БШК талапкер Улан Сариевдин да каттоосун жокко чыгарды

БШК талапкер Улан Сариевдин да каттоосун жокко чыгарды

Борбордук шайлоо комиссиясы 5-июндун кечинде бир мандаттуу Ленин округунан парламент депутаттыгына ат салышкан дагы бир талапкер Улан Сариевдин каттоосун жокко чыгарды.

Маалыматка караганда, 2-июнда БШКнын дарегине УКМКнын Бишкек башкармалыгынан Улан Сариев шайлоодо бир катар мыйзам бузууларга барган деген маалымат келип түшкөн. Ал шайлоочулардын добуштарын сатып алды, муниципалдык кызматчыны жана аймактык коомдук башкаруучу кызматкерди үгүт иштерине тартты, административдик ресурс пайдаланды, шайлоо фондунда каралбаган каражатты колдонду жана шайлоочуларды системалуу түрдө ташып келди деп шек саналган.

Комиссиянын жыйынында УКМКнын Бишкек боюнча башкармалыгынын өкүлү маалымат берди, ал Улан Сариевди кылмыш жоопкерчилигине тартууну сураган жок. Натыйжада БШК талапкер Улан Сариевдин каттоосун жокко чыгарды. Буга ал каражатты шайлоо фондун кыйгап өтүп пайдаланды деген негиз келтирилди. Талапкер Улан Сариев дагы шайлоо фондунда каралбаган 25 миңди сомду ижара акысына жумшаганын моюнуна алды.

Ага чейин жыйында БШК башка бир талапкер Дамира Ниязалиеванын каттоосун жокко чыгарып, аны кылмыш жообуна тартууга макулдук берген.

Бишкектин Ленин районундагы кайра шайлоо 28-майда өткөн.

Гүлгаакы ЖАКЫПОВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.