Түркиядагы «Güfte Edebiyat» журналына Эрнис АСЕК уулунун ыры жарыяланды

Түркиядагы «Güfte Edebiyat» журналына Эрнис АСЕК уулунун ыры жарыяланды
Түркиядагы «Güfte Edebiyat» маданият журналына маркум журналист, акын, котормочу Эрнис АСЕК уулунун  «Чарчаган көз» ыры жарыяланды.
Бул тууралуу бүгүн, 8-майда журналист, котормочу Мээрим Сайдилкан кызы (Meerim Saidilkan) билдирди.
Кесиптешибиздин айтымында, «Нуска» котормочулар тобунун котормолору сапаттуу болгондуктан, ар бир которулган чыгарма Түркияда эң көп окулган, таанылган журналдарына жарыяланууда. Бу жолу ал расмий иштеген Güfte Edebiyat маданият журналына жолдошумдун ыры жарыяланган.

Чарчаган көз

Чарчадым «чарк» айланып учуп жүрүп,

Чакмактап келет турмуш, чарчап келем.

Жан-дилдин жулмаланган жерин бүрүп,

Жазыксыз досторума салам берем.

 

Күн өтөт. Түн кирбестен таңдар атат.

Күрсүлдөп жөтөлгөнүм жанга батат,

Жылмайып жылан болгон суроолорго,

Жыл санап олтургандай калем, барак.

Тузу жок сабактарда уктап калып,

Турмуштун туткасына акыл жетпейт.

Сагынып өткөн жылдын жалбырагын

Самандай сапырылган санаа кетпейт.

 

Көркү жок көчөлөрдө басып келем,

Өртү жок көздөрүмдү катып келем.

Коңур күз жалгыз мага түшүнгөндөй:

«Кой, антпе, чарчабагын, досум» деген.

 

Күн өтөт. Түн кирбестен таңдар атат.

Чылымсыз турган мүнөт жанга батат.

Чаржайыт ойлорумду талашкандай,

Чыркырап бир жан-дүйнө ыйлап атат.

 

Кайрадан бүт баардыгын унутам да,

Кайрадан кайталанат айтылган сөз:

Искеймин махабаттын кызыл гүлүн,

Издеймин жалгыз сени чарчаган көз!

1990

Бар бол, Мээрим!

Жолдошумдун «Чарчаган көз» аттуу ырын, дегеле Кыргызстандагы акын-жазуучулардын ырын түрк тилине которуп, жарыялап жаткан Мээрим сиңдиме терең ыраазычылык билдирем.
«Биз өз акын-жазуучуларыбызды тааныта беребиз. Мыкты чыгармалар жазыла берсин!»,-дейт алтын кыз.

«Өттү кез, өттү учур.

Өмүрдүн өзү Өлүм.

Кашкайган чындык турат,

Калганы – баары төгүн« деп, «Өмүр менен Өлүмдүн «жарк» дей түшкөн учкундарын» жазып да, айтып да өткөн жолдошумдун бизди таштап кеткенине 3 жыл 3 ай 8 күн болду. Минтип экинчи өмүрүндө жашап жатат, Кудайга шүгүр! Эрнисимдин чыгармачылыгын терең түшүнгөн Мээримдей жакшы адамдар турганда, экинчи өмүрү узун болот, баары алдыда деп ойлойм. Бар бол, Мээрим!

Назира СААЛИЕВА

One thought on “Түркиядагы «Güfte Edebiyat» журналына Эрнис АСЕК уулунун ыры жарыяланды

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.