Үчөө. Акын Эркеайым Боталиеванын эскерүүсү…

Үчөө. Акын Эркеайым Боталиеванын эскерүүсү…

Эсен болуп, эстей жүр!

Бүгүн белгилүү акын, журналист Зайырбек Ажыматов жарыкка келген. Көзү тирүү болгондо 47 жашка чыкмак экен, аттиң…

Зайырбек Ажыматов 1976-жылы 27-майда Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Ак-Жол айылында туулган. 1993-жылы мектепти бүтүрүп, Бишкектеги Ж. Баласагын атындагы КМУУнун журналистика факультетине өтүп, аны ийгиликтүү аяктаган. Эмгек жолун 1998-жылы «Асаба» гезитинен баштап, «Кыргыз Туусу», «Бишкек таймс», «Жаңы Агым» гезиттеринде, КТРКнын радио берүүлөрүндө эмгектенген. Өмүрүнүн акырында «Азаттык» радиосунда иштеген. «Жалгыздык» (1996-ж), «Мелмил» (2005-ж), «Нөлү көп жылдар» (2011-ж), «Жүрөктөгү бороон» (2019-ж.) китептердин автору. Бир топ ырларына обон жаралып, сыйлыкка татыган: КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Алыкул Осмонов атындагы адабий сыйлыктын лауреаты, ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун Басма сөз сыйлыгынын лауреаты.

Эки уул, эки кыздын атасы 29-апрелде көз жумган. Эл оозунда: «Жакын досу Кыргыз Эл акыны Элмирбек Иманалиевдин (9 күндөн кийин) артынан кетти» деп айтылып, жазылып келет…

Дайыма үчөөн чогуу эскерип келаткан Эркеайым эже…

Арты-артынан кеткен 3 акынды: Эрнис АСЕК уулун (1970-2020), Элмирбек ИМАНАЛИЕВди (1978-2020), Зайырбек АЖЫМАТОВду (1976-2020) дайыма эскерип, ырларын баракчаларына жайгаштырып, биз менен кошо кайгырып, кайгыбызды тең бөлүшүп келе жаткан акын Эркеайым БОТАЛИЕВАга терең ыраазычылык!

Эжебиздин күндөлүгүндөгү эскерүүлөрүнөн беребиз.

Мына, быйыл: Эрнис Асек уулу, Элмике (Элмирбек Иманалиев), Заке (Зайырбек Ажыматов), Ажыке (Чубак ажы) элин таштап кете беришти… Жаткан жериңер жайлуу болсун! Бейишин берсин жараткан!

2020-жыл

**

Залкардын залкарга арнаган ыры

Убагында ушул ырды кайдан көрүп окуганымды эстей албай койдум. Бул ырдын кимге арналганын Зайырбек Ажыматов акындын өзүнөн сурап алгам. «Заке, ушул ырды чыгара берейинчи… «Ырларым мен өлгөндөн кийин чыгат» деген турбайбы, Эрнис өзү деле» десем, «Эже, өзүңүз билиңиз, мен батынган жокмун» деген эле. «Көл тамчылары» группасына, Закенин көзү тирүүсүндө Эрнистин ушул ырын чыгаргам. Азыр баракчама койгум келди.

З.га

Келесиң караңгы көчө менен,

кемшейген жетим тамдар карашат карааныңды.

Билишпейт жетим тамдар, билишпейт жылдыз,

асман кай жакка бараарыңды.

Келесиң асман батпай көөдөнүңө,

ыйың батпай көздөрүңө,

ырың батпай сөздөрүңө,

сырың батпай…

Калсачы таңың атпай, күнүң батпай…

Жонуңда жокчулугуң, оюңда токчулугуң

туйлашып көкүрөктө жулмалашып.

Бирине-бири болуп азап кайгы,

жолдору турса дагы болуп айры…

Келесиң дарман калбай, арман калып.

Жан дилде адам калбайайласыз кадам калып,

Келесиң… келесиң Сен…

Акыр-чикир калдыгындай үйүп салчы мастыкты,

түбү терең түйүнчөктө түйүп салчы.

жаштыкты кетчи кезип, аалам кезип, жер кезип.

Эшилген кум — эрме чөлдүү, Эл кезип.

Кетчи, кетчи, кетчи Сен!

Дал ошондой даанышмандын турпатына жетчи Сен!

Жалгандын керемети, жашоонун дарамети

ошондо тизе бүгүп, ошондо тагдыр сага чөгөлөйттүр.

Көптү да эңсебеген, жакшыны тепсебеген

көңүлүң көкөлөйттүр…

Келесиң… келесиң сен…

Билемин бүт баарысын жеңесиң… жеңесиң сен!…

Эрнис АСЕК уулу. 1-март. 2000-жыл

Бул ырдын жазылганына 23 жыл болду. 2019-жылы Зайырбек иним өзү салган эле мага, «Назира эже, Эрнис байкемдин мага арнап жазган ыры» деп… Бул ыр тууралуу Зайыр инимден ажырагандан кийин эскерип жазгам. Бу ШИЛТЕМЕде.

«Өзгөчөлөрдүн өзгөчөсү» деп суктанып, сыйлап турчу элем…

2019 -жылдын 22-майында, Кыргыз улуттук опера жана балет театрынын фойесинде залкарлардын сүрөттөрүн карап суктанып, ар бирине башымды ийип, таазим кылып тургам. Аңгыча эле төкмөлөрдүн төрөсү, Манас ата баштанган, Элмирбек айкөл чоролору менен ар бир залкардын тушуна токтоп, таазим кылып келе жатыптыр. Ызаат кыла жол бошотуп, четке чыга бердим.

Аттиң, ушу менин өтүмсүз чоркоктугум ай, тартынчаактыгым ай! Менден башка бирөө болгондо, алдынан чыккан айкөлдүн колун кармап учурашып, таанышып, сүрөткө түшүп, өз оозунан бир жылуу сөз угуп калбайт беле десең… Жетишем дедим да. Кудай буюрса, дагы жолугушчу күндөр бар дедим да…Табиятымдан тартынчаак жаным, эр кишинин жолун тоспоюн дебедимби…

Элмике айкөл менен эки жолу кезиктим. Биринчиси — Кыргыз улуттук конверваториясында, Акматбек Султан уулунун концертинде. Экинчиси опера жана балет театрында. Эки жолу тең жараткан жол берген экен, бирок тартынчаактыгымдын айынан маңдайына басып барып учураша албапмын. «Өзгөчөлөрдүн өзгөчөсү» деп суктанып, тамшанып, аярлап сыйлап турчу элем. Айкөлдөр өлбөйт. Элдин батасын алган адам өлбөйт. Элдин чыныгы мээримдүү, күйөрман уулу өлбөйт дептирмин. Жатканың булак, жакканың чырак болсун, айкөл уул! Артың кайрылуу болсун! Жараткан бейишин берсин, Элмике!

21.04.20

Канаты кайрылган карлыгачтар

Канаты кайрылган карлыгачтар, кайгыңыздарды жүз пайыз түшүнөм. «Эмнеге жакшы адамдар эрте кетет?» деп ыйлагам… Наз, жолдошуң жөнүндө жазгандарыңды окуп, аябай ыйлагам. Өз тагдырыма окшоштуруп ыйлагам…

Өз башымдан өткөн үчүн болсо керек, артында армандап калган аялдарын ойлоп, кейип, кайгыра берем. Жолдошунан ажырап калган адамга бул кайгы өмүр бою өксүк. Баарын түшүнөм. Кайрат кылыңыздар жакшыларым, үйдүн жарыгы төрдүн көркү, балдардын жөлөгү болуп узак өмүр сүрүңүздөр! Жолдошторуңардын чыгармаларын жарыкка чыгарып окурмандарына мыкты белек кылуудасыңар. Буйруса, дагы калганын күтөбүз.

2021-жыл

Тагдырлаш экенбиз…

Көрсө, Эркеайым эже менен тагдырлаш экенбиз. Эжебиз да жолдошунан эрте калыптыр… Жолдошунун аты да Зайыр экен…

Эжебиздин ырлары казак, түрк тилдерине которулган. Бир топ ырларына обон чыккан. Жакында эле суроолор боюнча ушул ырын жазды. Жүрөк сыздайт!

ТАГДЫРЫМ БЕЛЕ

Тагдырым беле жашоодо жалгыз калаарым,

Жан дүйнөм ооруп жагымсыз жандай жашаарым.

Жакыным болуп ыр дүйнөм эгер болбосо,

Жоголуп сезим дайыным таппай калмакмын.

Тагдырдын далай уусун да балын татыдым,

Таймашып кээде дос-туугандан айрылдым

Кесилбей тушоом унутта балким калгандыр,

Болбосо неге жолунан түптүз, чалындым?

Тагдырым беле өмүрдө өксүп жашаарым,

Жандабай жарды жалгызсырап калаарым.

Өрттөнүп сезим жан дүйнөм күйүп жалындап,

Өтөөрмүн өксүп жабылып жашоо барагым .

26.04.23

Жолдошунан эрте калып, үч уул, бир кызды бутунан тургузган Эркеайым эже тууралуу эми өзүнчө чоң сөз. Буйруса, жакында маегин, ырларын жарыялайбыз. Бар болуңуз, эже! Сиздердей жакшы адамдар турганда, чыгармачыл адамдардын аты эч качан өчпөйт!

БАЛДАРЫМА

Төрт  үмүтүм, төрт тилегим, кубатым,

Төлгө таштай көз алдымда турасың.

Төртөөңдө төрт бөлүнгөн мен бармын,

Төп болсо экен абийир, намыс, уятың.

 

Кайда жүрсөң кан-жаныңда өргүгөн,

Катарлашып ар бириңде мен жүрөм.

Жыгылсаңар менин тизем сыйрылып,

Жылмайсаңар силер менен тең күлөм.

 

Көнбөгүлө өлүк дүйнө жыйганга,

Көнбөгүлө атак, мансап кууганга.

Алың жетсе ээрчит байлык, бийликти,

Асти өзүң аларды ээрчип булганба.

 

Аргымактай туйлайт доор түтөгөн,

Акыл, эмгек, билим баркы күчөгөн.

Мезгилдерге  ыргыткыла чалманы,

Мен силердин ар бириңе ишенем.

 

Жүдөсөң да кээде тийбей белегиң,

Жүрөгүңөр сынбасын түк эгерим.

Ушул менин тутунган бир урааным:

“Убактылуу чегинсем да жеңемин!”

 

Билесиңер биримдикте сыр турат,

Бекем болсун ортоңордо ынтымак.

Кокусунан каршылашып калсаңар,

Кайран жаным бырчаланар чыркырап.

 

Өлбөйм эми, өтөт жаным силерге,

Өзүңөрдү жан, дил менен сүйөргө.

Көңүлүмдү сыздаткыңар келбесе,

Көппө, чөкпө, душманга да түнөрбө.

 

Төрт кайратым, төрт үмүтүм — балдарым,

Тазалыктан, калыстыктан тайбагын.

Эгер чындап мени аяйм десеңер,

Аягыла өзүңөрдү ар дайым!

Зайырбек АЖЫМАТОВ 

ПЕНДЕЛЕР МАРШЫ

Мезгилдин агымында калдалактап,

Мен да, сен да, ал дагы карбаластап,

Агып бара жатабыз кайда, кайда…

Асыл, асыл күндөрдү чаңга таштап.

 

Көр тирлик эй, көргө көр жетеленип,

Көрө албастык, ач көздүк, текеберлик,

Көмкөрүлүп турса да үстүбүздө,

Көрбөй койдук, көрмөксөн кете бердик.

 

Жалганынан чындыгын айрый алгыс,

Оо не деген өмүрсүң, кайрый алгыс?!

Ийинибиз тийишип турган менен,

Иңир соруп баратат жалгыз, жалгыз…

 

Пенде экенбиз кантели өлүп-талып,

Периштесин пейилдин көмүп салдык.

Басып жүргөн боюнча өлүп калдык,

Байкабайбыз ошого көнүп калдык…

 

Алганыбыз көп болду, беребизби?

Келген жээкке кетирдик кемебизди.

Күүгүм кирип келатат, мен жалгызмын,

Күн чыкканда биз чогуу келебизби…

 

Ар адамды ар жерде арал кылып,

Арабызда коюулайт караңгылык.

Табыша албай калганча үн каталы,

Таап алалы адамды адам кылып.

Элмирбек ИМАНАЛИЕВ

Башат

«Ойлон. Ойлон. Ойлонгун.

Күтпө. Күткүн. Толгонгун.

“Келди” дебе, “Кетти” дебе эч качан,

мен боломун жана бармын, болгонмун»

деп «Каалга» китебинде жазгандай, биз үчүн алар бар. Дегеним, Эркеайым эжеге окшогон алтын адамдардын, группалаш, курсташтар, журналист, акын, таанып-билгендердин эскерүүлөрүндө, китептеринде, ырларында Эрнис, Элмирбек, Зайырбек жашайт.

Зайырбек инимдин жубайы Анархан бүгүн кыздары менен «Ала Арча» көрүстөнүндөгү Зайырдын бейитине барып, гүл коюп, куран окуп келишти… Анархан, балдарың менен аман бол! Өмүрүңөр узун болсун!

Назира СААЛИЕВА

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.