ВИДЕО — Айзаны мерт кылган атасы эмес, баласы экен… Камакка алынды…

ВИДЕО — Айзаны мерт кылган атасы эмес, баласы экен… Камакка алынды…

Ата-баланын кыңыр иши акыры билинди…

Бүгүн, 13-майда, Биринчи Май райондук сотунда ушул жылдын 9-январында ИИМ Академиясынын 24 жаштагы студенти Айза Улан кызынын өмүрүн алган жол кырсыгы боюнча иш жаңы жагдайлар ачылганына байланыштуу кайра каралып, изделип жатып араң кармалган шектүүнүн ордуна анын уулу У.Э.Н. 2 айга камалды.

Кечээ, 12-майда Башкы прокуратура Айзанын өлүмүнө шектүү катары ата-бала кармалганын маалымдаган эле…

Кыяз МОЛДОКАСЫМОВ: «Айзаны мерт кылган мент Н. Урсеитов эмес, анын баласы экени аныкталды»

Соттун чечимине ыраазы болгон белгилүү тарыхчы, публицист, профессор Кыяз Молдокасымов «Фейсбуктагы» баракчасына төмөндөгүдөй пост калтырды:

— ИИМ Академиясынын курсанты, аяш кызыбыз Улан кызы Айзаны унаасы менен мент уруп кетип мерт кылганда көздөн жаш, ичтен кан кетип, соттордун адилетсиз чечиминен алапайыбызды таппай, акыйкат издеп жардам берсе эки иним жардам берээр деп ушул төмөнкү кайрылууну жазган элем. Бир иним бул майда-чүйдө эле бир маселе экен дедиби, же карапайым эле бир үй-бүлөнүн кызынын өлүмү деп маани бербедиби, айтор үн катпады. Балким бир үлкөн бирөөнүн кызы, же небереси болгондо дарыгерлерди каматкан окуядай каматып, пачагын чыгарып таштамак.
Бирок экинчи иним дароо көңүл буруп, карапайым үй-бүлөнүн кызы болобу, же үлкөн чиновниктин бирөөсү болобу, мыйзам алдында күнөөсү болсо бардыгы бирдей, акыйкат тергелиши керек деп, тергөө ишин Прокуратуранын көзөмөлүнө алып, Бишкек шаардык прокуратурасынын эң мыкты тергөөчүлөрүнө тапшырган. Мурда милициянын тергөөчүлөрү Айзаны мерт кылган мент менен тил табышып, тергөөнү тескери жака буруп жиберишкени эми ачыкка чыгып отурат. Токумун жеген соттор жабыр тарткан тарапты эмес, мерт кылган ментти колдоп, теңирден тескери өкүмүн токуп беришкени үчүн жазаланаар күн да алыс эмес.
Бишкек шаардык прокуратуранын тергөөчүлөрүнө миң мертебе алкыш! Ушунчалык татаалдашып кеткен тергөө ишин оң жолго салып, тыкыр иликтеп отурушуп акыры чыркыраган чындыкты ачыкка чыгарышты. Эгер тергөө иши Баш мыйзам аркылуу прокуратурага кайра кайтарылбаганда мындай татаал иштин эчени жабык бойдон калып, сабатсыз, сатылма соттор жаназасын окуп, жең ичинен жерге көмдүрүп салмак. Дагы прокуратурадан тергөө ишин талашып чыкканына кантесиң?!!!

Прокуратуранын тергөөчүлөрүнүн үч айдай тыкыр тергөөсүнүн жыйынтыгында кыргыздын билимдүү, мекенчил, жаркылдаган жароокер кызы Айза Улан кызын 2023-жылдын 9-январында, таңкы саат 7лерде милициянын отставкадагы майору Н. Урсеитов мерт кылбай эле анын уулу унаасы менен уруп мерт кылып, кылмыш кылган жеринен качып из жашырып келиптир. Баласынын кылмышын оорулуу атасы мойнуна алып, жалган, жараксыз медсправка, документтер менен тергөөнү тескери жакка буруп, сотту сол жакка жетелеп, каалаганындай калчаганы билинип отурат. «Кыңыр иш кырк жылда билинет» — дейт кыргыз! «Кан жөн жаткырбайт» — дейт кыргыз! Бирөөнүн чырактай кызын мерт кылып, кутулуп кетем деген амалыңар суу кечпей, прокуратуранын тергөөчүлөрү бардык арам амалыңарды ашкерелеп салды го! Сатылбаган, өз ишин так, мыкты билген кесипкөй тергөөчүлөр бар экендигине эми ынандыңарбы?!!! Коомчулук буюрса ынанып отурат.
Кырсык болгон жерде, убакытта кимдин телефону кай жерден чалынганын аныктай, тактай турган жолдору бардыгын ата-бала силер билбесеңер да, элдин бардыгы жакшы билет! Актанам, жазгырам деп аракет кылганыңардан эми майнап чыкпайт! 1-Май райондук соттун судьяларын сатып алам деп аракет кылбагыла! Коомчулукта чоң резонанс жараткан, адам өлтүрүп из жашырган, тергөөнү тескери жолго салган силердей жексурларга эми 1-Май райондук соттун судьялары сатылбайт! Алданбайт! Алардын сатылгыдай эки баштары жок! Чет өлкөгө качууга, качырууга аракет кылган шектүү уулуңардын орду эми абакта!
Жыйынтыктап айтканда, карапайым адамдардын арыз-муңун угуп, кайгысын түшүнүп, адилет, калыс тергеп, иликтеп, чындыктын жибин тапкан Бишкек шаардык прокуратурасынын мыкты, кесипкөй тергөөчүлөрүнө алкыш! Терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз! Ошондой эле маалыматтык жактан колдоого алган, бүгүн да колдоп жаткан, 13-майда Бишкек шаарынын 1-Май райондук сотунда болуучу сот жараянына келип колдойм деген бардык журналист-кесиптештериме, блогерлерге, жакын санаалаштарга терең ыраазычылыгымды билдирем! Биз бирге болсок сөзсүз ийгиликке жетебиз!!?

Кыяз МОЛДОКАСЫМОВ

Каргашалуу окуя болгон күн

24 жаштагы Айза Улан жаңырган жылдын 9-январында, каникулдан кийин сабакка баратканда бардык эрежени сактап жөө адамдар өтчү жерден өтүп баратканда белгисиз айдоочу сүзүп кетип, каршы тилкеге кулап түшүп, ал жактан экинчи унаа сүзүп каза тапкан.

Бул окуя боюнча Бишкек ШИИББи кылмыш ишин козгоп, кылмышка шектүү адам 3 күн изделип жатып, акыры ички иштер органдарынын мурдагы кызматкери У.Н.А. кармалып, бирок саламаттыгына байланыштуу сот аны үй камагына чыгарып, ал сот чечими да талкууну, нааразылыкты жаратты эле, эми ошол учурдагы тергөө амалдары тийиштүү деңгээлде жүрбөгөнү, атүгүл калкаламай иштер болуп кеткени маалым болуп отурат. Аны прокуратуранын бул билдирүүсү аныктап турат:
«Тергөөнүн жүрүшүндө, ички иштер органдарынын мурдагы кызматкери, жазык сот өндүрүшүн жүргүзүү боюнча теориялык билими жана тажрыйбасы бар У.Н., уулунун бул кылмышка катыштыгын жашыруу максатында, оорусу жана майыптыгы анын камакта кармалышына алып келбестигин билип туруп, кылмышты өзү жасагандыгы тууралуу көрсөтмө бергендиги жана ошону менен уулу У.Э.ни кылмыш жоопкерчилигине тартуудан сактап калууга далалат кылгандыгы аныкталган»

Жагдайды чечмелесек, Айзаны коюп кеткен бала атасына чалган. Атасы болсо, баласын эле эмес, жалганбы, чынбы, өзүн опурталдуу оорулуу кылып көрсөткөн, түрмөдө калганга жол бербеген документтер менен өзүн да куткарып кеткенге аракет кылган экен. Туурасын айтканда, бир үй-бүлөнүн алмончоктой кызынын жанын алып коюп, жанталашып кутулуп кетүүнүн амалын издешкен экен. Ага көмөкчү, шыкакчы, калканыч тергөө жүргүзмөкчү болгондордон да табылган окшойт. Ошондон калп эле териштирип атабыз деп көңүл жубатымыш болуп, тергөө жетиштүү жүргөн эмес десек болот. Эми прокуратуранын: «Учурда прокуратура тарабынан иш боюнча бардык жагдайларды аныктоого жана бардык тиешеси бар адамдарды жоопкерчиликке тартууга багытталган активдүү тергөө аракеттери улантылууда» деген маалыматына ишенсек, жоопко тартылчу адамдар Айзанын өмүрүн алган айыпкер менен эле чектелбесе керек…

Назира СААЛИЕВА

P.S. Маркум Айза Улан кызынын эжеси Мира Мураталиеванын маеги бу ШИЛТЕМЕде.

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.