Канышай МАМЫРКУЛОВА: «Атамды сагынганда өңү өчкөн тумагын жыттап-жыттап, кийип алам…»

Канышай МАМЫРКУЛОВА: «Атамды сагынганда өңү өчкөн тумагын жыттап-жыттап, кийип алам…»

9-май. Улуу Жеңишке 78 жыл болду. Бүгүн кубаныч-кайгы, күлкү-ый аралашкан өткөн тарыхыбызды, кан кечип, бизге жаркын жашоо алып келген ата-бабаларыбызды эстей турган күн. 78 жылдан бери Улуу Ата мекендик согуш  жана оорук ардагерлерин президент баш болгон бир топ адамдар куттуктап келишет. Каардуу согуш жылдарда кан кечип, баатырларча курман болгон АТАларын эстеп уул-кыздары, неберелери социалдык тармактарга сүрөттөрүн таратып, эскеришет…
Бул күнү дайыма атасын эстеп, эрдигин жазып келаткан журналист Канышай Мамыркулова менен майрам күн маек курдук. Кесиптешибиз согуш ардагери Асанбек Мамыркулов атабызды ый аралаш эскерип берди.

Эсен болуп, эстей жүр!

Асанбек МАМЫРКУЛОВ: «Саздак жерге жата албай, өлүктөрдүн үстүнө уктаган күндөр да болгон…»

— Канышай, 9-май сен үчүн кандай күн?
— Алгач Кыргызстандагы бардык аймактагы аз санда калган ардагерлерди бүгүнкү майрамы менен куттуктайм! 9-май менин атам жана анын замандаштары үчүн Улуу Жеңиш күнү деп билем. (Үнү каргылданып…) 9-майга эки-үч күн калганда эле атамды эстеп жаман боло баштайм… Эскерүү жазуу, эстеп айтып берүү мага өтө оор, жүрөгүм ооруп кетет… Мына, бүгүн да атамды куттукташым керектигин же ооз ачпай отурушум керектигин билбей эзилип, дендароо болуп отурам… Себеби, бул күнү жыл сайын, 23 жыл мурун бул дүйнөдөн өтүп кеткен атамды Жеңиш күнү менен куттуктаган адатым бар эле. Атамдын көзү тирүү болгондо, быйыл 104 жашка чыкмак экен.

Атам мени Жеңиштин 30 жылдыгын майрамдаган жылы көрүптүр. Атам орус-фин согушунан кайтып келип, 1941-жылы үйлөнүп, алты ай жашабай согушка кеткен жубайынан 1942-жылы төрөлгөн кызы, Гүлай эжем 15 күндөн кийин 81 жашка чыгат. Экөөбүздүн ортобуздагы аралык 33 жыл. Былтыр мен операция болгондон кийин, эжем да операция болгон. Азыр Кудайга шүгүр, анын баары артта калды. Эжем Ак-Суу рйонундагы Ак-Булак айылында жашайт. 10 баласы бар, Баатыр эне. Кыбыра көрүп калды. Абышкасы экөө Лейлекте жашап келген. Бекеш Касиев деген мыкты мугалим жездебиз бар эле, көзү өтүп кеткен.
Эки байкем бар. Улуусу райондун борборунда, кичүүсү айылда турат. Ата-энебиз менен сыймыктанып келгенбиз жана сыймыктанабыз.

— Атаң кайсы жылы согушка кетип, кайсы жылы кайтып келген?
— Атам 1939-жылы Советтик Армиянын катарына чакырылып, Совет-фин согушуна катышкан. Кийин Улуу Ата Мекендик согушка кайрадан чакырылган. Советтер Союзунун Маршалы Константин Рокоссовский, Советтер Союзунун Маршалы, СССРдин 4 жолку Баатыры Георгий Жуков жетекчилик кылган Батыш фронтто кызмат кылып, Германиянын Дрезден шаарында Жеңишти тоскон. Жуков менен Рокоссовскийге өтө сыйы бар болчу…
Атам согушта запастык бөлүктүн кенже офицери болгон экен, өзү деле бул тууралуу айтып берчү эмес. Аны деле кийин аскердик билетинен улам билгенбиз. Согуштан кийин, кыйроодон аман калган айыл, кыштактарды калыбына келтирүү иштерине катышып, эл-журтуна 1947-жылы кайтып келген.
— Согуш учурундагы окуялардан айтып берчү беле?

— Атамдын бир кейиштүү окуяны айтып бергени алигүнчө эсимде. Урал суусун кечип өтүп баратканда сазга тыгылып калышат. Көп жоготуулар болуптур… Үч күндөн бир жумага чейин уйкусуз калганда, саздак жерге жата албай, жоокерлер тизилген өлүктөрдүн үстүнө укташыптыр… «Жаның чыгып кетпегенден кийин адам баарына чыдайт экен…» деп айтканы эсимде. Элестетип алып аябай жаман абалда калгам…
Дагы бир Польшада болгон окуяны айтып берген. Атамдын аскердик бөлүгү Польша аркылуу өткөндө, кайсы бир шаарында 90 жаштан ашып калган бай жашаган абышкага (пан) жолугушуптур… Аны менен бир аз сүйлөшүп, коштошуп, үйүнөн 200-500 метр узаганда, ал жерге снаряд түшүп, ошол үйдөн күл эле калыптыр… Ошону бизге айтып берип, «Балдарым, дүнүйө байлык эмес» деп, өзү өмүр бою турмушунда байлык жыйган жок. Өзүнүн басып өткөн жолун, санжырасын айтып, жөнөкөй жашап өттү.

 

Ардагер дегенден улам, 2008-жылы Москванын метросунда болгон бир окуя эсиме түшүп кетти. Агезде билип-билбей тагынып алган Георгий лентадан улам бир фронтовик орус карыя “ветерандын небереси” дегенине арданып кетип, ардагердин кызы экенимди айтсам, тактап сурап алып, кучактап, өпкө-өпкөсүнө батпай ыйлаган. Ошол такыр эсимден кетпейт…
— Бишкек шаарынын Мэриясы согушка катышкан 73 адамдын сүрөтүн шаарга илгенин жазып да, айтып да жатышат. Ага көбү нааразы болууда… Сенчи?

Сүрөттө: Советтер Союзунун Баатыры Дүйшөнкул Шопоков

— Мен дагы бул боюнча оюмду социалдык тармакка жаздым. Ошол эле ойдомун. Мэрия 73 адамды «СССРдин Баатырлары» деп тааныганы тарых. Аны танган деле эч ким жок. Бирок, менин атам сыяктуу кан кечкен аталар толтура эмеспи. Ошончолук кыргыз катышкан согушта деле эмнегедир көбүнчө кыргызстандык орустар Баатыр болгон экен. Бул дагы ошол кездин саясаты болгон. Бирок, азыр мезгил, заман башка. Баатырлык албаган, бирок, баатырлык менен кан кечкен АТАЛАР толтура. Эмнеге аларды айтпайбыз?
Россия-Украина маселеси, албетте, оор, бирок, мисалы, мен ардагердин кызымын. Мен сыяктуу бир кызыктай абалда калгандар көп болсо керек. Анткени, атамдын өмүрүнүн бир бөлүгү орус-фин согушуна, Улуу Ата Мекендик согуш жылдарына туура келген. 1939-жылдан 1947-жылга чейинки (талкаланган шаарларды калыбына келтирүү менен кошо) окуяларда жаштыгы калган…
— Жаштыгы, ден соолуктары калды… Аны кинодон көрүп эле келатабыз да… 9-майда согуш учурандагы кинолор көп көрсөтүлөт эмеспи. Атаң кайсы кинону жактырчу эле?

— Атам эч нерсени ылгачу да, тандачу да эмес, орустардын «Времясынан» баштап, биздин ырчылардын ырына чейин угуп, көрчү. Бир күнү атам, апам, агам, мен болуп телевизор көрүп отурганда, ырчы Гүлнара Кахарова ырдап калды. Анда ырчынын жаңы чыгып жаткан кези болчу. Апам, байкем, мен болуп, анын фамилиясын эстей албай, чурулдап талашып калдык. «Бул Гүлнара Кахарова» деп атам айтканда, эс тутумуна таңгалып эле калганбыз… Жарыктыгым ошону көзү өткөнчө айтып, күлүп жүрдү… Атам зыңкыйган, чыныгы мырза, кадыр-барктуу адам болчу. Айылдагылар атамдан бата сурап келишчү. Үстүңкү айыл деп коюшат, анткени биздин Кереге-Таш айылыбыз чоң, ошол үстүңкү айылыбыз күнү бүгүн “Асанбек атам эмне деген ченебеген киши эле” десе, ошол сөз бизге маяк сыяктуу сезилет…
— Ардагер катары ар кайсы жерге да чакырылса керек?
— Ооба, 9-майдын алдында иш-чаралар уюштурулчу, ошого дайыма чакырылаар эле. Ардагерлер айыл өкмөткө, райондун борборуна барышчу. Кошуна Ак-Суу айылындагы орус достору жана айылыбыздын ардагерлери менен жолукчу. Аларга жолукканда атамдын жүзү тамылжып, көзү күлмүңдөп калаар эле. Жыл сайын, ушул күнү өзү теңдүү Батик, Молдакун, Асан, Жакыпбек (Качкынов Бакыт байкенин атасы) чоң аталарым менен чогулуп, дасторкон жайып, карта чабышып, айыл өкмөттүн сыйын көрүп, жаркылдап калышаар эле. Андан бери бир топ жыл өттү. Азыр алардын биринин дагы көзү жок. Тилекке каршы, атам дагы Кыдыр чоң ата арман кылган миң айдын жүзүн көргөнгө жетпей, 81 жашында кайтыш болгон. Өзү айткандай, узак жашады, таза жашады. Мына, азыр атамдын ушундай жакшы сапаттарын айтып да, жазып да жатып, орден-медалдарын маңдайыма коюп, куран окутуп, жыт чыгарсам деле баары бир көкүрөгүм бөксө экенин дагы бир ирээт туйдум.

Элеси сүрөттөрдө гана калды. Биз карысак да, сүрөт гана карыбайт экен. 43-жылы түшкөн сүрөтү бар. Атамды тааныбай калчудай болуп, 4 жашымда чийгилеп салыптырмын…
Атам өңү өчкөн тумагын 90-жылдан 2000-жылга чейин кийген. Ал сакталуу боюнча турат. Атамды сагынганда тумагын жыттап-жыттап алам да, башыма кийип алам…  23 жылдан ашуун Жеңиш Күнү мен кийип келатам… Арбагыңыздан айланайын АТА, ыйыгым АТА, майрамыңыз менен!

Маектешкен Назира СААЛИЕВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.