“Алтын мукабаны” быйыл “Кут-Бер” алды… Биз 7 жыл кечигип кошулган майрам…

“Алтын мукабаны” быйыл “Кут-Бер” алды… Биз 7 жыл кечигип кошулган майрам…

Ааламдагы китеп сүйүүчүлөр үчүн апрель соңунда сонун бир майрам бар. Ал — 23-апрель, Бүткүл дүйнөлүк китеп күнү. Китеп майрамы бул жылы бизде кандай белгиленди, карап көрөлү…     

Бул күн быйыл залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналды. “Айтматовдун изи менен” эл аралык китеп фестивалы, көргөзмө-жарманкеси уюштурулуп, жергиликтүү китеп өндүрүүчүлөргө аралашып бир катар КМШ өлкөлөрү жана Кытай Эл Республикасынан да өкүлдөр катышты дешти. Жарманкеде, Китеп палатасынын директору Койчуман Момункуловдун айтымында, быйыл мурдагыдай 10 орун эмес, 40 орун даярдалса да, катышуучу басмаканалар саны арбын болуп, орун талаш болуп батышпай да калышыптыр. Албетте, бул сүйүндүрбөй койбойт! Маданият министринин 1-орун басары Кайрат Иманалиев айткандай, “азыр бизде китеп өндүрүү тармагы кыйла эле жакшырды”. Эми китеп сүйүүчүлөр, окурмандар да азайбай көбөйүп, чыккан китептер окулбай калып жетимсиребей, окурмандар текчесинен орун алса, бардык басылмалар окурман табитин табууга, маңыздуу, сапаттуу китептерди чыгарууга умтулушат, изденишет. Анан кээде мамлекеттик каржылык колдоо китеп өндүрүүчүлөрдү нускаларды кыскартып, беттерди азайтып, тексттерди сыгып-кысып, кесип кысынтпай, кенен кыймылдагыдай болсо, сапаттык көрсөткүч дагы кыйла өсөрүндө шек жок.

Түгөлбай Сыдыкбековдун чыгармаларынын "Кут-Берде" басылып чыккан 15 томдук жыйнагы
Түгөлбай Сыдыкбековдун чыгармаларынын «Кут-Берде» басылып чыккан 15 томдук жыйнагы…

Айтмакчы, жыл ичинде чыккан китептер мазмун салмагын, тышкы-ички башка жасалгаларын саресепке салган Маданият, маалымат жана туризм министрлиги басмалар жана китеп чыгаруучу ишканалар арасында «Китеп искусствосу» улуттук сынагын жыл сайын өткөрүп, жеңүүчүлөрдү ушул күнү сыйлап келет. Ал боюнча атайын номинациялар да бар. Алсак:

  • «Ѳнѳр» номинациясына — жогорку полиграфиялык, кѳркѳмдүк деңгээлде басылган, сүрѳт жана искусство боюнча альбомдор, китептер, миниатюралык басылмалар;
  • «Жеткинчек» номинациясына — балдар жана ѳспүрүмдѳр үчүн заманбап проза, ырлар жана таанып-билүүчү кѳркѳмдѳп-жасалгаланган китептер;
  • «Мурас» номинациясына — улуттук каада-салттарды, акыл-ой баалуулуктарын, тарыхый-маданий мурастарды, ѳлкѳбүздүн түзүлүшүнүн ѳткѳн жолун чагылдырган китептер;
  • «Замандаш» номинациясына — замандын жаркын образын түзѳ алган, учурдун, окурмандардын чоң суроо-талабына  ээ болгон китептер;
  • «Илим» номинациясына — илимий жетишкендиктерди кѳргѳзгѳн, билим берүүгѳ, илим изилдѳѳлѳрүнѳ салым кошкон фундаменталдык жана окуу-педагогикалык,энциклопедиялык китептер;
  • «Чеберчилик» номинациясына — ѳзгѳчѳ кѳркѳмдѳп-жасалгаланган, китеп графикасынын талабына жооп берген, сүрѳттүү китептер;
  • «Алтын мукаба» башкы сыйлыгына — китеп басып чыгаруу тармагында ѳзгѳчѳ жаңылык болуп, уникалдуу, ар тараптуу, маанилүү, мазмундуу, эл аралык китеп коомчулугуна алып чыгууга татыктуу китептер кабыл алынат.

Аталган номинациялар боюнча татыктууларды аныктаганга атайын комиссия бар. Алар сынакка катышкан китептердин көркөм графикалык чеберчилигин, сапатын, ички-тышкы дизайн, жасалгасын, мукабасын,  кынтыксыз аткарылган макетин, басмаканалардын чыгармачылык жоопкерчилигин да карап, талдап, тандап чыгат. “Китеп искусствосу» сынагынын максаты, аны уюштурууну колго алган Китеп палатасынын түшүндүрмөсү боюнча, китеп жазуу, китеп басуу, жарыкка чыгаруу багытында ата мекендик өндүрүштү колдоо. Анткен менен китеп чыгаруу канча адамдын эмгеги, мээнети экенин басмакана иштеткендер, китеп чыгарган авторлор да жакшы билишет: китепти жазуу, терүү, редакторлоо, катасын оңдоо, компьютердик калыпка салып басмага даярдоо, мукабасы, ички, сырткы иллюстрациясы, жасалгасы – айтканга оңой, кыла келгенде нечен түйшөлткөн зор мээнет. Аны ушул тармактын казанында кайнап жүргөн бир тууган дизайнер иним Салиев Эрландын ишинен улам билем.

Баш байге ээси «Кут-Бер» диплом, статуэтка, 20 миң сом акчалай сыйлык менен сыйланды…

Айтмакчы, ушул иним иштеген “Кут-Бер” басмасы быйыл сынактын эң жогорку сыйлыгы «Алтын мукабаны» Кыргыз эл Баатыры, Кыргыз эл жазуучусу Түгөлбай Сыдыкбековдун 110 жылдыгына карата даярдалган 15 томдук жыйнагын басып чыгарып утуп алышты. “Бул китептерди биздин коллектив 3 ай тынбай иштеп даярдашты, абдан катуу жумуш кылышты. Китептин чыкканына абдан кубанычтабыз, анткени, форматы ички мазмунуна тете абдан жакшы болду. Кудайдын буйругу экен, ушундай сыйлыкка ээ болуп атабыз”, — дейт Гран-при ээси “Кут-Бер” ЖЧК басмасынын директору Бообек Довлоталиев. Белгилей кетсек, бул алардын биринчи жолку ийгилиги эмес. Алгачкы баш байгени 2014-жылы “Манас”, “Семетей”, “Сейтек” китептерин басып чыгарып жеңип алышкан. Андан тышкары ар башка жылда 4 жолу “Мурас”, ”Чеберчилик”, “Илим” номинацияларында жеңүүчү да болушкан.

«Кут-Бер» Түркмөнстандан жеңип келген сыйлык…

Кошумчалай кетчү маалымат, «Китеп искусствосу» сынагында жеңген китептер эл аралык түрдүү китеп жарманкелерине, сынактарга катыша алат. Ага ылайык, “Кут-Бер” басмасы 2013-жылы Түркмөнстанда өткөн “Китеп – кызматташуу жана прогресс жолу” VIII Эл аралык китеп көргөзмө-жарманкесине “Манас” баатырдык эпосу китеби менен катышып, “Мыкты басмалык жасалгалоо” номинациясында жеңүүчү болуп, диплом алып кайтышкан. Бизди кубантканы бул басманын ийгиликтеринин дээрлик бардыгына алтын инибиздин дизайнер катары кол кабыш кылганы: китептерди компьютердик калыпка салып, мукабаларын жасалгалап иштеп чыгып… басмадагы башка кызматкерлер аткарган желимдөө, көктөө, кысуу, сомдоо, четтерин тегиздеп кесүү ж.б. биргелешкен эмгек ушундай үзүрүн берип жатканына кубанычтабыз…

Соңунда айтарыбыз, китеп күнүн ааламга белек кылган ЮНЕСКО жыл сайын Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнүнүн темасын белгилейт. Көп тилдер жоголуп, жоголуу алдында тургандары да көп, аларды сактап калууга китептер да чоң көмөкчү деп, 2023-жылдын темасы «Жергиликтүү элдердин тилдери» атады. Дагы 2001-жылдан бери жыл сайын 23-апрелде ааламдагы шаарлардын бирине “Дүйнөлүк китеп борбору” макамын тартуулап келишет. Аны алган шаар жыл бою бардык жаштагы окурмандар санын өстүрүп, китепти сүйүү жана китеп окууга үндөгөн иш-чараларды өлкө ичинде жана өлкөдөн тышкары да тынымсыз жүргүзүп турат. Быйыл бул сыйга Гананын борбору Аккра шаары татыды. Андыктан китепти жана китеп окууну сүйүп Бишкек шаарыбызды “Дүйнөлүк китеп борборуна” айлантканга алдыңкы жылдарда жалпыбызда мүмкүнчүлүктөр толтура. Сулайман Рысбаев агай айткандай, “Китеп дүйнөсүнүн кулпусу жок, каалагандарга дайыма эшиги ачык”…

Маалымат үчүн…

БУУнун билим берүү, илим жана маданият боюнча атайын мекемеси ЮНЕСКО 1995-жылы 15-ноябрда өз резолюциясы менен 23-апрелди «Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнү» деп жарыялагандан бери бул күн ааламда китеп майрамы деп белгиленет. Биз бул салтанатка бир аз кечигип 7 жыл кийин кошулдук. Биздин өкмөт атайын токтом токуп бекитип берген 2002-жылдан бери 23-апрель бизде да Китеп күнү. Анткен менен борбор калаанын так борборуна майрамдык маанайдын уюштурулуп жатканына 13 жыл гана болот…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.