Майра КЕРИМ кызы: «Энемдин курсагынын кызыгын көргөнүм менен кучагынын кызыгын көрбөй калдым» (Акыркы маек)

Майра КЕРИМ кызы: «Энемдин курсагынын кызыгын көргөнүм менен кучагынын кызыгын көрбөй калдым» (Акыркы маек)

Эсен болуп, эстей жүр!

Эгиз элдин данакер таланты, эки уул, бир кыздын энеси, 250дөн ашык ыр жазган, 50дөн ашыгына обон чыккан белгилүү төкмө, жазма акын, обончу, аткаруучу Майра Керим кызы ( 1962-2009) Эне өнөрүн улаган кичүү уулу Акжолтойду (1993-2019) жарыкка алып келген күн — 20-майда эскерилди. Көзү тирүү болгондо өзү 61, уулу 30 жашка чыкмак экен…
Ырчы Гүлназ Бекбосун кызынын социалдык тармакка жазган учкай маалыматында айтылгандай, бул эскерүүнү Жанадил, Кенже деген өкүл бала-өкүл кызы өткөргөн.

Не дейбиз, Майра эжебиз шашылгандай Акжолтой уулун айтыштык өнөргө эрте аралаштырып, бирок уулунун чабытына канбай кетсе, өнөрү да, өзү да өзгөчө бала Акжолтой «Апамдын тилеги болгон «Айым айтыш» коомдук фондун жандандырам. Апам баштайм деп жүрүп асылган дарттан аркы дүйнѳгѳ кетип калды. Айтышууга шыгы бар кыздардын шыгына дем берейин деп жатам» деген эне тилегин көкүрөгүнө каткан бойдон, шумкат боосун үзүп, жаркылдаган келинчеги Изаард менен жарык дүйнөнү эрте таштап кете берди. Майра эжебиздин өмүрүн жабышкан жаман оору, жаш жубайлар Акжолтой менен Изаарддын өмүрүн 2019-жылдын 11-ноябрындагы капилет болгон жол кырсыгы алып кетти. Төкмө кыздардын чолпону Майра эжебиз 2009-жылдын 18-августунда көз жумган эле… Ошол жылы жазында, Нооруз майрамынын алдында журналист Нурипа Кичинебатырова үйүнө барып, интервью алып, «Эжебиз катуу эле ооруп жатыптыр… Ошентсе да сыр бербей, маек куруп берди» деп кейип келген эле. Ал маек акыркысы болуп калат деп ким ойлоптур!

АРХИВден…

Майра КЕРИМ кызы: «Кудайым мени сынап турат»

Туулган жерим Алматы облусунун Кеген районунун Жылысай айылы. Бургансай деген жерде жыл башында, 8-январда төрөлгөм. Атам улуу жүздүн Албан уруусунан, энем кыргыз, Бугу уруусунан. Келе-келе билдим. Албан-Бугу бир тууган экенин. Каркыранын ар жагы казак, бери жагы кыргыз. Табиятымда энчиси бөлүнбөгөн эгиз эл.

Атам устачылык кылган, колунан да, тилинен да келген киши болгон. Маңдайына беш аял жазылыптыр. Бирок бала көрбөптүр. Менин энемди алып, 12 бала көргөн экен. Ошонун онунчусу мен экенмин. Көзү тирүүсүнөн 3 кыз, 2 эркек барбыз. Апам жамакчы, кол билген, алаканы таптуу, тамагы таттуу, эч кимди жатсынбаган бир башкача адам эле.

Балалык

Негизинен мен энемдин курсагынын кызыгын көргөнүм менен, энемдин кучагынын кызыгын көрбөй калдым. Атамдын бир тууган карыдашы бала көрбөй, мени ал кишиге беришкен экен. Атамдын карындашынын колуна эки жашымда барып, кийин кандайдыр бир жагдай менен, билбейм ортодо эмне болгонун, айтор, 5 жашымда ата-энем мени кайра алыптыр. Ошол учур эсимде. Сулуубала апам мени эркелеткенде: «Сен кетсең мен арыктагы сууга агып өлөм го, чөмүчтөгү сууга чөгүп өлөм го» деп айтып калчу. Анан атамдар мени үйгө алып келишсе, «апакем арыктагы сууга агып өлгөнү калды гой, чөмүчтөгү сууга чөгүп өлгөнү калды гой» деп керели кечке ыйлап, чай ич десе ичпейм деп, тамак же десе жебейм деп, ата-энемдин шайын оодарыпмын. Анан атам бул баары бир бизге көнбөйт экен деп кайра энеме алып жөнөптүр. Ошондо атам атка учкаштырып алып кетип бара жатып мени бир башкача кучактап, улам төбөмдөн кайра-кайра жыттап өөп коет. Ошол мээриминин кучагында калып калат белем. Анда кандай болот эле ким билет. Карындашына боор басып калганымды сездиби, же карындашым да кыйналып жатат го деп жаман болдубу мени кайра алып барып берген.

Мени баккан энем беш маал намаз окуган, базардан келген оккаттан сактанып турган, менин ар бир кыймылыма, чачымдын өрүмүнө чейин маани берген ушундай бир керемет киши эле. Ошондо кайра барганыбызда: «Чөлдөгөнүм ай, суусаганым ай, Керимим ай, кайра алып келдиңби» деп тосуп алган. Бирок орто жерден улуу эжем эки жолу турмуш курса да балалуу болгон жок. Жездемдин эжеме сөзү өткөн учурлары атама жеткендиктен, атам ооруп турган кезинде: «Кайсы баланы чырылдатып Батиминын койнуна салып берет элек, Майра көңүлүн табат» деп атам көзү тирүүсүндө карындашына аманатын айтып кетти. Айла жок, атам каза болуп, мени алып кеткенге эжелерим келишти. Апакем: «Батима эжеңди ыйлатпоо керек» деп, мени таң атканча кучактап жатып, акыл айтып, эжемдериме кошуп берди. Анда мен 8-класста окуп калгам… Ошентип дагы бир ирет тагдырым бурулду.

Өнөр

Канда кайнаган, тилде сайраган өнөр жолуна келгенге чейин Жылысайдагы М.Горький мектебиндеги музыка сабагынан берген эжейлерим: Насилхан, Гүлбакыт болсо, баккан апама келгенден кийин Желтөраңгы орто мектебиндеги, интернаттагы агай-эжелеримдин сабактары, Курти районундагы Маданият бөлүмүн камкордугу, КПСС мүчөлүгүндө жүргөндөгү слеттор, жарыш-сынактар, бирге иштешкен жоро-жолдош жетекчилердин таасири такшалтты. Толар совхозунда иштеп жүргөн кездеримде, Камчыбек аганын уулунун үйлөнүү тоюндагы «Бет ачар» ырымды ырдадым. Ошол жылдары гастролго келген «Сазген» казак улуттук-этнографиялык ансамблдин ырчысы Майра Ильясованын алгачкы жолу чыгармачылык өнөргө жол салышы талантыма шык кошту десем болот. Майра эжемден «Кула атым ай», «Замандаш» ырларын үйрөндүм. Айтыш өнөрүнүн сахнасына алып келгенге Марат Качкынбаев, Айтуган Шайымов, Асел апа, Мадина Асановнанын таасири күч. Эки-үч жолу айтышка катышып, андан аркы өнөрүм өзүнөн-өзү ачыла баштаганына Теңирим гана күбө.

Тагдыр

Аялзаты катары эки азамат көрдүм. Алгачкы сүйүү, алгачкы кубаныч, алгачкы жаңылыш, алгачкы көңүл калуу экинин биринин башындагы иш. Ал эми менин дагы башымда тагдырдын жазуу буйругу менен өткөн сүйүүдөгү сүрүнүү, тагдырдагы тайкылык, аялзатындагы алсыздык, жаштыктагы жаңылыш бир уул, бир кыз жана бир азаматтын жүрөгүнө жүк болду. 8-класстагы тун сезимди булгабаш үчүн каталыгымды тууралаш үчүн, жүрөгүмө өгөй түшүнүк кирбеш үчүн, Кудайым дайыма ургаачынын чырагы кырк демекчи, азыркы жолдошум Канатты жолуктурду. Башыма конгон бакыт Канаттын багелегинен келген. Ал эми ал үчүн мен канчалык казына экенимди эл билет. Алгачкы жолдошум менен жолубуз эки айры болуп кеткени менен балдардын тагдырына келгенде, Канат менен Нурман, анын жубайы Алтынкүл төртөөбүз чогуубуз. Мага жүгүнгөн, мени сыйлаган киши Нурмандын жубайы болду.

Буйрук

Аялдык бактыма, акындык өнөрүмө жылдыз жаккан адам Байышов Канат болду. Кандай буйруктуу турмушка келип калганымды билбейм. Мына тагдыр дегениң…

Экөөбүз ашканадан жолуктук. Акчий деген жерде. Булар бригадасы менен барып объекти салып жүргөн кези экен. Мен энем, кызым менен тамактанганга ашканага кирип калдык. Тамак ичип олтурсам мени бирөө карап олтургандай болуп турду. Бул ким болду экен деп бурулуп карасам, бейтааныш бирөө мени карап олтуруптур. Колундагы кашыкта күрүч, башында тумак. «Эмне мынча тиктейсиң?» деп айтканга алым келмек, бирок, мен а дей албай калдым. Бул көз караштан ички дүйнөм уйгу-туйгу боло түштү. Тамак жей албай калдым. «Тез жеңдер, кетемиз» деп ал жерден чыккыча шаштым. Ашканадан узап баскандан кийин артымды кылчайып карасам, ал досу менен артыбызда келе жатыптыр..

Бурулуш

Канат мен үчүн табышмак. Ошол табышмак бойдон калышын каалайм. Ал мен үчүн таза. Апам да таза. Бир туугандары да таза… Экөөбүз кезиккенде 19 жыл сыртта жүргөн экен. «Өз жерине өткөзүп келчи» деди кайненем. Ошентип, 90-жылы көчүп келдик. СССР калчанып турган учур. Эл көргөндү биз да көрдүк. Балдарды окууга киргиздик. Турмуштан, дегеле баарынан чарчап турган учурда мээримдүү кишинин колуна түштүм. Өлгөн энем тирилгендей, өчкөн чырагым жангандай эле болдум. Кыргыздын келининдей эмесмин. Велосипед тебем. Бутумда жабышкан легинцы… уктай берем. Уктаган сайын апам сүйүнөт экен. Ал жылдары мен жөн эле уктап жүрө бериптирмин. Канатымдан боюмда болбой убакыт өтүп баратса да, апам бир кабагын бүркөп койгон жок. «Кудай берээр» деп көп айта берди. Бардык кылык-жоругума Канаттын көз карашы менен карайт. Жасабаганым жок. Апам ошондо да: «Ай, балам, ай» деп гана койчу. Анткени менен эстүү тентек болдум. Бир күнү томат алып келе коеюн деп велосипед менен дүкөнгө барып, кайра тээп келатсам атам эшиктин жанында турган экен. Токтобостон түз кирип кетейин деп: «Ата, эшикти ачыңызчы» десем, эшикти шашкалактап ачып калды. Мен кудуңдаган бойдон тээп кирсем, атам көчөдө турган кишилерден уялганынан үйгө кире качыптыр. «Мунуңдун акылы жок, тиги кылганы эмнеси? Качан шымын чечет? Айылдан уялып бүттүм» деп апама сүйлөнсө, апам: «Тим кой, кийин өзү токтолот, шымын чечип, кантип халат кийип калганын билбей калат» дептир. Кийин атам менен тил табышып, жакын болуп кеттим.

Сүйүнүч

Аксайда «Үмүт» деген ансамбль бар болчу. Ильич Шамбетов, Кумарбек, Талант деген 5-6 бала. Алар «Жеңеме баралы, үйүндө бош отурат. Түптө казактар көп, жеңемди ырдатабыз» деп, Кнаат экөөбүздү кошуп алышты. Ошентип гастролго кеттик. Көксөгөнүм жерден табылып кубандым. Баягы бугумду жазам деп кудуңдап… Ал жактан келгени жүрөгүм ойноп, уйгу-туйгу болуп калдым. Анан апамдан уруксат алып, Канатка айттым, «баралы культурасына» деп.

1992-жылы 6-майда бардык. Замира Шайдылдаева Жапаковна деген аял кабыл алды. Ал кишиге бадылдап сүйлөп жатам. «Замирбек (Үсөнбаев), Эстебес (Турсуналиев) байкелерибизди билем. Акынмын. Алар менен саламдашат элем» десем, ал киши айтышат элем деп түшүнүп алды окшойт, «Сен аларды коюп бери жактагы башкалары менен эле айтыш! 8-майда концерт болот, ошондо ырда! Азыр бул жерден ырдап көрчү»,- деди. Ырдасам, ал: «тирикарак экенсиң, кана, бери келип бул топуну кийип көрчү» деп, топу менен көйнөгүмдү ченеп калды. Үйгө келип, апама айтып жетине албайм. Ошентип, 8-майда жон топ элдин алдына чыгып, саламдашып, элди майрамы менен куттуктап, ырдап чыктым. Эл арасында дуу-дуу эле боло түштү. 14-майда Ысык-Көлдүн борборуна телефон чалышып, 20-майдагы айтышка деп мени кошуп жаздырып коюшту. Андагы облустук айтышта 1-орунду алгам. 20-майда К.Жантөшев атындагы маданият үйүндө Дайырбек Алыбаев, Амантай Кутманалиев. Абдылда Нуралиев менен айтыштым. Бул бир жаңылык болду дуу деген. «Булак көрсөң көзүн ач» дегендей, дараметим бар экенин билип, эл дагы, калыстар дагы жетелешти.

Акжолтой

Балабыздын төрөлгөнүнүн өзү керемет. Облустан жаңы үй берилип, ага киргенибизге 3 саат болгондон кийин көз жардым. 1993-жылдын 20-майында уулдуу болдук. Акжолтой бала деп ысымын Акжолтой деп койдук. Башынан эле бир башкача бала болду. Бир күнү адаттагыдай эле тамактанып олтурганбыз. Анда ал 2 жашта болчу. Бир убакта баланын кыңылдаганы кулагыма угулат. Бул эмнеси деп бир чети чочуп, уктап жаткан бөлмөсүнө Канат экөөбүз баш баксак, уйкулуу көзү менен мандаш токунуп алып манас айтып жаткансыйт…. Акырын алып жаткызып койдук. Кудайым бир белги берип жатат окшойт деп, май түтөттүк. Анда бир белги болду.

Кийин 4-класста окуп жаткан кези го, кагаз жазып отурсам, маңдайыма улам кирип чыга берди. Бир убакта келип, көкүрөгүн көрсөтүп, «Мобу жеримдин күлкүсү келип жатат» деди. Дароо сездим да айттым: «Ал деген илхом болот. Ыр жазып келчи тиги бөлмөгө барып» деп, колуна кагаз менен келемди карматтым. «Эмне жөнүндө жазам?» дейт. Балалык тууралуу жаз десем, жазып келди толкундануу менен. Ал азыркыга чейин сакталуу. Ошентип, кадам да шилтеди, калем да шилтеди. Домбураны өзү эле үйрөндү. Комузду Нарынбек деген байкеси үйрөттү. Биринчи жолу 14 жашында айтышка барды. Мага Түркстанга айтышка деген кагаз келген экен. «Мен ооруп жатам, бара албайм. Балам барса болобу?» десем, болот дешти. Ал жакка Казакстандын диаспорасы менен казактарга барышты. Мен балама: «Балам, казактарга домбура менен ырда, мейлиби?! Бир сахнага чыгып, 5 мүнөт эле казак болуп койчу! Аларды уят кылба!» деп суранып атып жибергем. Мейли деп кеткен. Келгенден кийин ал жактагылар: «Бөрү баласы ит болбойт» деген ушу да. Барганга чейин балаңыз көңүлүбүздү ток кылып барды. Ал жерге баргандан кийин, сахнада: «Колдосо нагашылар, жээниңердин багы ачылар» деп кыргыз экенин билдирип салбадыбы» деп капаланып, айтып беришти. Кудайга шүгүр, Жараткан берген талантын андан ары колдойлу деп турабыз!

Кадырлап турса кең мекен…

Акжолтой келинчеги Изаард Канатбекова менен

Ургаачыга эки нерседен бак айтса, калганы өзүнөн эмеспи. Биринчиси — эринен, экинчиси — этегинен. Аял катары утулдум дебеймин. Эки неберебиз бар. Кээде гана калк кызматында, өнөр деп жүрүп, балдарыма назарымды аз салып койдумбу деп, ка-ап, аттиң деп бармагымды тиштеп калам. Эненин балага тилегени жакшылык да. «Балам ыймандуу болсо экен, чөйрөсү жакшы болсо экен, кызым бетимди кызартпаса экен» деп тилейбиз да. «Атасы жаман анда-санда, энеси жаман эзели оңолбойт» дегендей болгон жок, Кудайга шүгүр, балдарым көңүлгө толорлук болуп чоңоюшту.

Кийинки убактарда тумчуга түштүм. Кичине ооруп калдым. Эл көргөндү көрүп жатабыз. Калктын көңүлүндө тургандан кийин сылтыганым билинбесе дейм. Кудайым сынап турат. Бардык жакта күйөрмандарым бар, алар менен ден соолукка байланыштуу чанда гана кабарлашып калдым. Баары аман-эсен айыгып кетсе экен деп тилеп жатышат. Баарына ырахмат. Өзгөчө камкордугу үчүн ыраазычылыгымды айта турган адамдардын тизмеси жүрөгүмдө…

Нурипа КИЧИНЕБАТЫРОВА,

«Параграф», 20.03. 2009-жыл

Айтмакчы…

Башында айткан эскерүүдө Майра Керим кызынын сиңдиси эжесинин көйнөгүн кийип, домбрасын көтөрүп чыкты дешкен. Баян Акматовдун “Фейсбуктагы” “Stories” деп койчу 24 сааттык тарыхчасынан да көрүп таң бердик, куду Майра Керим кызы келаткандай, аттиң…

Даярдаган Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

P.S. Сүрөттөр Интернет булактарынан алынды. Видео болсо журналист Канышай Мамыркулованын «Фейсбуктагы» баракчасынан алынды.

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.