Белгилүү журналист Назира Аалы кызы шаарда чоңоюп, өскөнү менен оштоңдоп орусча сүйлөбөгөнү, обу жок бой көтөрбөгөнү жагат. Кыргыз тилин нукура сөз менен сүйлөйт. Өтө жөнөкөй, маданияттуу.
Анын туулган күнү болуп өттү. “Менин ардактуу досторум! Жеке кайрылып, жалпыга жазып куттук — каалоо айтып көңүл көтөргөнүңүздөр үчүн ыраазычылык билдирем. Ар бир Досум мен үчүн ардактуу. Аманчылыкта болуңуздар!” деп баштаптыр Аалы кызы Назира. Төмөнкү жазгандары өтө кызык.
Назираны алгач дагы бир жолу туулган күнү жана келе жаткан майрамы менен куттуктайлы!
Үч жыл мурун…
— Үч жыл мурун ноябрга ода ырдапмын. Жаңысын жазбайм, анткени Ноябрь жөнүндө үч жылдан бери пикирим өзгөргөн жок. Андыктан ошол одамды дагы бир жолу ырдайын.
Ноябрга ода…
— Кымбаттуу менин торбетиндеги досторум, агайлар, эжекелер, апалар, аталар, сиңдилер, инилер, кесиптештер жана кешиктештер! Бирөөнүн жашоосу бирөөгө өтө деле кызык болбосо керек, бирок, бүгүн, жети дубандан, чет жакада жүргөн, өмүрү жети атам тааныбаган Досторум эң сонун каалоо-тилек айтып, куттукташты, андыктан бардыгыңыздарга ыраазычылык айтып, жылуу сөздөр менен жылытканыңарга ыракмат айткым келип туру!
“Туулган күнүмдү ата-энеме мен эстеткен күн болду”
— Биздин үйдө туулган күн мен эс тарткыча маанилүү майрам катары деле эсептелчү эмес. Атургай туулган күнүмдү ата-энем унутуп калып, мен эстеткен күндөр көп эле болгон. Меники эле эмес, өздөрүнүкүн деле белгилешчү эмес. Атам Аалы минтип айтчу: “туулган күн дегенди кыргыз баласы он эки жылда бир белгилейт, жыл сайын эле туулдум деп майрам кыла бермек беле, жер шаарында жети миллиард эл, күндө туулган күн белгилесе, Кудай урбайбы” десе, мен ошону эп көрүп, жер шаарындагы эл топурап, топон суудай агылып, дүкөндөрдү каптап, белек-бечкек алып дуулдап жатканын элестетип коркуп да кетчүмүн. Көрсө, атамдын атасы Молдокан чоң атам, ага да ошону айтчу экен. Кийин чоң атамдын жетимиш жылдыгын белгилейли деп чогулсак, ал минтип айтты: ”Кудай өмүр берсе, чыгат жетимишке, анын эмнесине эл чогултуп той кылам, жаш менен дагы киши мактанабы? Баланча жашка чыккан эмине, эмгек бекен? Ал Жараткандын иши, Жараткандын буйругу. Жаш берсе чыгат”,- деп той өткөртпөй койгон жарыктык киши. Мына атам Аалы дагы алтымыштан ашып отурат, той берели десек, айтат: ”тойдун баары окшош, төрдө сөөлөттөнүп отуруп алып, чапан-чупан жапкан жасалма, анан жадатма сөздөрдү угуп отура албайм, кылсаңар өзүңөр кыла бергиле мен жок”,- дейт. “Мен андан көрө Солтон-Сарыдагы өзүм төрөлгөн Соку-Ташка барам”,- дейт. Элестетсеңер, юбиляр өзү жок, топурап той берип жүргөнүбүздү. Мен кичине четтеп кеттим окшойт.
Торбетинин ары жагында клавишаны каккылап, куттук айткан Досторума эмнегедир ушул күнү, өзүм жөнүндө кичинекей баян куруп бергим келип турат. Көпчүлүгүүңүздөр жарым кылым билген, жакын тааныштай жакшы жазыпсыңар, баардыгыңыздар менен чогуу отуруп чай ичип, дасторкон үстүндө отуруп сүйлөшкөн сөздөй кабыл алып койуңуздар.
“Ошол учурда Назира деген ат мода болуптур”
— Күтүрөгөн күз айында, Фрунзе шаарында, бир өзбектин батиринде турган Аалы жана Шайым аттуу студенттердин үйүндө ушул күнү 2 кг.700гр. салмагында кыз төрөлөт. Аалы кызына Алтынай деген ат коем десе, келинчеги кежирленип болбой коет. Ошол учурда Назира деген ат мода болгон имиш. Жыйырма бирдеги Шайым, эртең эчен жыл өткөндөн кийин жалаң Назиралар жабырап кетээрин ойлоп да койгон жок да. Мисалы, мен мектепте окуп жүргөндө аттан жүдөгөн учур көп болду. Бир класста алты Назира бар деңиз. Анан аларды классташтары кантип ажыратат? Биринин фамилиясын кошот, экинчисин эркелетет, а мени болсо “семиз Назира” дешет. Мен арданам. Атам Кочкордон, үйдөн эт, май үзүлбөйт, апам Таластан, эки күндүн биринде күлчө кылат. Куйрук менен оозанып, завтракка камыр жеген кыз, кантип анан арык болуусу мүмкүн эле. Кымча бел кыз болуп чоңойууга менде такыр шанс жок болчу. “Эки гил жети жүз кылып эле кичинекей төрөдү элем, эмнеге эби жок семирип кеттиң” деп апам дале нааразы. Түштөн кийин. Мен болсо кичинемде, “бир аз чыдап жетисинде эле төрөбөйт белеңиз, үч күн коё туруп, туулган күнүм парадга туш келмек” деп мен апамды күнөөлөп коём . Параддарды сагындым. Фрунземдин жытын сагындым. Фрунзе деген атын сагындым. Ошол мезгилдер жок дегенде түшкө кирип койсочу…
“Ноябрь күздүн сүрү, кыштын жыты…”
— Ноябрь. Октябрь арсар ай, бир ысыйт, бир муздайт, бир туруп жазга окшоп, бир туруп жай болот. Ал эми ноябрь — күздүн сүрү көрүнүп, кыштын жыты кичинеден жыттана баштайт. Жаңы жыл жакындайт. Бала кезде Жаңы жыл дагы жомоктой эле. Мандарин декабрь айында кана желчү. Андыктан мага декабрь азырга чейин мандарин жыттанат. Ноябрь айынын түсү кызыл.
Бардыгыңарга жакшылык каалап, ыраазычылык билдирем!
Назира ААЛЫ кызы