АРХИВ: Журналист, акын Жолдошбек Зарлыкбековдун ырлары…

АРХИВ: Журналист, акын Жолдошбек Зарлыкбековдун ырлары…

Эсен болуп, эстей жүр!

13-май…

«Ленинчил жаш”,», «Асаба», “Кыргызстан маданияты”, “Агым”, «Де-факто», «Баягы Асаба» гезиттеринде эмгектенген белгилүү журналист, акын, публицист Жолдошбек ЗАРЛЫКБЕКОВ (1959-2016) агабыздан ажыраганыбызга 7 жыл болуптур. 58 жашында узакка созулган ооруудан 2016-жылдын 10-майында көз жумуп, сөөгү Бишкектин чыгыш тарабындагы көрүстөнгө 13-майда коюлган.

Деги эле кабак-кашым дечү эмес, дайыма тамашалап, жадырап-жайнап, жүрчү… Эрнис, Кимбайке (Төлөгөн Карыкеев), Жолдошбек байке үчөө шахмат ойношчу… кыргыз жана дүйнөлүк адабиятты сүйлөшүп, «Асабадагы» кызык күндөрүн эстеп, аябай жыргашчу…

Жолдошбек агабыз макалаларды да, ырды да мыкты жазчу. «Баягы Асабада» иштеп жүргөндө редактор жолдошум Эрнис АСЕК уулу (1970-2020) ырларын сураганда, «сипсвежий ыр» деп тамашасыбы, чыныбы, кайдан, айтор, кыткылыктап күлүп, кол жазмасын алып келип берген эле… Эрнис аны өзү компьютерге терип, баш сөз (ал бу ШИЛТЕМЕде) жазып чыгарды эле…

Агабыздын ырларын окуп эле тим болбостон, бөлүшүп, жайылтып, кийинки муунга тааныталы, окурманым! Экинчи өмүрүнүн узак болушу сиздердин колдо, кыргыз элим! Эсен болуп, эстей жүрөлү, туугандар!

Назира СААЛИЕВА

АРХИВден…

Эмне үчүн табит сөздөр өлүп тынат? Эмне үчүн карегиӊде мелт-калт кайгы?

Архаика

Канаттуу кайып сөздөр – Кыргыз сөздөр,

Кез-кезде кайтып келет босогого.

Аларды тааныбайбыз, таарынгандай,

Бозорот, көздөрүндө жашы толо.

Чарчашкан, канаттарын бубак баскан,

Себерип, каруусу жок, өӊдөн азган –

Аларды тааныбайбыз, жашап жаткан,

Жаш да жок аларга кунт салам айткан.

 

Манастын томдорунун артындагы,

Архаик аталышта – Көөнө сөздөр,

Кезинде албарс кылыч, калкан алып,

Айкырып жөнөп турган душман көздөй!

Кезинде аларга ысык салам айтып,

Коноктоп, торпок союп, бакылдашып,

Олтурчу Саякбайлар, Ашымдар жок,

Жүздөгөн эски сөздөр көөнүн жазып…

 

Жамгырдан, кардан, аптап, шамалдардан,

Жыртылып, эскирбей ким аман калган?

Жоготуу жакындалаар кадамдардан,

Күн түйшүк – бүткөн бардык жан армандан-

Төрт тушу ачык  жаткан ай ааламдан,

Топосу токсон кабат талаалардан,

Суулардан сексен тарам салааланган,

Булуттан, чыгыш беттей жай айдалган,

Сурасам: «Аты ким деп Көөнө Сөздүн,

Кезинде жан кошчусу Уулу көчтүн?»

Бири да эстей албайт, унутушкан –

Кезинде жамгыр жааган, буту учкан,

Чагылган миӊ жыл өскөн арча жыккан,

Суулар да, суусап бүтүп тартылышкан,

Талаалар бозорушуп тарпы чыккан,

Ай аалам миӊ канатын бөгүп, буккан

Сурасам бири дагы унчугушпайт,

Күн дагы күйүп чыгып күн чыгыштан,

Айталбайт Көөнө Сөздү аты бу деп.

Олтурам темир жолдун рельсинде

Тиктенип телевышка тирөөсүнө,

Кимсиӊер? – туш тушуман ким өтүүдө,

Айтсаӊар – колун сунуп тартып алар,

Жоголсоӊ — үндөп издеп каркырадай

Туш-тушка атыӊды улам айтып алаар.

Күн күйүп, таш каарылып турган чакта,

Сар бетин сары каймак кир баскан чөл

Жаӊырган жымжырттыкка жанын берген

Коӊур жел согуп турган коӊул жерден,

Козголуп, козутуп да, арбап баары

Ысымын кудай чындап унуткарган,

Ыймансыз кишилердин арбактары

Илээлеп жыгылып-кооп араӊ жылган

Жыландын териси да кургап турган.

Телмирген темир тикен чөл адырдан

Сурасам: «Аты ким деп Көөнө Сөздүн,

Кезинде жан кошчусу Улуу көчтүн?–

Айтпады, ысымдарын унутушкан,

Кезинде күч алып курутушкан,

Кезинде керектешип мөөрөй уткан,

Кезинде жагып жанын жылытышкан,

Кезинде буюм тутуп урунушкан.

Канаттуу кайып сөздөр – Кыргыз сөздөр

Кез-кезде кайтып келет босогого,

Бир жан жок Көөнө сөздөр сырын уккан…

Зар уруп жапа басып зардеп тарткан,

Көгүӊ жууп, көкүрөктөн агыӊды ачкан,

Акаарат айтып апчып багалчактан

Ыймансыз кишилердин арбактары

Канаты сынган куштай калдакташкан,

Үн менен эгеримде кардыкпаган,

Тил менен келебинде сүрдүкпөгөн,

Тириглик шарданында күргүштөгөн,

Жашоонун бой-денесин киндиктеген.

Миӊ-миӊ сөз көкүрөктө жашы толо,

Кез-кезде кайтып келип босогодо

Бозоруп, бизди издебей ким издеген?!

 

Алардын ар биринин жеӊин тартып,

Миӊ-миӊ жыл кирпигинен чаӊын аарчып,

«Бозоруп турбагыла босогодо,

Киргиле, келипсиӊер кайра кайтып» —

Деп айткан деми ысык бир кыргыз жок,

Алар бир өгөй, башка чоочун окшоп…

**

Эмне үчүн табит сөздөр өлүп тынат?

Эмне үчүн карегиӊде мелт-калт кайгы?

Жалындын аркасынан жалын сынат,

Жазыксыз жанган оттун соолуйт табы,

Ушундай… Сөздөрдүн да жетпейт алы,

Көз караш жандалбаса дабыш салып.

Таӊдайда каткырыктын калып даамы,

Жайдары бир таалайдан алыстадык.

Кырк жашыӊда сүйүп калуу – кыйын иш

Кыйын эмес жыйырма жаштын кырында,

Сүйүп калуу, сүйгөнүӊдөн айрылуу…

Келээр кездер керемет бир буюмдай,

Жайма кыял жаштыгыӊдан сандыгы.

 

Күлүк минип шамал менен жарышып,

Бак түбүндө ырын тыӊшап жамгырдын.

Мен сүйгөн кыз «кош» дегенде кайышып,

Бүт дүйнөнү жээрип, мөгдөп кайгырдым.

 

Бирок дале кадимкидей күн чыгып,

Шамал, жамгыр ыры дале ырдалып.

Кадимкидей жүрөгүмдү буй кылып,

Кыздар жүрдү айланамда нурданып.

 

Кейиш салган кечээгиден башкараак,

Керемети бар турбайбы бул күндүн.

Аз өттүбү, аруу кызды ак тамак,

Сүйдүм дагы сүйүндүрдүм, сүйдүрдүм.

 

Жаштык кездин жанарын айт кысталак!

Капталында кынсыз албарс кылычы.

Бат дүркүрөп. Бачым күйүп куйкалап,

Кагаз оттой жыйырма жаштын сүйүүсү.

 

Өтө кыйын кырк жашыӊдын кырында,

Сүйүп калуу, сүйгөнүӊдүн чанганы.

Сол тушуӊда муштум этиӊ зырылдап,

Ат башындай азанаган арманыӊ.

 

Каныӊ бузуп кара курту кайгынын,

Жаныӊды жеп кара жаалы акылдын.

Түккө арзыбай жыйган сөөлөт, байлыгыӊ.

Бат карытат ак аралап чачыӊды.

Элүүсүндө Ак Мөөр алган Жантайлар,

Алтымышта бала көргөн Жаминдер.

«А сен кимсиӊ?» — дейм өзүмө – жалпайган,

Кырк жашында мөгдөп турган чагын көр.

**

 

Мен мен эмес, башка бирөө, сыягы,

Мен чамалаш бою, ою, курагы,

Тозоктогу өчкөн оттой көз оту,

Чопо жуткан суудай сары ыраӊы,

Ким бирөөнү издеп жүрөт жоготуп,

Диогендей күндүз күйгөн чырагы,

«Адам барбы?!» — элден жалгыз сурагы,

Ийнин күүшөйт анысы да, бу дагы.

 

Ким унчукпайт, жатканымды сүйлөнүп,

Ким тырчыбайт, жатканымда тилденип.

Ким жол берет, жөөлөй бассам күүлөнүп,

Ким тик турат, сулап жатсам ийрейип?

 

Бир адамда жашайт анык эки адам,

Айырмасын айрый алсам, непадам,

Бир көзүнө экинчиси жоо аган,

Аппак оюн капкара ою тушаган,

Бир ниети бир ниетин бутаган,

Бир кыялы шалкы, бири учаган,

Бир колу ишкер, экинчиси бузаган,

Бу дүйнөдөн жакалашып узаган,

Бир кишинин ичиндеги эки адам.

Муну неге айттым, өзүм тууралуу,

Мен мен эмес, башка бирөө, сыягы…

Туулбай туна чөккөн наристенин ыйы

Менин ыйык соолуктап улутунган,

Көк асманга жеткен жок уюп турган,

Көк заӊгелге жеткен жок муюп турган,

Түндөсү Айга жеткен жок сынып турган,

Боз шамалга жеткен жок улуп жылган,

Кар-бороонго жеткен жок буюктурган,

Апам гана көз жашы тунук суудан,

Атам гана унчукпай туюп турган.

 

Менин колум – кол эмес, куураган сөөк,

Менин көзүм көз эмес – куураган чөөт.

Карын чачым – чач эмес – чириген кыл,

Майин үнүм — үн эмес – ириген ыл…

Чыгар демим – дем эмес – боштук сенек,

Сүйлөөр тилим – тил эмес – бирдеме деп

Айталбаймын – айталсам, кимге керек?

… бойдон түшүп калганым – эмне себеп?

Апа, ооруба, венаӊа морфий сайып,

Күндө үч маал көкнарды тартпаш керек…

Жолдошбек ЗАРЛЫКБЕКОВ

«Баягы Асаба» (2014-жыл)

P.S. Жолдошбек Зарлыкбековдун Мелис Эшимканов тууралуу эскерүүсүн бул ШИЛТЕМЕден, Төлөгөн Карыкеевдин (Кимбайке) эскерүүсүн бул ШИЛТЕМЕден окуй аласыздар!

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.