Биз тууралуу

Биздин сайт “Асаба kg plus” Жоопкерчилиги чектелген коомдун (ЖЧК) алдында ачылган. Багыты – Кыргызстанда жана ааламда болуп жаткан көрүнүштү алаканга салып, аны адилеттик, калыстык менен чагылдыруу жана жарык көргөн материалдарды факты жүзүндө так болушун камсыздоо. Такталбаган маалыматты чыгарбайт жана жарыялабайт.

Сайттын ээси жана редактору Саалиева Назира Жакшылыковна. Талас шаарында төрөлгөн. Талас районуна караштуу Арал айылындагы мектепти ийгиликтүү аяктаган.

Жогорку билимдүү. Бишкек Гуманитардык Университетиндеги Башкаруу жана социология факультетин бүтүргөн.

Кесиби – политолог.

Эмгек жолун “Бишкек таймс” коомдук-саясий гезиттен баштаган. Андан тышкары, “Кыргызстан маданияты”, “Баягы Асаба”, ”Аалам”, “Алиби”, “Назар”, “Де-факто”, “Пресс kg” коомдук-саясий гезиттеринде иштеген.

Эскертүү: Урматтуу кесиптештер! Биздин сайтка жарыяланган материалдарды колдонууда сөзсүз түрдө биздин сайттын шилтемесин бериңиздер! Уруксатсыз уурдамайга жана көчүрүп алууга жол жок!