Апасына тумагын ыргытып кеткен Майсалбектин катына студент жооп жазыптыр…

Апасына тумагын ыргытып кеткен Майсалбектин катына студент жооп жазыптыр…

Тарыхый инсандар… тарыхтагы тасмалар…

Учурда 78 жылдыгы болуп жаткан 9-май — Улуу Жеңиш күнү мурда бардык постсоветтик мейкиндикте  белгиленчү. Азыр ал мейкиндик бир кыйла азайган. Анткен менен бул күн баарыбызга бирдей экенин билдирген согуш тууралуу кинотасмалар бар: «Офицеры», «В бой идут одни «старики», «А зори здесь тихие», «Они сражались за Родину»… атай берсек, кандай гана керемет фильмдер! Анан, албетте, улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун «Саманчынын жолу» повестинин негизинде тартылган тасмага токтолбосок болбойт. Чыгарманы киного айланткан — айтылуу кинорежиссёр, ал учурда 24 жаштагы ВГИК бүтүрүүчүсү Геннадий Базаров. Болгондо да дипломдук иши болгон. Сценарийин Чыңгыз Айтматов менен Игорь Таланкин жазган жаш студенттин тасмасы «Кыргызфильм» киностудиясында тартылган. Тасма каармандарын да таанымал актерлор ойноп, башкы каарман Толгонайды аткарган Бакен Кыдыкеева ушул ролу үчүн Бүткүл союздук фестивалда «Аялзатынын образын мыкты жараткан» наам-сыйлыгына татыган. Анын каарманынын энелик сезими, мээрими тасманын башынан-аягына чейин эң сонун берилсе да, эл эсинде өзгөчө калган эпизоддор бар: ал — окууда жүргөн жеринен майданга кеткен уулу Майсалбектин поезд менен өтүп баратып, апасын кучактап коштошо албай, тумагын ыргытып «апалап» узап баратканы, апасынын баласынын тумагын кучактап жерде жыгылып ыйлаганы… анан уулунун: «…Бир сааттан кийин мен мекеним тапшырган ишке барып, кайра кайтпаймын. Душмандын талылуу жерине барып, аны кыйратып өзүм да жок болом. Мекен үчүн, эл үчүн, жеңиш үчүн, дүйнөнүн бардык жакшылыгы үчүн… Ыйлаба, апа, эч ким ыйлабасын… Кош, түбөлүккө кайыр кош!.. Кош, караныңдан айланайын, Ала Тоо!

Сенин мугалим уулуң — лейтенант Майсалбек Субанкулов» деген коштошуу каты…

Дал ушул катка учурда Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинде окуп жаткан студент, жаш акын Сардарбек Нуркашов жооп жазыптыр. Кат биздин редакцияга келген экен, эч өзгөртүүсүз бердик, окуп коюңуз…

Студенттин Майсалбектин катына жообу…

Салам кат!Амансызбы, Майсалбек аке. Мен бул катты атайын сизге арнап жазууну туура көрдүм. Кезинде биздин чоң акыныбыз Байдылда Сарногоев да өзүнүн өкүл атасы, дагы бир мыкты акыныбыз Мидин Алыбаевдин көзү өтүп кеткенде, ага арнап, атайын «Мидинге кат» деп Мидикемдин абалын сурап, бул жактагы көрүнүштөрдү баяндап, өзүнүн жашоосун айтып, чыгармалары менен бөлүшкөнүн жазды эле. Мен да дал ошол Байдылда акындай болуп сиздин кабарыңызды угуп, бул жактагы көрүнүштөрдү баяндап, аны кат аркылуу жиберүүнү чечтим.

Эмесе, мындай деп жооп берейин. Билесизби? Силердин учур кандай гана кыйын болгонун! Ал учурду азыр эстегенде көзүмө жаш тегеренет. Бирок тагдырга баш ийүүгө туура келет да. Силер согушта жүрүп ата-энеңерди, айылыңарды сагынып, абалыңарды билдирүү үчүн ошол учурдагы эң зарыл болгон кагаз, калем каражаттарын табуу кыйын болгон. Себеби ал мезгилде, каардуу согуш жылдарында, кан күйгөн майданда калем, кагаз жетишсиз болчу. Бирок силер согушта курман болсоңор да, биз силерди унутпайбыз. Мына, Майсалбек аке, далай акындар сиздей болуп согуштан кайтпай калган аталарга, эрдик көрсөткөн баатырларга калем кармап, ыр жазып, далай сүрөтчүлөр согуштун каармандарын сүрөткө элесин түшүрүп, далай кинорежиссёрлор кино тартышты.

Эми мен бул жактагы жашообуздагы болуп жаткан көрүнүштөрдү айтайын. Ошол силердин мезгилдеги эң керектүү, эң кымбат, эң маанилүү ошол эле учурда эң аз, саны жокко эсе болгон кагаз, калем азыр бизде өтө көп, жана түрү менен ала аласың! Анткени азыр жаңы доор, жаңы заман болуп, техника, технология өнүгүп жаткан мезгил. Бирок аны колдонгондор аз. Мурункудай кол мен кооздоп жазып, сүрөт тартып кат алуу, кат берүү жок. Кабарыңды сураш үчүн атайын телеграмма жиберүү жок. Себеби азыр өнүккөн мезгил! Баарысы заманбап.

Компьютер менен иштеп, ал аркылуу иштерди бүтүрөсүң, кагаздарды чыгарасың, телефон менен смс жиберип, ал турсун жанына лайк басасың. Азыр социалдык тармактар да өтө көп колдонулат. Жалпысынан улуу муун да, орто муун да, кичүү муун да телефон берилип, жашообуз интернеттен көз каранды болуп калдык. Буга өзүбүз да көндүк. Анткени мезгил талабына ылайык жашайбыз!!! Эх, Майсалбек аке азыр көп гезит-журналдар чыгат, бирок аны окуган адамдар аз, кабар берүү үчүн ага атайын ылайык киши таап, аны жиберип убара болбой, телефондон эле чалып жана жазып айтып калдык! Телеграмма жиберип, абалын сурабайбыз, себеби соц.тармактагы WhatsApp аркылуу видео-чалуу кылып, алыстагылар менен байланыш кылабыз. Бул да болгон баягы эле техниканын заманы. Азыр гезит-журнал окубайбыз, себеби Instagram соцтармагы аркылуу баардыгын билип, окуп турабыз!

Силердин учурдагы өтө зарыл болгон радиону азыр укпайбыз, анткени радионун ордуна биз соц.тармактагы Facebook баракчасын колдонуп, андагы маалыматтар менен камсыз болобуз!! Менин сизге баяндагым келген жашоо сүртүмүндөгү окуялар, көз ирмемдер ушулар болчу! Билбейм! Мезгилдин жаңы талабы, жашоонун мыйзамы, технология, техниканын өнүккөн учуру адамдарды кайда алып баратат? Кандай өзгөрүүлөр болот? Ааламда, бүткүл дүйнө жүзүндө эмне болуп кетерин эч ким билбейт тура. Кош болуңуз, Майсалбек аке.

Терең урматым менен, Сардарбек Нуркашов (27.03.23. 23:25) 

Даярдаган Гүлгаакы ЖАКЫПОВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.