Садыр Жапаров мамлекеттик сапар менен Кытайга барат

Садыр Жапаров мамлекеттик сапар менен Кытайга барат

Президент Садыр Жапаров мамлекеттик сапар менен Кытайга барат. Бул тууралуу өлкө башчысынын басма сөз кызматы билдирди.

Сапардын алкагында Садыр Жапаров Кытайдын лидери Си Цзиньпин баштаган бир катар жогорку кызматтагы адамдар жана бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен жолугушат.

Мындан тышкары президент Сиань шаарында өтө турган «Кытай-Борбор Азия» саммитинин ишине катышары кабарланды.

Басма сөз кызматтын билдирүүсүндө, Кытайдын лидери менен боло турган жолугушууда кандай маселелер талкууланары жазылган эмес. Бирок буга чейин Борбор Азия өлкөлөрүнүн президенттери катышкан саммитте «Кытай менен Борбор Азиянын ортосундагы мамилелердин жаңы планын иштеп чыга турган» маанилүү саясий документке кол коюлары кабарланган.

Ошондой эле буга чейин Кыргызстан менен Кытай өз ара визасыз режим киргизүү тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканы маалымдалган.

Гүлгаакы ЖАКЫПОВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.