Илимий кызматкерлер сыйланды. Куттуктайбыз!

Илимий кызматкерлер сыйланды. Куттуктайбыз!

Бүткүл дүйнөлүк Илим күнүнө жана Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин 100 жылдык мааракесине карата “Түрк дүйнөсү жана Жусуп Баласагын” аттуу Эл аралык II форум (10-ноябрда) болуп өттү.

Иш-чаранын максаты — улуу ойчул Жусуп Баласагындын руханий мурасын түрк элдеринин орток баалуулугу катары даңазалоо жана түрк дүйнөсүндөгү маданий, илимий байланыштарды чыңдоо.
Иш-чаранын куттуктоо бөлүгүндө Кыргыз эл жазуучусу, Эл аралык TURKSOY уюмунун башкы катчысы Султан Раев сөз сүйлөп, Жусуп Баласагындын Түрк дүйнөсүндөгү орду жана келечектеги ролуна токтолду.
Иш-чарага Кыргызстан, Түркия, Казакстан, Азербайжан, Өзбекстан жана башка түрк тилдүү өлкөлөрдүн белгилүү окумуштуулары, профессорлор, жаш изилдөөчүлөр катышышты. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу УИАнын Б. Юнусалиев атындагы Тил илими институтунун Түркология бөлүмүнүн башчысы ф.и.д. проф. Сымбат Садыкова “Профессор Сагалы Сыдыков жана Жусуп Баласагындын “Куттуу Билими”” деген темада пленардык жыйында маанилүү баяндама жасады.
Муну менен бирге Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу УИАнын Б. Юнусалиев атындагы Тил илими институтунун Түркология бөлүмүнүн ага илимий кызматкери Жунушалиева Гүлгаакы Жайчиевнага Ж.Баласагын атындагы КУУнун Филология факультетинин илимий иш чараларына жана Түрк дүйнөсүндөгү изилдөөлөр боюнча ар түрдүү эл аралык илимий симпозиумдардын, форумдардын активдүү баяндамачысы жана катышуучусу катары көп жылдык эмгегин баалап, Эл аралык TURKSOY уюмунун башкы катчысы Султан Раев “ЫРААЗЫЧЫЛЫК КАТ” тапшырды.
Кесиптештерибизге бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт, чыгармачылык жигер, илимий жетишкендик каалайбыз!
Б. Юнусалиев атындагы Тил илими институту

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.