ВИДЕО — Канышай МАМЫРКУЛОВА: «Журналисттерди бөлүп-жаруу 30 жылда болгон эмес…»

ВИДЕО — Канышай МАМЫРКУЛОВА: «Журналисттерди бөлүп-жаруу 30 жылда болгон эмес…»

Адахан МАДУМАРОВ: «Сөз эркиндиги коом үчүн эң актуалдуу маселе»

Кечээ, 26-майда «Бүтүн Кыргызстан» фракциясы «Кыргызстандагы сөз эркиндигинин Конституциядагы кепилдиктери жана учурдагы түзүлгөн кырдаал» боюнча жыйын өткөрүп, ага катышкан Министрлер кабинети, Жогорку сот, Күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү, Акыйкатчы орун басары, бир катар ЖМК жетекчилери, медиа-эксперттер жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү Кыргызстандагы сөз эркиндигинин абалы, коомдук талкууга коюлган “Массалык маалымат каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоорунун күнгөй-тескейинен кеп козгошту.

Алсак, конституциялык эң бир маанилүү кепилдиктердин бири болгон сөз эркиндиги коом үчүн эң актуалдуу бойдон каларын белгилеген «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери Адахан Мадумаров ошол сөз эркиндигинин учурдагы абалы бир катар ЖМК өкүлдөрүнүн сунушу менен талкууланып жатканын билдирди.

Талкууга катышкан «Медиа полиси Институту» коомдук фондунун юристи Нурбек Сыдыков, «Арча Медиа» басылмасынын башкы продюсери Дмитрий Ложников, көз карандысыз, эркин журналисттер Аскер Сакыбаева, Канышай Мамыркуловалар сөз эркиндиги боюнча баяндама жасашып, сунушталып жаткан «Массалык маалымат каражаттары жөнүндө» мыйзамдын жаңы долбоорун иштеп чыгуу учурунда журналисттер сунуштары, сын-пикирлери эске алынбаганын айтып чыгышты.

Дмитрий ЛОЖНИКОВ: «Журналисты борются с ложной информацией, манипуляцией и пропагандой»

Маселен, Дмитрий Ложниковдун айтымында, президент Садыр Жапаров медиа коомчулук менен жолугуп, жумушчу топтун пикирин эске алышы керек! Себеби бул мыйзам долбоорун даярдоодо алешемдиктер кёп кеткен, ал учурунда да айтылган, бирок аткарылган эмес. Бир эле мисал, 2022-жылдын 15-ноябрында медиакоомчулукт парламент депутаттары, президенттик администрация, эл аралык уюмдар катышуусунда өткөн тегерек столдо Мурат Укушов (президенттин жана министрлер кабинетинин укуктук жактан камсыз кылуу башкармалыгынын начальниги. Президенттин Жарлыгы менен 2021-жылы жетекчи болуп дайындалган — авт. ) «ЖМК тууралуу» мыйзам долбоору корутунду чыгарып берүү үчүн Венеция комиссиясына жиберилет деп милдеттенме алган. Бирок бул иш аткарылган эмес! Дмитрий бул мыйзам кесипкөй журналистиканы жок кылууга гана багытталып, бийлик профессионал журналисттерди жок кылып, жаңы мыйзамдар жардамы менен медиа айдыңда мамлекеттик каналдарды, өкмөтчүл ММКларды, троллдорду, фейктерди жана блоггерлерди гана калтырууга аракет кылып жатат деди.

«Мы ощущаем на себе давление в последние два года. Если раньше это было точечно, то сегодня это происходит систематически. В первую очередь принятием законов. Все эти законы направлены против профессиональной журналистики, а не против блогеров и рядовых пользователей, которые пишут всякие гадости. Если примут этот закон, часть СМИ перестанут существовать, оставшиеся будут цензурировать свою работу. Уважаемые чиновники, вы в каком информационном пузыре собираетесь жить? Вы когда начинаете свой рабочий день что вы читаете? “Азаттык” вы уже не читаете, сайт заблокирован. Вы читаете Kaktus.media, 24.kg, Factcheck.kg, Bulak.kg, вы смотрите Апрель. Исходя из того, что пишут профессиональные журналисты, вы принимаете решение. Более-менее адекватное решение. Не всегда, но все же. Вы теперь будете принимать решение исходя из того, что пишет Kabar или КТРК? Этот закон про то, чтобы убить профессиональную журналистику. Журналисты борются с ложной информацией, манипуляцией и пропагандой. Они работают над тем, чтобы донести правду до людей. Власть же борется с журналистами, всеми силами пытается уничтожить профессиональную журналистику и оставить с помощью новых законов лишь Госканалы, провластные СМИ, троллей, фейков и блогеров«, — дейт Д. Ложников.

Аскер САКЫБАЕВА: «Канат-бутагыбызды кыркып жатат»

Дмитрий Ложниковдун айткандарына толук кошулам, бул мыйзам менен кесипкөй журналисттерди жок кылуу аракети жүрүп жатат деген эркин журналист Аскер Сакыбаева: «Мурда айрым депутаттар, кээ бир президенттер ММКларды миллиондогон сомго жыгып келсе, азыр мыйзам аркылуу системалуу түрдө бардык тараптан канаттарды кесип жатат. Бийлик өз сөзүн, ишмердүүлүгүн элге жеткирүү үчүн фейктер менен иш алып барып жатат. Баарына окшош текст берилет, КТРК баштап ошону жайылтып олтурат. Биз ММКдагы жаңы мыйзамдарга, журналисттердин колу-бутун тушап жаткан нерсени айтып жатабыз«, — деди.
Кийинки талкуу сёзън уланткан Канышай Мамыркулова дагы кесиптештердин айткандарын толугу менен кубаттап, «Журналисттерди бөлүп-жаруу 30 жылда болгон эмес. Азыр саясаттагыдай эле журналисттер арасында да таасир талашуу жүрүп жатат» деди.

Албетте, сөз эркиндигинен пайдаланып аша чапкандар болуп жатканы да айтылып, бирок аларды тескеген  чаралар каралбай эле, чабуул кесипкөй ЖМК тарапка жасалып жатканы туура эместиги белгиленди. Журналист, фактчекер Асел Сооронбаева өз кесибин сыйлаган кесипкөй журналисттик этиканы, принциптерди карманып эле иштеп жатышканына токтолду.

«Медиа полиси Институту» коомдук фондунун юристи Нурбек Сыдыков коомдук талкууга чыгарылган ЖМК тууралуу мыйзам долбооруна журналисттерден турган жумушчу топтун сунуштары кирбей калганын, эгер учурдагы калыбында кабыл алынчу болсо, сөз эркиндигине кыйла терс таасирин берерин айтып, жүйөлөрүн келтирди.

Кыскасы, эмки кеп — «Бүтүн Кыргызстан» фракциясы уюштуруп берген талкуу жыйынтыгы кандайдыр бир олуттуу таасир берер-бербесинде. Неси болсо да, бул талкууда айтылган, айтылбай калган бардык алешемдиктер, кемчиликтер, сунуштар топтолуп, «ЖМК тууралуу» мыйзам долбоорун жеткире иштеп чыгуу боюнча жумушчу тобунун медикакоомчулук атынан чыккан мүчөлөрү президент  Садыр Жапаровго кайрылуу жолдошту.

Эл үнүн угуп же өзү барып, же башка салмактуу мекеме жетекчилерин тапшырма берип жиберип, маселелерди жеринде чечип жаткан президентибиз медиа коомчулуктун да үнүн угуп, балким, алардын да кайрылуусуна жооп берип калар…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.