерлери менен Чыгыш Түркстанга кеткен. 1755-жылы Кубат баатыр-бий өз күчүн цин-манжуларга каршы багыттоону чечип, Кашкар тараптагы согуштарга катышууга жөнөгөн.

Кубат бий Чыгыш Түркстандын боштондугу үчүн күрөшкөн кожолорго аскердик жактан зор көмөк көрсөтүп, акысына Кашкардын айланасындагы кызылсуулук кыргыздардын үстүндөгү бийликке ээ болгон жана ал жерде өз алдынча кыргыз хандыгын түптөгөн. Тарыхый булактарда айтылгандай, Кубат бий «кыргыздын падышасы» аталып, «өз алдынча башкаруучу катары жеке пайдасы үчүн тигил же бул башкаруучу менен каалагандай достошуп же ажырашып турган». Кокон хандары жана Кытай императору Кубат бийдин пикири менен эсептешкен. Бирок, 2 жылдан кийин кытай тыңчыларынын аракети менен ички келишпестиктер пайда болуп, Кубат хан кайра Фергана өрөөнүнө кетүүгө аргасыз болгон. Анын кетиши менен Шинжаң аймагы Цин империясынын карамагына өткөн. Ошондон кийин Кубат хан Ошту коргоп калуу үчүн кокондук Эрдене бий менен тиреше башталат. Тилекке каршы, көп өтпөй колго түшүп, өлтүрүлгөн. Ал жакта набыт болгонун уккан карындашы Аксуусар мындай деп кошкондугу эл оозунда айтылып келет:

«Кубат бий өлдү, кут өлдү,
Кушчу, мундуз журт өлдү.
Саруу, кытай дагы өлдү,
Атпай кыргыз журту өлдү.
Түндө чыкчу ай өлдү,
Күндүз чыкчу күн өлдү«

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.